Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Мединский: Украина Крым менен Донбассты кайтаруу аракетинен баш тартууда

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президентинин жардамчысы, россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский
Россия президентинин жардамчысы, россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Россия Украинанын Евробиримдикке киришине каршы эместигин айткан.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Киев аскердик жол менен Крым жана Донбассты кайтарып алуу аракетинен баш тартып жатат. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы, россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский билдирди.
Бүгүн, 29-мартта, Түркиянын Стамбул шаарында Россия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү өттү.
Мединский төмөнкүлөрдү айтты:
Украина аскердик биримдикке кирүүдөн, чет өлкөлүк аскер базаларын, контингенттерин жайгаштыруудан, кепилдик-мамлекеттердин макулдугусуз Украинанын аймагында машыгуу өткөрүүдөн баш тартууда. Бул мамлекеттерге Россия дагы кирет;
Украинанын коопсуздук кепилдиги боюнча сунушу Крым жана Донбасстын аймагына жайылтылбайт;
Россия Украинанын Евробиримдикке киришине каршы эмес.
РИА Новостинин маалыматы боюнча, учурда россиялык делегация Стамбулдан Москвага кайтып жатат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Дэрдин куралдуу күчтөрүнүн танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Киев менен Черниговдогу аскердик аракеттерин азайтат
Жаңылыктар түрмөгү
0