Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Экинчи фронт", тарыхтагы Мазепа жана Украинанын мамлекеттүүлүгү

© Фото / пресс-служба президента УкраиныНАТО, Польша жана Украина желектери. Архив
НАТО, Польша жана Украина желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Жазылуу
Варшаванын киевдик багыттагы аскерий-саясий активдүүлүгү Украинаны бөлүп, батыш аймактарын аннексиялоону көздөйт. АКШ, НАТО жетекчилигинин Украина аймагынын польшалык интервенциясын жактап колдогонуна карабастан Москва андайга жол бербейт.
РИА Новостинин колумнисти Александр Хроленконун азыркы абалга жасаган кезектеги аналитикалык материалын сунуштайбыз.
Украина боюнча Варшаванын "тынчтык орнотуучу" долбоору өркүндөтүлмөк болду. Украинанын Польшадагы мурдагы элчиси Андрей Дещица 21-мартта украиналык "24-каналдын" эфиринен Польша Россия тараптан болжолдуу басып кирүүгө даярдыгын баштаганын билдирди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган мамлекеттеги акыркы окуяларга баам салуу менен бул кадам да тегин жерден эмес экенин белгилейт.
Мурдараак Краковдо абадан келчү коркунучтарды эскертүүчү тутумду сынап көрүшкөн. Польшалык маалымат каражаттары "НАТОнун тынчтык орнотуучу миссиясынын" ийгилиги кандай болоруна ой калчап, "Европада Россиянын куралдуу күчтөрү кадыресе гана, Польша армиясынан үч эсе гана көп" деген тыянакка келишкен. Польшалык аскерлердин Батыш Украинанын облустарына (Волынь, Львов, Ровен жана Тернополь) кирер алдында мындай маалыматтардын таралышы аталган аймактарды бөлүп кетүүнү көздөгөн операциянын бөлүгү болушу ыктымал.
АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд 20-мартта АКШ Украинага өз аскерлерин жөнөтпөстүгүн, бирок НАТОлук өлкөлөрдүн кай бири өз демилгеси менен кирсе, аны Вашингтон колдой турганын билдирген эле. Албетте, Польшанын желеги менен НАТОнун бир нече өлкөсүнүн аскерлери украиналык аймакта жайгашышы мүмкүн. НАТОнун эртең, 24-мартта, өтө турган кезексиз саммитинен соң көп нерсе даана байкалары бышык деңизчи. Бирок Украинада "россиялык агрессияны токтотуу" ниети, Кошмо Штаттардын ыраазычылыгын алган Польша жана башка өлкөлөрдүн аскердик демилгелери Европа жана АКШ үчүн жан кечти сымал экени азыр да түшүнүктүү.
НАТОнун 30 мүчөсүнүн 17си курал менен жабдуу же аскердик инструкторлорду (жалданма аскер) катыштырууга жол берген proxy war деген авантюрага аралашкан.
Венгриялык премьер-министр Виктор Орбан 21-мартта Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель менен видеобайланыш аркылуу баарлашкан соң: "НАТОнун столунда кооптуу сунуштар жатат" деп билдиргени да кокусунан эместир. Польша жана альянстын башка мүчөлөрүнүн Украинадагы күчтүү өзөктүк мамлекетке каршы согуштук аракеттерге акыл калчабай туруп аралашуусу – бүтүндөй адамзатты алааматка сала турган Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына тете кадам. Кокус тутанып кетсе РФ өз чек араларын, ал эми НАТО ойлоп табылган "баалуулуктарын", ашкере даңазалалуу "демократияны" жана америкалык "артыкчылыкты" болгон каражаттары менен коргойт.
Мунай ташыгычтар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Америка ЖМКлары: АКШ Россия нефтисинен баш тартса, ири чыгымга учурайт
Россиянын Аба-десанттык күчтөрүнүн бөлүктөрү 21-мартта Украинанын борбор калаасынын чет жакасына карай бир топ жылып, жашыруун командалык пунктуну (жер алдындагы жай) ээлеп, Украина Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясынын батальондорун сүрүп чыгарды. Бир топ курал-жарак, Т-64 жана Т-72 танкаларын, Германия тарабынан берилген танкага каршы Panzerfaust-3 гранатометторун, НАТОлук көчмө зениттик-ракеталык комплекстерин олжого алышты.
Россия Украинанын дээрлик бардык аймактарын демилитаризациялоону ийгиликтүү жүргүзүүдө. Мындай маалыматты киевдик режим өз коомчулугунан бекем сактаганы менен батыштагылар абалды түшүнүп турат. Дүйнө ушул тапта нацисттик режимдин акыркы алпурушуусуна, ал эми Вашингтондун дагы бир геосаясий долбоорунун оңунан чыкпай калышына күбө болууда.
АКШнын чалгындоо кызматы Украина Куралдуу күчтөрүн жакынкы 10 күн аралыгында россиялык аскерлер Киевди курчоого аларын эскертүүдө. Америкалыктар борбор калааны коргоону күчөтүүгө кеңеш беришет. Бирок ал үчүн күч жана каражаттары жетишсиз. Украинанын батышында "экинчи фронтту" ачууга эң ыңгайлуу убак катары туюлар. Бирок Россия жана Беларустун аймагында жайгаштырылган "Триумф" абадан коргонуу тутуму бүтүндөй Украинанын аба мейкиндигин ынанымдуу көзөмөлдөп турат. Буталарын 400 чакырымга чейинки аралыктан кыйраткан бул системалар чакырылбаган жана ниети бузук меймандарды көп учурбайт.
Россиялык аскердик учак жана тик учактар, "Кинжал", "Калибр", "Искандерлер" Украина Куралдуу күчтөрү жайгашкан жерлерди жана объектилерин, чет элдик "ыктыярчылардын" лагерлерин улам талкалоодо. Аталган каражаттардын буталарын бура бастырбай турганын мындан билиңиз, ал тургай АКШ президенти Жозеф Байден гиперүндүү "Кинжалды" токтотуу мүмкүн эместигин түшүндү. Батыш эксперттери РФтин Украинадагы атайын операциясына Беларустун да аралашуусун жоромолдошот. РФтин "өнөктөштөрү" үчүн кайда барса да мамайдын көрү.
Европа биримдиги Россияны саясий жана экономикалык обочолонтуу жөнүндө дагы талкуулоо далалатында. Эстониянын тышкы иштер министри Ева-Мария Лийметс: "Чектөө чараларынын кийинки күчтүү түрмөгүн даярдап жатабыз. Ал тез арада кабыл алынууга тийиш… Алдыга көз чаптырсак, РФтин жана жеке адамдардын тоңдурулган активдерин Украинага согуш келтирген зыяндарды толуктоо үчүн пайдалануу керек". Бирок Франция ТИМи кечээ өлкөдө тоңдурулган РФтин Борбордук банкынын активдерин Украинага бербей турганын билдирди. Батыштын экономикалык санкциялары жана "обочолонтуу" аракеттери Россиянын тышкы саясатына таасир этпейт.
МиГ-31 истребителинин экипажы гипер үндүү ракета Кинжал менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батышка "гипер үндүү" эскертүү. РФтин Украина боюнча атайын операциясына сереп
Politico басылмасы Байдендин Европага иш сапарынын негизги жана дээрлик орундалбай турган максаты Украинага көмөк көрсөтүү эмес, россиялык көгүлтүр от жана мунайды сатып алууну азайтуу экенин жазып чыкты. Аталган маалымат каражаты Вашингтондун Москвага жасаган кысымы "Чыгыш менен Батыштын ортосундагы түпсүз жарды бүтөп, АКШнын дүйнөлүк лидерлигин сактап кала албастыгын" моюнга алат.
Жамааттык Батыш өз кадамдарында мынчалык жалгыз кала элек болсо керек. Чындыгында АКШ менен Европа биримдигинин Россияны "жазалоо" аракеттерин адамзаттын кыйла басымдуу бөлүгү: Кытай, Индия, Вьетнам, Түштүк Африка Республикасы, Бразилия жана башка өлкөлөр колдобойт. Вашингтондун керт башын ойлогон талаптарын аткарбаган мамлекеттердин баары Москва сыяктуу эле каалаган учурда "душманга" айланып калуу тобокелдигин түшүнөт. Ал түгүл Кошмо Штаттарга кыңк этпеген япондор да Зеленскийдин бир сөзүнөн улам Украинага тилектеш болбой калды. Эске салсак, украиналык президент 1941-жылы самурайлардын Перл-Харборго урган соккусун "Америкага террордук чабуул" деп атаган.
Айтор, Вашингтондун украианалык экспериментинин жыйынтыгынын келечеги бүдөмүк: дүйнөдө ансыз да төмөн аброюн дагы ылдыйлатты. НАТО өлкөлөрү миллиондогон качкынга толуп, Европа биримдиги жана АКШнын экономикалык көйгөйлөрү тереңдеп, доллар менен евро, эл аралык төлөм системалары жана логистика солгундады.
Ал ортодо киевдик режим өлкөсүн жардан ары карай түрткөнүн улантууда. Узакка создуктура турган шарттарда партизандык согуш стратегиясын даярдап, Москваны референдум боюнча украиналык планга көндүрүү үчүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына россиялык аскерлерди "алсыратуу" милдетин коюуда.
Алысты көрө албаган чечимдери айран калтырат. Украинадагы коопсуздук жана мамлекеттүүлүккө Россиянын Куралдуу күчтөрү гана – жүз жылдар мурдагыдай Киев, Харьков, Одесса, Николаев жана башка ири шаарлардагы аскердик гарнизондор гана кепилдик бере алат. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгында Украинадагы калктын 74 пайызы Россия менен бардык шартта тынч жашоону жактайт. Бирок киевдик режимдин көздөгөнү бөлөк.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн (Улуттук гвардия) бөлүктөрү өлкөнүн алтыдан бир бөлүгүн – деңиз акваториясынын боюндагы 82 миң чарчы чакырымдан ашуун жерге мина коюп, шаарлардан элди чыгарбай, аларды "тирүү калкан" катары колдонууда.
Президент Владимир Зеленский чет элдик кожоюндарына жасакерленип өз элинин кызыкчылыгын саткан Мазепа 2.0 катары тарыхта калчудай болуп турат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украина менен Польшанын чек арасындагы качкындар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа жаңы миграциялык каатчылыкка даяр эмес. Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0