Күч-кубатка табынып аял багын, мээримге жалынып эркек кутун табат. Бүлө күтүү

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийимчен айымдар. Архив
Улуттук кийимчен айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул коомдо чыңалып, чыга турган көздөй абдан аялуу аял-эркек маселесине кайрылып, кызыктуу ою менен бөлүшкөн.

Тизгин жаяр

Бүгүнкү күндө аял-эркек темасынан кеп козголсо эле түрдүү кызыкчылыктардын куралына айланып кетип, жабылуу казан боюнча калтырганга аракет кылабыз. Бардык руханий окуулар, түрдүү диний постулаттар өз чечимдерин мурда-кийин сунуштап келгени менен тартыш жаралганы жаралган. Ушундан улам дин дагы, руханий окуулар дагы аял-эркек ордун так аныктап бере албагандыр деген күмөн жаралат.
Кудай биринчи адамды жаратып, анын кабыргасынан аялды жараткан деген башталыш (чын-төгүнү белгисиз) эрдин аял алдындагы бийик жоопкерчилигин туюнтса, доорлордун өтүшү менен аял биздин кабыргабыздан жаралган деген өөдөсүнүү сезимине жетелегенсийт.
Ошондонбу, аял айтканымдай болот деген ишеним көп эркектин оюнда бар. Айтканындай болбосо, анча-мынча шайтанын күбүп коюу турган иш. Кайра кечирим суроону намыс көрүп, "өзүң эмне айтканыма көнүп калбайсың", "Аял тилин тыйбаса ушундай болот" деп кыбасы канып калгандар да жок эмес.
Ал эми акыл саркындысынын ширеси болгон адам укугу анча-мынча көңдөйү бош аялга шынаа болуп, "Сен тур, мен жанчам" деген албуут аялдардын айыгышкан атаандаштыгын жараткансыйт...
Андай-мындай, ички ыйкы-тыйкылыктын аягы алдууну алсыз тырпыратып баса калган арсыз бир көрүнүштү көз алдыбызга тартат. Эси жок акыл менен, эси жок күчтүн тиреши акыры жүрүп аял-эркек ажырымына кептеп отурат.
Бирок эркектин аялга кол көтөрүшү кыргыз коомунда "эрлүү катын токмок жейт" деп көндүм көрүнүшкө айланып баратканы ойлонтот. Биз согуш болбосо экен деп сырткы дүйнөгө тынчсызданабыз, ал эми ич ара согуштарга, көз караштардын, баалуулуктардын, түшүнүктөрдүн кагылышына көз жумуп келе жатабыз...
Киши киши болуп жаралгандагы кишилик табият (эр кишилик, аял кишилик) зилинде, түбүндө кандай болду экен?
Ошол түпкүлүктөгү табиятыбызга моюн сунуп, андагы улуу чындыктарды туу тутуп, өз касиетибизди кастарлап жашап келгенибизде азыркыдай ажырым пикирлер болбос беле... Балким...
Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2017
Кут белде, күч белде... Кыргыз жигиттеринин башкалардан айырмасы эмнеде?

Аял-эркек табияты (элдик нарк)

Аялдын сырты жумшак, ичи катуу, эркектин сырты катуу, ичи жумшак деген элдик мүнөздөмө тээ байыртан жашап келет. Физиологиялык жактан алып караганда аял — алсыз, назик, аялуу. Кылыч шилтеп жоо чапканга, душманга айбат кылганга, улак тартып же найза сунганга күч дарамети, тагыраак айтканда, каруусу келбеши мүмкүн. Бирок түйшүк тартканга келсек, толгоого, айрылыкка, кубанычка, санаага, ыза-муңга, жоготууга, мүшкүлгө түтө берет. Баарын көтөрөт. Эрдин эрки болсо аялдын сабыры бар. Чыдайт. Ошондон улам ичи катуу, ичиндеги өзөгү бек делген.
Эрди карасаң, кара жумушка, уруш-мушташка, күч жумшала турган ишке шыктуу болуп, сөөгү бекем, машыкса-машыкпаса деле эркектик дем-күч боюна уюган. Бирок алсызды көрсө аяган, шордууну көрсө колдогон, жалгызды көрсө коргогон, баарына жардам бергиси келген, акжайдаң, марттык, жоону дагы кечире билген жоомарттык, ак-карага тең караган айкөлдүк — анын ичиндеги жумшактык.

Аял-эркек айкалышы

Эми ушул эки башка табияттын ширелишкен жери, гармониясы эмнеде? Аялдын сырткы жумшактыгы эркектин ички жумшактыгын ийдиргенинде. Аялдын аялуу, назик, сулуу, мээримдүү, жароокер табияты эркектин ички тереңдигин, айкөлдүгүн, жоомарттыгын козгоп, камкоруна, коргоочусуна, колдоочусуна айлантканында. Чыныгы табиятта эки күч тирешпей биригет. Бири-бирине уюйт.
Өзүндө жок күч-кубатка табынуу менен аял багын тапса, өзүндө жок мээримге жалынуу менен эркек кутун табат. Зилинде, түбүндө негизги баалуулук коргоо, аярлоо, кам көрүү экенин түшүнгөн эркек аялын кор тутпас! Насилинде, наркында ийип, ийгерүү, мээрим берүү милдети экенин билген аял эрге эрегишпес!

Аял-эркек ортосундагы аяр мамиле

Кылымдардан бери келе жаткан улуу жөрөлгө көрө-көрө көсөм болуу, жасай-жасай чеберликке жетүү, жашай-жашай агаруу, тазаруу, акка моюн сунуу... Кылымдардан бери келаткан улуу жөрөлгө арзуу, чоң сүйүүгө балкуу, тукум улоо... Ал үчүн теңин табуу...
Кыргыз коомунда бүлө күтүү, өз алдынча өргөө көтөрүп, түтүн булатуу башы бүтүндүктүн белгиси болуп, кишиге толук кандуу коомго аралашууга мүмкүндүк берген.
Аялды барктап, ажарын ачып, кор кылбай багып, зар кылбай камсыздап, жакшынакай кийинтип аздектеп багуу эрдин милдети болгон. Ал эми аял өз кезегинде эрдин эң негизги акылчысы, кеңешчиси катары бааланып, үй оокатынан тыш кулактан кирип бойду алган шыңгыр үнү, көргөн жандын көзүн талдырган сымбаты, ачууну да тизгиндеп коёр көз оту, ал жетпесе жөн билги сөзү, ички сезим-туюму бааланган.
Эркин журналист Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2020
Радио
Токтогул: илгери кыргыздар келинди кут катары кабыл алышкан
Өз ара мамиледе аркырашып беттен алуу болгон эмес, анткени, ар бир бүлө күткөн аял-эркек бирисиз-бири жок экенин, бүлө аялуу кут экенин, ыйык экенин, ыйыкты туюк сактап жашоо керек экенин билишкен. Ошондуктан чын түгөйлөр кандай гана кырдаал болбосун бири-бирине аяр мамиле кылышкан, бири-бирин аздектешкен.
Аяр мамиле болгон жерде чыр болмокпу, уруш болмокпу? Азыркы коомдо аял-эркектин ортосунда сый болушу керек деп айла жоктон айтылганы... Болбосо сый мамиле жакындар менен, тууган-урук менен боло турган мамиле эмеспи.
Ал эми түгөйлөрдүн мамилеси купуя, аяр, камкор болуусу абдан маанилүү болгон. Өз ара сүйүү маанилүү болгон. Кут менен дөөлөт, ырыс менен береке, бүлө бактысы өзү сынып калчу буюмдай, учуп кетчү куштай, элп эткен желге желп эткен чырактай, күтө билген жерди уялап, күтө албагандан кетип калган касиеттер эмеспи. Аны түгөйлөрдүн экөө тең тереңинен билген.

Чоң сүйүү

Эгер жан багуу эле жашоо негизи боло турган болсо, эркек дагы, аял дагы өз алдынча жашоого толук мүмкүндүгү бар, жеке киши катары толук кандуу, өз өнөрүн, өз дараметин ача алса андан да мыкты.
Бирок ошол ички дараметти, ички күчтү ачуу, ойгонуу, өзүн-өзү таануу, руханий өсүү дагы жалгыздын иши жалгыз дегендей, түгөйүңдү тапкан соң ишке аша турган жетишкендикпи деп калдым. Анткени өз ара камкордук, өз ара сүйүү, өз ара мээрим чоң тунууга алып келет. Ошондуктан сүйүүгө умтулуу, түгөйүн табуу, бүлө күтүү ар дайым маанилүү болуп кала берет. Тээ түбүндө ошол чын түгөйүнө болгон чоң сүйүү гана аялдын аялдык, эрдин эрдик касиетин ачкан. "Сүйүүдөн ачылууга, өзүн-өзү таанууга бир кадам" деп Ошо Раджиниши айткандай, сүйүү адамды ааламга жалгаштырып турган улуу күч...

Тизгин жыяр

Эркектин эр болушу, дымактуу болушу, бийик болушу азыркы майда коомго абдан зарыл. Ошондой эле азыркы мээримге суусаган коомго аялдын жароокер, ажарлуу, мээримдүү болушу өтө керек!
Аялдын ажарлуу болмогу, жайдары болмогу, гүлдөй болуп ачылмагы эркектин кубатынан, эрдик деминен, касиетинен тура...
Эркектин эрдик кубаты, камкордугу, бийиктиги аялдын сүйүүсүнөн да...
Табияттан буйруган аялдык, эркектик касиетибизди моюндап, барктай билгенибизде, таптай билгенибизде гана чын бакытка тунуп, сүйүүдө балкып, жашоонун ырахатына малынып жашай алабыз... Кандай дейсиң, замандаш?
Празднование Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2020
Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу
Жаңылыктар түрмөгү
0