Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну баштайбыз, 498 млн. доллар каралып жатат

Камбар Ата-1 ГЭСи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, аталган ГЭС үч-беш жылдын аралыгында курулуп бүтүп, ишке киргизилет.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Камбар Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Антикризистик чаралардын планын талкуулоо боюнча жыйында билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, аталган ГЭС үч-беш жылдын аралыгында курулуп бүтүп, ишке киргизилет.
"Каржылык ресурстар бар. Финансы министри курулуштун биринчи этабы үчүн жакынкы аралыкта 498 миллион доллар таап берет. Быйыл курулушка даярдык иштери үчүн бюджеттен 20 миллион сом каралган, аз күндөн кийин объектиде жумуштарды баштайбыз. Камбар-Ата-1 ГЭСинин ишке кириши Камбар-Ата-2 ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөт. Экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, Камбар-Ата-2 ГЭСинин жалпы кубаттуулугу саатына 360 мегаваттка жетет. Эки ГЭС толук иштеп калса кубаттуулугу 1000 мегаватты түзөт. Мунун көлөмү азыр Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, ал быйыл өлкөдө 30 чакан ГЭС, үч күн нурунан алынуучу станция жана бир шамал станциясы курулуп баштаганын кошумчалады. Бул үч-беш жылдын аралыгында энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүдөн кабар берерин белгиледи.
Белгилей кетсек, мындан бир ай мурун Акылбек Жапаров ГЭСтин курулушу 1-апрелде башталарын айткан болчу.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Токтогул ГЭСине барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барып, суу боюнча тапшырма берди

Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу

Камбар-Ата-1 ГЭСи кубаттуулугу боюнча 1 860 мегаватты түзүп (Токтогул ГЭСинен бир жарым эсе чоңдук кылмакчы), жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр кубатын иштеп чыгары кабарланган. Салыштыруу үчүн айтсак, былтыр өлкөдө 15 миллиард киловатт-саат өндүрүлгөн. Сөз болуп жаткан ГЭС Токтогулдан жогорураак, Нарын дарыясына салынмакчы. Плотинанын бийиктиги 256 метр болору айтылууда. Суу сактагычтын көлөмү 5,4 миллион куб метр болмокчу. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоорго жумшалган каражаттын суммасы 2,9 миллиард долларга чыгат деп болжолдонууда.
Объект өзүн-өзү 12 жылда актай тургандыгы айтылат. Тактап кете турган маанилүү учур, мында CASA-1000 долбоору эске алынат. Электр төрт мамлекеттин — Кыргызстандын, Тажикстандын, Афганистандын жана Пакистандын аймагынан өтмөкчү. Долбоор Борбор Азия мамлекеттерине өндүрүштөн электр кубатын чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Камбар-Ата-1 ГЭСин башында "Интер РАО" ишканасы кура турган болгон. Бул боюнча макулдашууга 2012-жылы кол коюлган. Анткен менен ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Россия долбоор боюнча милдетин аткара албастыгын айтып, эки макулдашууну жокко чыгарган. Экинчиси Жогорку Нарын каскады боюнча эле.
Ал эми 2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Камбар-Ата ГЭСи боюнча долбоорго катышууга макул экендигин билдирген жайы бар. Бирок биринчи же экинчи станциянын кайсынысы экендигин так айткан эмес.
Былтыр президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна инвестициялык долбоор тартуу тууралуу келишимге кол коюлган.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Камбар-Ата ГЭС каскадына барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн Нарын дарыясына көпүрө салууну тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0