ИИМге жаңы функцияларды берүү жол кырсыгын азайтабы? Жапаровдун жарлыгына пикир

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Жазылуу
Өлкө башчы кол койгон документке ылайык, ИИМ жолдогу коопсуздукту кантип көзөмөлдөйт, эмне өзгөрүп, реалдуу кандай иштер жасала турганын Sputnik сураштырып көрдү.
Жол кырсыктарын азайтып, жолдогу коопсуздукту жогорулатуу максатында мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Ички иштер министрлигине бир топ мекемелер өткөрүлүп, айдоочулук күбөлүк берүү сыяктуу бир нече милдеттер жүктөлдү.
Маселен, эми айдоочулук күбөлүктү, автомектептерге лицензияны ИИМ берип, жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти да аталган орган лицензиялап калат. Айдоочулар курамын каттоо милдети да аталган органга жүктөлдү. Мындан сырткары, "Унаа" башкармалыгы Санарип министрлигинен Ички иштер министрлигине, ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинин жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө боюнча иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрү да ИИМге өттү.
Айдоочулук күбөлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Айдоочулук күбөлүк берип, унааны каттайт. ИИМге өткөн функциялар
Документке кол коюлду, милициянын жумушу мурдагыдан да көбөйдү. Жарлык эми жол коопсуздугун канчалык деңгээлде жөнгө сала алат? Көп функцияны өзүнө алган ИИМдин иши кантип өзгөрүп, кандай иштерди жасай баштайт?
Ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жааттагы адис, эксперттердин оюн тыңдап көрдү.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев мындай чечим туура экенин айтып, жол коопсуздугу, жол кырсыктары боюнча милдеттин баары эми ИИМдин мойнуна жүктөлөрүн белгиледи.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев
Начальник информационной службы ГУОБДД Тилек Исаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев
"Буга чейин жол кырсыгы болсо жоопкерчилигин эч ким мойнуна алчу эмес. Кырсык болгондон кийин "коопсуздукту камсыз кылбайсыңар" деп биздин кызматкерлер күнөөлүү болуп калчу. Ал эми автоунаанын техникалык абалы, айдоочулук күбөлүктү кандай жол менен алганы эске алынчу эмес. Эми президенттин жарлыгы менен бир топ функция ИИМге өтүп, жоопкерчиликти өзүбүз алып калабыз", — деди Исаев.
Ал 2010-жылга чейин "Унаа" башкармалыгы Ички иштер министрлигине караганын айтып, кийин айдоочулук күбөлүк берүү функциясы Мамлекеттик каттоо кызматына, автомектептер Билим берүү министрлигине өтүп, алардын ишмердүүлүгүн эч ким көзөмөлдөбөй калганын кошумчалады.
Исаев сырттан келген автоунаалардын айрымдары буга чейин катталбай эле айдалып жүргөнүнө токтолуп, эми алар үчүн бирдиктүү база түзүлөрүн айтты.
Такси автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Жарлык чыккан. Эми Кыргызстанда таксисттер ИИМден лицензия алышы керек
"Кыргызстанда жалпысынан 272 автомектеп бар. Буга чейин биз аларга жөн гана мониторинг жүргүзчүбүз. Билим берүү сапатын жогорулатып, көзөмөлдөгөнгө укугубуз жок болчу. Эми талапка жооп бербеген автомектептердин ишин жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүүгө басым жасайбыз. Айдоочулук күбөлүк сабакка катышпагандарга, окубагандарга берилбейт. Автомектептерде көзөмөл күчөтүлөт", — деди Исаев.
"Кыргызстан айдоочуларынын жана транспорттук каражаттардын союзу" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов документ жол кырсыктарынын санын азайтып, аны болтурбоо максатында кабыл алынгандыктан колдой турганын билдирди.
© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кыргызстан айдоочуларынын жана транспорттук каражаттардын союзу" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов
Зампредседателя ОО Союз водителей и транспортных средств Кыргызстана Дюшеналы Токтакунов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Кыргызстан айдоочуларынын жана транспорттук каражаттардын союзу" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов
"Эгер бул документ чын эле жол кырсыктарын азайтууга өбөлгө болсо анда жакшы. Анткени соңку мезгилде үрөй учурган кырсыктар көп катталууда. Акыркы убакта автомектептердин саны көбөйүп, сапаты төмөндөп кеткендиги тууралуу сын-пикир көп айтыла баштаган. Бирок жол кырсыгына себепкер болгондордун көбү жаш айдоочулар эмес. Көпчүлүгү такси кызматтары, жүргүнчү ташыган айдоочулар. Алар автоунаасы 5 кишилик болсо 7-8ди салып, техникалык нормаларды сактабай каршы тилкеге чыга калып кырсыктап жатат. Бул жерде автоунаанын техникалык абалы, такси кызматтарына да көңүл буруу керек. Ошол себептен ушундай жарлык чыкты деп ойлойм. Мен колдойм", — деди Токтакунов.
Юридика илимдеринин кандидаты, доцент Тимур Иманкулов Исаев менен Токтакуновдун айткандарына кошулбайт. Юрист ИИМге бул функцияларды өткөрүп берүүдөн мурда ал органдын өзүндө реформа жасап, күчтүү жетекчи алып келүүнү сунуштаган.
© Sputnik / Табылды КадырбековЮридика илимдеринин кандидаты, доцент Тимур Иманкулов
Кандидат юридических наук, доцент Тимур Иманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Юридика илимдеринин кандидаты, доцент Тимур Иманкулов
"Алгач ИИМди полиция кылып реформалап, жоопкерчилигин жогорулаткандан кийин гана айтып жаткан функцияларды өткөрүп берүү керек. Реформа жасалбаган органга бул функцияларды өткөрүп берүүдөн майнап чыкпайт. Кызматкерлерине талапты катуу коюп, эл аралык стандартка жооп бериши керек. Азыркы мыйзам заманбап талаптарга жооп бербейт. Эмнеге милицияны полиция кылып реформалай албай жатканына таң калам. Алгач ошондой реформа жүргүзүү зарыл. Мындан сырткары, ИИМге ушулардын баарын жакшылап көзөмөлдөп, башкарган күчтүү жетекчи керек", — деди Иманкулов.
Жапаровдун жаңы чыккан жарлыгына ылайык, эми таксисттер да ИИМден лицензия алышы керек болот. Ал кандай берилери азырынча белгисиз. Жарлыкта министрлер кабинетине мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна жөнөтүү тапшырмасы берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0