Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батышка "гипер үндүү" эскертүү. РФтин Украина боюнча атайын операциясына сереп

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүМиГ-31 истребителинин экипажы гипер үндүү ракета "Кинжал" менен. Архив
МиГ-31 истребителинин экипажы гипер үндүү ракета Кинжал менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Жазылуу
Душман болжогус тактика, чар тараптан ракеталык курал менен топтоштурулган таамай сокку уруу россиялык жоокерлерге украиналык территориядагы көзөмөл зонасын кеңейтип, тап көрсөткөн тарапты куралсыздандырууга мүмкүндүк берүүдө.
Негизги буталар мурдагыдай эле – Украина Куралдуу күчтөрүнүн маанилүү аскердик объектилери, октолгон артиллериялар, стратегиялык арсеналдар, кыйла даярдыктагы бирикмелери, чет өлкөлүк "ыктыярчыларды" топтоо борборлору, күйүүчү май резервдери жана Украинанын аскер-өнөр жай комплекстери. Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдын соңку жагдайларына аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.
Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө Россия Куралдуу күчтөрү алдыңкы позицияны ээлеп, ага катар эле эшелондоштурулган коргоо жана тылдагы логистиканы түзүүдө. Буталар таамай жок кылынууда.
Соңку суткалар россиялык жоокерлер Украинанын бардык, айрыкча батыш жана түштүк аймактарындагы куралдуу күчтөрүнүн таш-талканын чыгарып жатканын даана көрсөттү. Россия Куралдуу күчтөрү тарабынан польшалык чек арадан 160 чакырымдык аралыктагы Ровен облусунда жайгашкан чет өлкөлүк жалданма жоокерлер жана украиналык нацисттерди даярдоо борборуна канаттуу ракеталар менен сокку урулуп, Новая Любомирка полигонундагы 80 адис жок кылынды.
Дал ошол тушта ушундай эле ракеталар менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн Селец конушунун жанындагы (Беларусь менен чектешкен жерден 20 чакырым аралыкта) ок-дары кампасы жана механизациялаштырылган бригадасынын штабы кыйратылды.
20-мартта Житомир облусунун аймагындагы Атайын операциялар күчтөрүнүн окуу борборундагы 100дөн ашуун чет өлкөлүк аскердик инструктор, жалданма жоокер жана украиналык аскер кызматкери жок кылынып, аскердик техника жана инфраструктурасы жарактан чыгарылды. Аталган борборго Крымдын аба мейкиндигинен гипер үндүү "Кинжал" ракеталары жана Каспий деңизинин акваториясынан "Калибр" канаттуу ракеталары менен сокку урулган. Яворовск полигонунан кийинки бул жоготууларды, тагыраагы, украиналык территориядагы "ыктыярчы" жана "тынчтык орнотуучулар" кабылчу тагдырдын белгилерин Батыш оор кабыл алганы айдан ачык.
НАТОнун аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Украина өзүн ээлеп алгысы келген НАТОго кирбейт. Талдоо
Николаевдеги кеме куруу заводуна урулган кечээги соккунун негизги бутасы – курулуп бүтө элек "Украина" ракеталык крейсеринин жанындагы ок-дары кампасы болду. Мурдараак Николаев облусунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн 79-десанттык-чабуулчу бригадасы жайгашкан жай жана Константиновкага жакын жердеги күйүүчү май сакталган негизги базасы жок кылынган. Натыйжада 79-десанттык-чабуулчу бригадасы ички курамынын 90 пайызынан ажыраган. Николаев жана Одесса облустарында аскердик техниканын майы түгөнүп баратат. Аларды толуктоо көйгөйгө айланууда.
Россиянын Кара деңиз флотунун кемелери "Калибрлер" менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн Чернигов облусуна караштуу Нежин шаарындагы зооттолгон техниканы оңдоо цехтерин талкалаган. Талкаланган танк, зооттолгон БТР жана пехоталык машиналарды калыбына келтирүү ишканалары дээрлик калган жок.
Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо көйгөйүн чечүүдө Россиянын гипер үндүү жана стандарттарга сыйбаган ыкмасы жыйынтык көрсөтүүдө. Киевдин тегерегиндеги курчоо улам тарып барат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн борбор калаадан 15 чакырым аралыктагы Николаевка конушундагы командалык пункту россиялык күчтөрдүн көзөмөлүнө өтүп, 60тан ашуун украиналык аскер, көбүнесе улук офицерлер багынып берген. Киевдин батышындагы Роман Великий атындагы 14-мотоаткычтар бригадасы да каршылык көрсөткөнүн токтоткон. Мариуполдогу операция аяктап, түндүктөгү "Азов", "Айдар" жана "Донбасс" нацисттик түзүмдөрү талкаланды.
Киевдик режимге Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготууларынын чыныгы көлөмүн жашыруу барган сайын кыйындоодо. Батыш комбатанттарынын бир тобу Польшага кайтып, россиялык ракеталык соккуларды айтып түгөтө албай жатышат.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн канаттуу жана гипер үндүү ракеталарынын күчүн "Солнцепёк" огнемёттук тутумдардын залптары толуктап турат. Бул Донбасста украиналык нацисттерге каршы 20-мартта алгач жолу колдонулду. Эске салсак, "Солнцепёк" Т-72 танкынын платформасында душман жайгашкан жер жана жеңил зооттолгон техникаларын жардыруу менен жок кылууга ылайыкталган. Реактивдүү дүрмөттөрү негизги күчтөрдүн чабуулун утурлай 6 чакырымга чейинки аралыктан мейкиндикти тазалайт. Кубаттуулугу жагынан ТОС-1А "Солнцепёк" тактикалык өзөктүк куралдан гана артта.
Cold Response 2022 машыгууларына Норвегияга жеткирилген аскердик техника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Cold Response 2022 машыгуулары. НАТОнун кырдаалды курчутууга кезектеги кадамы
Чет өлкөлүк жалданма жоокерлердин көпчүлүгү Ирак жана Афганистанда тажрыйба топтоп, бирок жакшы куралданган жана даярдыктагы россиялык күчтөр менен кармашууга таптакыр даяр эмес. Украинада "НАТОнун бутасын бура бастырган көзгө атары", канадалык пехотанын 22-полкунун ардагери Вали (каймана ысымы) тез эле окко учту.
Бириккен Улуттар Уюмунун курал-жарак боюнча мурдагы инспектору, он жылдап советтик жана россиялык күчтөрдү изилдеп келген америкалык аскердик аналитик Скотт Риттер РФ Куралдуу күчтөрүнүн "классикалык көп векторлуу стратегиясына" баам салган. Риттер россиялык аскерлердин жогорку ыргагына басым жасап, "соңку тарыхтагы эң ыкчам" деп баалап, украиналык күчтөрдүн кыйрап баратканын белгилейт.
Америкалык чалгындоо кызматынын ардагери Ребекка Коффлер да гипер үндүү ракеталар менен сокку уруу "геосаясий чөйрөдө оюн эрежелерин өзгөртүп", Батышка "бул стратегиялык сигнал" болушу мүмкүн деп боолголойт. RAND аскер-аналитикалык борбору Киевге аскердик жаңжалга Беларусь да кошула электе Москва менен тынчтык келишимин түзүүгө кеңеш берет.
АКШнын аскерий талдоочулары андай жагдай Россия Украинанын "тизгинин" толук колго алып, СССР 2.0 түзүлүшүнө алып келерин айтышат. Россияга туруштук бере албаган НАТО Украина кырдаалында чабал экени айдан ачык.
Кошмо Штаттар Украинага Россия менен салгылашууга өз күчтөрүн жөнөтпөй турганын дээрлик күн сайын билдирип келет. Ошол эле учурда Вашингтон НАТОнун кайсы бир өлкөсү бул кадамга өз демилгеси менен барышын күтөт. Пентагондун башчысы Ллойд Остин бул жагынан Болгарияны "кара жанын карч уруп Украинаны колдоого" мажбурлап туру.
24-мартта НАТОнун Брюсселдеги кезексиз саммитин (Польшанын "тынчтык орнотуу" демилгеси талкууланат) утурлай Москва Батышка альянстын Украина аймагындагы аскерлерин кандай тагдыр күтөрүн таамай көрсөтүүдө. Россия Украинанын чек араларына жакын буталарын талкалап жатканы тегин жерден эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
ДЭР аскер кызматкерлери Мариупольдогу өткөрмө бекетте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполь курчоосу, НАТОго айбат жана РФтин аскердик чеберчилиги
Жаңылыктар түрмөгү
0