Кут белде, күч белде... Кыргыз жигиттеринин башкалардан айырмасы эмнеде?

© Sputnik / Табылды КадырбековКонноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате
Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жолу колумнист Шаакан Токтогул кыргыз жигиттеринин өзгөчөлүгү, өзүнө тийиштүү гана урунган буюму тууралуу сөз кылды

Кыргыз жигиттеринин башкалардан айырмасы шарлыгында, анан шайма-шайлыгында деп билем. Ал сапат эмнеден калыптанганын билүү үчүн тарыхтын эски барактарына үңүлүү керек… Эмесе, кыргыз жигиттеринин касиет буюрган дагы бир буюму тууралуу учкай кеп салайын…

Баатырдык дем, атадан калган буюм

Всемирные игры кочевников-2016 - Sputnik Кыргызстан
Башы чоӊ киши — акылман, башы аман киши — бактылуу. Баш тууралуу учкай кеп
Жоо мүнөз жоокер элдин урпактарынын канында баатыр аталардын дымагы менен деминин, эрдиги менен шердигинин учкундары уланып келет. Ал эми алардын куту менен касиети ата-бабалар колдонгон буюмдарда катылуу. Ошондой буюмдардын бири болгон кемер кур, кур, кисенин мааниси чоң. Анткени ал атадан калган… Атадан калган, атанын колу тийген ар бир буюмдун күч-кубат берген деми болот, анткени буюмдар да маалымат ташуучу каражаттар экендиги илимий далилденген. Ал эми кур, кемер кур, кисе белге тагылгандыктан, өзгөчө орунга ээ.. Анткени, бел эр кишинин күч-кубатын кармап турат эмеспи….

Кут белде, күч белде…

Тирегинен ажырап, азалуу болгон кишиге "белиңди бек буу", "белиң майышпасын" деп кайрат айтышат. Далысы жерге тийбеген балбандарды көргөндө "бели кубаттуу экен" деп кубанат. Көпкө жарыгы тийген кишини "журтуна бел болот" деп алкайт. Мунун баары киши кубаты белде болгондугунан улам айтылып калса керек.

Андан башка бойго жетип, каруусу кубатка толгон уулга "бели бекем болуп, элине кызмат кылсын" деген тилек менен кур тагышкан. Кандык тактыга келген кишиге "элге-журтка бел болсун" деп кемер кур тагышканы да санжыраларда айтылат. Күрөштө дагы негизги күч белге келгендиктен, белбоо байланат. Кыскасын айтканда, салттуу билимде белге күч-кубаттын, куттун орду катары баа берилет.

Курдун мааниси

Атчан жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин башы канчага бааланат? Кун тууралуу
Жогоруда айткандай кишинин ички кубатынын уюлу бел болгондуктан, белге тегерете кур тагып, аны суук көз, суук сөздөн калкалап турган. Демек, курдун биринчи мааниси — анын коргоочу касиетинде. Ал эми кишинин ички энергиясында ишеним, изги ой, мээрим, сүйүүдөн азыктанган ак күч, каруу, ачуудан азыктанган кара күч бирдей ширелишкен. Кыргызда "ак-карага тең бол" деп ошондон улам айтылып калса керек. Ошол ички кубаттын ак-карасын теңдеп, бойдогу кутту сактап туруу — курдун экинчи милдети.

Кемер кур

Курдун шөкөтү, баалуулугу кишинин кадыр-дараметине, коомдогу ордуна жараша айырмаланат. Шөкөттүү курлар жалпы кемер кур деп аталып, күмүш чапталган, асыл таш чөгөрүлгөн, алтындын буусуна карматылган болуп бир нече түргө бөлүнөт. Кемер курдун артыкчылыгы — анын жазылыгы менен кымбат шөкөтүндө. Сыр каткан, касиет каткан оюулары менен оомат оодарган асыл таштарында. Ал эми кемер курду элге алынган, калкына белдүү эр кишилер тагынганы орундуу деп эсептелген.

Боз кисе

Асмандан түшкөн Боз кисе,
Таалайы артык баатырга
Талаа түздөн кабылган,
Кысталыш жерден табылган.
Таштап кетсем кыйын деп,
Атасы Манастан калган буюм деп,
Бир кудайга зар ыйлап,
Чунагы Семетейге арынап,
Ала келген эмеспи.
Төрөсү Манастан калган Боз кисе.

Кынап белге чалды эми… – деп Айкөл баянында боз кисенин тарых-таржымалы эскерилет. Манас атанын боз кисеси Саякбайдын вариантында Айкөлдүн өзүнө гана таандык болуп асмандан буюрган касиеттүү буюм. Манас ата аны тагынганда колдоочу кайып күчтөрү кошо жандап, кырк чилтендин кубаты боюна уюган.

Кисенин кызматы, орду

Ал эми биз кеп салчу кисе эр азаматтын өзүнө гана таандык болгон майда буюмдары салынып илинген баштыкчалары кошо бекитилген кайыш кур.

Чуңкурчак капчыгайындагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк урсун, Жер урсун, Ант урсун... Ант урабы же урбайбы?
Жортуулчулук замандын жоболоңдуу учуруна ар дайым шайма-шай болгон, буйдалбай шар жүргөн эр кишинин бул касиетине кисенин таасири күч. Анткени азыркыдай болуп столдун ар кайсы тартмасынан, шкафтын ар кайсы текчесинен ардемесин издеп, убараланып отурууга ал кезде капилет баскан капсалаң шарт жараткан эмес.

Азыр, албетте, заман башка, кисенин ордун баскан мырзалардын заманга ылайык кийимдерине жарашкан барсеткалар, сумкалардын ар башка түрлөрү толтура.

Ой толгоо

Жигиттердин баары кур тагынат. Демек, аны менен кошо күч-кубатын сактап, ак-карасын теңдеп турат. Эмки баскыч киседе. Анткени, кисе шайма-шайлыктын, буйдалбаган шарлыктын кутун уютуп, үлгүсүн алып жүрөт.

Эмнеси болсо да жигиттерибиздин бели бекем болсун, кубаты мол, ак-карага шайкеш, заманга айкаш шар болсун, шамдагай болсун деген изги тилектебиз…

Жаңылыктар түрмөгү
0