00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
5 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Абдибаева доллардан баш тартып, насыяны сом менен берүүнү сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
Эл өкүлү коммерциялык банктар мыйзамдарга баш ийбей эле доллар менен насыя берип жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү доллардан баш тартуу тууралуу токтом чыгарып, кредиттерди сом менен гана бериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкө мыйзамдары, Улуттук банктын өзүнүн мыйзамында дагы доллар түрүндө кредит берүүгө мүмкүн эместиги, сом менен гана иштөө керектиги жазылган.
"Министрлер кабинети эле бир токтом чыгарып койсо болот. Себеби доллардан баш тартпасак, такыр эле көз каранды болуп калдык. Бардык жашоо-турмушубуз ошого байланышыптыр. Айрыкча кредит алгандарга кыйын болууда. Коммерциялык банктар мыйзамдарга баш ийбей эле доллар менен берип жатат. Ошондуктан өкмөт Улуттук банкты карап отурбастан өздөрүнүн божомолдоруна карап чечим чыгарса. Пандемия маалында башка мамлекеттер бир эле барак токтому менен жарандарынын укугун коргоп койду. Азыр деле өкмөт Украинадагы кырдаалга таянуу менен эле биздин жарандарды коргоп койсо болот", — деди Абдибаева.
Мындай норма менчигинин түрүнө карабай бардык банктарда колдонуларын, бирок ал атамекендик өндүрүш менен алектенген ишкерлерге гана тиешелүү экенин эскертти.
Ошондой эле депутат элдин митингге чыгышын күтпөй ыкчам чараларды кабыл алууга чакырган.
"Мына Россия доллардан баш тартып жатат. Биз деле баш тарталычы, долларсыз деле жашаганбыз да. Убагында 19 цент эле. Азыр чайкоочу, спекулянттарга Кудай берип салды, жумуртканы да долларга шылтап кымбаттатып жатат. Ошондуктан эл качан митингге чыгат экен деп отурбай, өкмөт жол-жобосун карап чараларды көрө берсе болмок", — деди эл өкүлү.
Ал сөзүнүн соңунда дагы доллардан баш тартуу токтомун чыгарууга аракет жасоого чакырды.
Программист жумуш учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Акаев: Беларусь, Россиядан Кыргызстанга күнүнө ондогон IT-адистер келип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0