00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кибермошенничество, ИИ и личные данные: что меняет цифровой кодекс КР
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Түшүмдүүлүк 20 пайызга жогорулайт - Өкмөт күзгү дан айдоону колго алууда
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мектептерде зомбулукту азайтуу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эки жумада 2709 кайрылуу түшкөн – Эми айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырса болот
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Промышленная кооперация в ЕАЭС: в какие проекты может попасть Кыргызстан?
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Рост ОРВИ и грипп в Кыргызстане: как защитить детей этой зимой?
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Биз курган үйлөр ЕАЭБ мамлекеттериндеги туризмди өнүктүрүүгө көмөктөш боло алат
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
О вкладе российских ученых в изучение эпоса «Манас»
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Айтматовдун феномени эмнеде? Жазуучу тууралуу маек
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баңгиге айланып баратат, досумду кантип сактап калам? Жигиттин каты

© Фото / Pexels / John MatthewТүнкү клубда жүргөн жигит. Архивдик сүрөт
Түнкү клубда жүргөн жигит. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына досу синтетикалык баңгизатын колдонуп тагдырын талкалап алганын айтып кайрылган жигиттин каты жарыяланат.
Саламатсыздарбы! Менин сиздерге кат жазуума досумдун жан кейиткен тагдыры себеп болууда. Биз борбордогу жогорку окуу жайларынын биринде чогуу окучубуз. Университетти бүтөрүбүзгө аз эле калды. Досум да так илимдерди мыкты өздөштүргөн, келечеги бар жигит эле. Экөөбүз тең алдыга көп пландарды коюп, кыялданчубуз. Бирок досум кыз жандуу, түнкү клубдарда көңүл ачканды башынан жакшы көрчү. Ошентип жүрүп менден алыстай баштаган. Окууга да мурункудай кызыкпай, сабакка көп келбей жүрүп чыгып кетти. Сурасам, бир жерде иштеп жатканын айткан.
Көрсө, башын балээге малып алыптыр. Жеңил синтетикалык баңгизатын түнкү эс алуулардын биринде кызыгып татып көргөн экен. Ошентип бат эле көнүп кетип, акча таппай кыйналып, ар кимден карыз ала берген. Иши кылып бир балээден кутулууну көздөп, улам бир тузакка чалынып отуруп азыр сазга баткан абалда турат. Мен кантип жардам беришти билбейм. Баары кеч болуп калды окшойт. Мурунку досум жок. Азыр такыр башка адам болуп өзгөрүп бара жатат. Андай заттарды колдонгондон кийин адамдын ден соолугу талкаланып, оорудан башы чыкпай калат экен. Азыр сөөктөрү, бүт денеси ооруп жатканын айтат. Жакындарынан да качып калды. Туугандарына барып анын абалын айтайын десем, өзү болбойт. Көз алдымда досумду жоготуп жатам, кантсем болот? Бир жылдын ичинде эле ушундай абалга түшүп калды. Туура эмес кылганын, адашканын өзү түшүнүп турат, бирок айласы жок.
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Менин божомолумда каттын ээси 21-22 жаш курактагы улан экен. Өспүрүм курактын белгилери 25 жашка чейин созулат. Баңгизатка жана алкоголдук ичимдикке берилүүнү "оору" деп гана эсептеш керек. Организмдин ага тартылуусу, көнүп кетүү синдрому — ошол адамдын баңгизатка болгон деградациясы деп айтылат. Эгер бир жумада бир эле жолу колдонсо, орточо баскычы болуп эсептелинет. Ал эми күндө колдонсо оор баскычка кирет. Дагы бир жаман жери — мындай жеңил синтетикалык баңгизаттарды бир колдонгондон кийин улам оорлоруна өтө баштайт. Себеби организм ошону талап кылат. Сөөктөрдүн жан сыздаткан оорусун басуу үчүн улам күчтүүсүнө өтө башташат. Ошондуктан наркологго жана психотерапевтке кайрылуу керек. Ушул адистер досуңузга жардам бере алышат. Ар бир адам андан чыгууга өзү да аракет кылышы керек. Антпесе аягы жакшы бүтпөйт.
Мектеп психологу Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Балдар психологу: азыр окуучуга эле эмес, мугалимге да күчтүү психолог керек
Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Окуучу кезде кодуланганымдын азабын азыр да тартып келем. Үй-бүлөлүү жигиттин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0