Экономист Сарыбаев: газдын рубль менен сатылышынан Кыргызстан пайда гана көрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин газ үчүн төлөмдөрдү рублге которууну 31-мартка чейин бүтүрүүнү тапшырган.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев Россиянын газды Батыш өлкөлөрүнө рубль менен сатуусу Кыргызстанга кандай таасир этерин айтып берди.
Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин газ үчүн төлөмдөрдү рублге которууну 31-мартка чейин бүтүрүүнү тапшырган. Өкмөт Россия банкы жана "Газпром" ААКсы менен бирдикте Евробиримдиктин өлкөлөрүнө жана Россиянын жарандарына карата чектөө киргизген башка мамлекеттерге жаратылыш газын рубль менен сатуу боюнча комплекстүү чараларды көрүшү керек.
Сарыбаевдин айтымында, СССР кулаган соң постсоветтик өлкөлөрдүн баары доллардан көз каранды болуп калган.
"Бүгүнкү күндө Батыш Россия менен Кытайга каршы аскердик, маалыматтык жана экономикалык согуш жарыялады. Доллар, юань, сом жана рубль курсунун азыркы туруксуздугу 2008-жылы башталган дүйнөлүк экономикалык кризиске байланыштуу", — деди Сарыбаев.
Ал Батыштын Россияга жасаган кысымы бир эле Россияны эмес, бүт дүйнөнү жаңы экономикалык мамиле курууга түрткөнүн баса белгиледи.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Путин газ акысын рубль менен төлөөнү 31-мартка чейин жөнгө салууну тапшырды
"Жакында көптөгөн өлкөлөр жаңы алака түзүп, төлөмдөрдү реалдуу валютада же алтын менен жүргүзө башташат. Азыр биз Россия өзүнүн экономикалык эркиндигин кантип калыбына келтирип жатканын көрүп жатабыз. Бул жолдогу биринчи кадам газды рубль менен сатуу болуп саналат. Рубль бекемделип, ал эми доллар арзандап баратканы маалым. Бул өзгөрүүлөрдүн натыйжасында рубль да, сом да кадимкидей реалдуу мазмунга ээ болот", — деп түшүндүрдү экономист.
Анын айтымында, мындан Кыргызстан эч кандай зыян тартпастан, тескерисинче, пайда көрөт.
"Эл аралык экономикалык мамилелерде биздин төрт негизги өнөктөшүбүз бар, алар: Россия, Казакстан, Кытай жана Түркия. Биз алар менен мамлекеттер аралык төлөмдөрдү теңге, рубль, юань менен жүргүзө баштасак дагы кыргыз сому эч нерсе жоготпойт. Биз ЕАЭБге жана ШКУга киргенибизден чоң пайда көрөбүз, анткени Россия менен Кытайдын экономикасынын чыңдалышы биздин экономикага автоматтык түрдө оң таасирин тийгизет", — деди Сарыбаев.
Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия газын рубль менен төлөөнүн ыкмалары иштелип жатканын, бирок Россия аны бекер бербей турганын айткан.
Газ компрессордук станциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Путиндин газ боюнча кескин талабы. Европанын башка аргасы жок
Жаңылыктар түрмөгү
0