Киевди батыш куралдары менен тынымсыз жабдуунун түпкү максаты эмне?

© AP Photo / Nariman El-MoftyУкраина аскери Львовдо машыгуу учурунда
Украина аскери Львовдо машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Жазылуу
АКШ жана НАТО Россия менен болгон геосаясий күрөштө Украинаны садага чабууда. Ошол себептен алар үчүн украиналык жайкын жарандар үчүн гуманитардык жардам берүүнүн ордуна киевдик режимди курал менен жабдууга басым жасашат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар Украинаны Батыштын курал менен жабдуу аракеттерине сереп cалган.
29-мартта РФтин коргоо министри Сергей Шойгу: "Украинага учак жана абадан коргонуу тутумдарын берүүнү көздөгөн НАТОнун айрым өлкөлөрүнүн лидерлеринин билдирүүлөрүнө көз салып жатабыз. Эгер алардын айткандары ишке ашырылса, биз да акыл калчоо менен чара көрөбүз", — деди. Шойгу бул билдирүүсү менен Украинадагы аскердик техника ыкчам жана таамай жок кылынарын кепилдегендей болду.
Түндүк атлантикалык альянстын айрым мүчөлөрү Украина Куралдуу күчтөрүнө берилчү батыш куралдарын өз аймагында кармоодон чочулашат өңдүү. Анткени жакында эле Болгария, Венгрия жана Румыния бортунда түркиялык Bayraktar TB2нин жаңы партиясы жүктөлгөн украиналык транспорттук учак үчүн аба мейкиндигин берүүдөн баш тартты. Киевдик режим үчүн бул жакшы жышаан эмес.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россиянын өкүлү Василий Небензя DHL машиналарында Украинага батыштын куралдарын ташып, ошондой эле транспортторду медициналык белги коюп алып пайдаланылып жаткан учурлар тууралуу маалымдады.
Небензя айтпай кеткен дагы бир жагдай бар. Куралдар "инкассатордук" машиналар менен да ташылып жатканына Украинанын жолдорунда табылган алардын сынган тетиктери тастыктап турат. Россия Куралдуу күчтөрүнүн космостук, аба жана радиотехникалык чалгындоо кызматы Батыштагы "өнөктөштөрүнүн" мындай активдүүлүгүнө күнү-түнү көз салууда.
Украиналык президент Владимир Зеленский да НАТОдон ар бир жүзүнчү танк жана учагын берүүнү өтүнгөнү белгилүү эмеспи. Кыязы киевдик режимдин абалы таптакыр начарлап бараткандай. Бирок батыш куралдары менен камсыздалса да, ал түзөлүп кетпеси айкын.
Россиянын Ка-52 чалгындоочу-сокку уруучу тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
"Аллигатордун" артыкчылыгы. Россиялык Ка-52 тик учактарына мүнөздөмө
РФ Куралдуу күчтөрүнүн атайын операцияларынын максаты – Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо өзгөрүүсүз калат. Киевдик режимдин багынып бериши – РФтин атайын аскердик операциясынын бирден-бир болжолдуу финалы. Батыштагылар өздөрү деле Украина Куралдуу күчтөрүн кайра куралдандыруусу анын толук кыйрашына алып келерин түшүнүп, бирок ушул жол менен Россиянын коргоо дараметин чабалдатууну көздөп турушат.
24-февралдан бери эле Батыш өлкөлөрү Украина Куралдуу күчтөрүн курал-жарактын 5000 бирдиги, анын ичинде артиллерия, танкка каршы зениттик комплекстер менен камсыздаган. РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам башкармалыгынын маалыматы боюнча киевдик режим 109 артиллериялык курал, танкка каршы 3800 каражат ("Жавелин", "Милан", "Конкурс", "Энлав" , "Панцерфауст", "М-72"), ошондой эле "Стингер", "Игла" көчмө зениттик ракеталык комплекстерине ээ болду.
Польшанын Украина менен чек арасынан 80 чакырым аралыктагы Жешув аэропорту дал ушул багыттагы жүк которуштуруп жүктөөчү пунктуна айланып калгандай. Тегин жерден бул жакка америкалык президент Жозеф Байден келбегендир.
Германия да буга чейин танкка каршы реактивдүү "Матадор" (RGW90 Matador) гранатомётторунан 2650 бирдик берген болсо, майдын аягына чейин Украина Куралдуу күчтөрүн дагы 2450 гранатомёт менен камсыздоону пландоодо.
Британиялык премьер-министр Борис Жонсон Украинага мындан да кооптуу, "ыраак аралыктан жабыркатуучу куралдарды", атап айтканда, өзү жүрүүчү AS-90 гаубицаларын берерин жар салды. Бул үлкөн өлкөнүн коргоо министри Бен Уоллес 26-мартта Challenger танктарынын берилишинен пайда жок экенин, андан көрө алардан кем калышпаган Starstreak көчмө зениттик ракеталык комплекстеринен дагы кошумчалай турганын убада кылды. Айтымында, аскердик мүнөздөмөлөрү эч кем калышпайт. АКШ, Түркия жана Польша Украинаны учкучсуздарга байытууда. Кошмо Штаттар Украина Куралдуу күчтөрүн кайра куралдандырууга миллиарддаган доллар бөлүүгө белсенди. Ошентсе да азырынча ал – киевдик режимди аскердик тик учактар менен камсыздап жаткан жалгыз мамлекет.
The Wall Street Journal басылмасы АКШ Украинага ондогон жылдар мурун тымызын сатып алган советтик өндүрүштөгү абадан коргоо тутуму менен жабдый турганын кабарлады. Америкалыктар жана алардын союздаштары өтө зарыл жардам иретинде Украина Куралдуу күчтөрүнө советтик өндүрүштөгү С-300В жана С-300П, "Оса-АКМ", "Стрела-3" зениттик ракеталык комплекстеринин партиясын жөнөткөнү маалым.
Мариуполдогу россиялык аскердик техника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жагдайы: бир айдын жыйынтыгы жана кийинки этапка сереп
Military Watch басылмасы Болгария, Венгрия, Словакия, Чехия, Түндүк Македония жана Польша киевдик режимге Т-72нин ар кыл модификациясындагы 860тан ашуун танкты бериши мүмкүн экенин жазып чыкты. Бирок Украина Куралдуу күчтөрүнүн ушундай эле сандагы танк бирдиги бир ай ичинде өрттөлүп же күрөш талаасына калтырылган. Ошондуктан батыш камсыздаган техниканын саны да, сапаты да "россиялык аскерлерге айбат көрсөтүүгө мүмкүндүк түзө албайт".
Технологиялык жактан эскилиги жеткен курал-жарактар Россия менен Украинанын аскердик дараметинин айырмасын өзгөртө албайт. Россиялык аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн объектилери жана батыш камсыздаган куралдардын таш-талканын чыгарып, арсенал жана базаларга, анын ичинде импорттолгон көчмө зениттик жана танкка каршы ракеталык комплекстери сакталган жерлерге күн сайын таамай сокку урууда. РФ Коргоо министрлиги Украинанын бардык аймагындагы аракеттеринин жыйынтыктарын улам ачык жарыялоодо.
Пентагондун баамында атайын аскердик операция башталгандан бери РФ ар кыл типтеги 1370тен ашуун ракета колдонгон. Анткен менен кеп санында эмес, Россиянын технологиялык артыкчылыгы жана күчтүү ракеталарында. Өткөн суткаларда эле Украинанын 64 аскердик объектиси жок кылынды: Николаев облусундагы Украина Атайын операциялар күчтөрүнүн башкармалыгынын үч түйүнү жана штабы, Житомир облусунда үч С-300 зениттик ракеталык комплекси, Ровен облусунда украиналык Су-24 бомбалоочусу, ошондой эле Донбасста эки "Бук-М1" зениттик ракеталык комплекси, ракеталык-артиллериялык куралдарынын эки арсеналы, күйүүчү май сакталган эки ири базасы жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн 10 учкучсузу жок кылынган. 25-мартта түркиялык өндүрүштөгү 36 бирдик "Байрактар ТБ2" учкучсузунан бирөө гана калган.
РФ Куралдуу күчтөрү атайын аскердик операция башталгандан бери 124 учак, 77 тик учак, 214 зениттик ракеталык комплекс, 321 учкучсуз аппарат, 1752 танк жана башка ок өтпөс унаа, залптык октун реактивдүү тутумунун 184 орнотмосун 734 талаа артиллерия куралын жок кылган. Ушундай статистика Украина Куралдуу күчтөрүнүн мындан ары каршылык көрсөтүүгө дарманы келбегенин жана киевдик режимге көрсөтүлгөн батыштын жардамынын майнапсыз экенин айгинелеп турат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Кара деңиз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Украиналык миналар кайда агууда? Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0