Айлана жашылданып, бак-дарак гүлүн ачууда. Сулайман-Тоонун суктанткан жазы видеодо

© Sputnik / Акылбек БатырбековСулайман-Тоо. Архив
Сулайман-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Сулайман-Тоонун суктанткан жазын тартып келди. Бул тоонун боорундагы бак-дарак гүлүн ачып, жер көккө оронуп калган.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси кооздугу жана карт тарыхы менен суктандырып келет. Калаадагы көзгө басар туристтик жай болуп саналат.
@sputnik.kyrgyzstan Айлана жашылданып, бактар гүлүн ачууда. Сулайман-Тоонун суктанткан жазы видеодо #сулаймантоо #жаз #ош #кыргызстан ♬ оригинальный звук - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Дүйнөлүк банк тарабынан Сулайман-Тоонун инфраструктурасын жакшыртууга 4 миллион доллар бөлүндү. Ал каражатка музейдин имараты, экспозициялык залдары, туристтик жолдору оңдолот. Жарыктандырылып, автоунаа токтотуучу жайлар салынат. Мындан башка да бир топ иштер пландалган.
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 2009-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.
Ош шаарына Өзбекстандын Анжиян облусунан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Анжиян Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0