"5 орун басарды эмне кыласыз?". Министрлердин канча жандоочусу бар. Тизме

© Sputnik / Александр АстафьевДокумент кармап турган аткаминер. Архив
Документ кармап турган аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Жазылуу
"Айланайын, 5 орун басарды эмне кыласыз?" — депутат Исхак Масалиев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин штатын уккандан кийин дал ушинтип таң калды.
Эл өкүлү комитеттин жыйынында "өзүңөр санариптик деп аталгандан кийин анча көп жетекчини эмне кыласыңар, автоматташтырып кыскартпайсыңарбы. Мындайда ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт болот" деп сындады. Өз кезегинде министр Талантбек Иманов орун басарлары көп экенин моюнга алды.
Былтыр президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин азайтуу жарлыгын чыгарган. Жыл соңунда дагы бир жарлыгы менен 2022-жылдын 1-мартына чейин министрлердин жана башка бийлик органдардын жетекчилеринин орун басарларын зарыл болгон минимумга чейин кыскартууну тапшырган.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги учурда 16 министр канча орун басары менен иштеп жатканын карап чыкты.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 5 орун басары бар. Алар:
Биринчи орун басары — Нуран Ниязалиев;
Азизбек Мадмаров;
Айбек Артыкбаев;
Динара Кемелова;
Айбек Молдогазиев.
Финансы министри Алмаз Бакетаевдин 5 орун басары:
Биринчи орун басары — Илияз Иманбетов;
Жибек Дүйшеева;
Улугбек Календеров;
Руслан Татиков;
Мелс Аттокуров.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин 3 орун басары:
Биринчи орун басары — Азамат Мамбетов;
Урматбек Шамырканов;
Акылбек Мазарипов.
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 5 орун басары:
Биринчи орун басары — Адылбек Бийбосунов;
Нурбек Абдиев;
Октябрь Урмамбетов;
Эркебек Аширходжаев;
Сүйүнбек Ниязбеков.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин 5 орун басары бар
Биринчи орун басары — Сейилбек Урустемов;
Эльдар Алишеров;
Канатбек Абдрахманов;
Искендер Асылкулов;
Айнура Үсөнбекова;
Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун 5 орун басары:
Биринчи орун басары — Айнура Туйбаева;
Абдисамат Сагымбаев;
Медербек Курманбеков;
Залкарбек Карыбеков;
Талант Калыков.
Душ, эс алчу бөлмө, белектер. Депутаттар кандай кабинетте отурат. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Душ, эс алчу бөлмө, белектер. Депутаттар кандай кабинетте отурат. Видео
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун 5 орун басары:
Салтанат Аманова;
Чыңгыз Эсенгул уулу;
Союзбек Надырбеков;
Самат Шатманов, орун басар рангындагы Туризм департаментинин директору;
Канатбек Шабданбаев, орун басар рангындагы Спорт департаментинин директору.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын 5 орун басары:
Биринчи орун басары — Канатбек Садыков;
Бексултан Ибраимов;
Кубат Касейинов;
Мыктарбек Алымкулов;
Аркадий Рогальский.
Юстиция министри Аяз Баетовдун 4 орун басары:
Биринчи орун басары — Зарема Аскарова;
Орозбек Сыдыков;
Абдухалык Шамшиев;
Алмазбек Зарылбек уулу.
Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун 4 орун басары:
Башкы штабдын башчысы — Эрлис Тердикбаев;
Биринчи орун басары — Талайбек Усубалиев;
Алмазбек Карасартов;
Акылбек Ибраев.
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин 4 орун басары:
Биринчи орун басары — Алмаз Турганбаев;
Нурланбек Кайынбаев;
Марат Өскөмбаев;
Таабалды Тиллаев.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун 4 орун басары:
Биринчи орун басары — Нурдин Алишеров;
Азамат Мукашев;
Мурат Байдылдаев;
Нурлан Шерипов.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин 4 орун басары:
Биринчи орун басары — Бактияр Орозов;
Надира Жусупбекова;
Уланбек Мамбетакунов;
Расул Абазбек уулу.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин 4 орун басары:
Жапаркул Ташиев;
Жалалидин Рахматулаев;
Улук-Бек Бектурганов;
Бакыт Жангазиев.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин 3 орун басары:
Нурдөөлөт Базарбаев;
Жаныл Алыбаева;
Жылдыз Полотова.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин 3 орун басары:
Биринчи орун басары — Таалайбек Ибраев;
Тилек Айталиев;
Чыңгыз Касымов.
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
ИИМге жаңы функцияларды берүү жол кырсыгын азайтабы? Жапаровдун жарлыгына пикир
Депутат Равшан Сабиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Инвестициялар агенттиги "улуттук" макамын алып, Равшанбек Сабиров жетекчи болду
Жаңылыктар түрмөгү
0