Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Европа денацификациялоодон чочулайбы?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинадагы улутчулдардын маршы. Архивдик сүрөт
Украинадагы улутчулдардын маршы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Жазылуу
Европа тарыхтагы адатын бул ирет да карматат. Күтүп, байкап туруп, кийин жеңген тарапка ыктап кетет.
Ураандар, чакырыктар азыркы тапта түккө арзыбайт. Азыр аракет этүү чоң мааниге ээ. Украина жагдайында Европанын позициясына баам салган Елена Караева ушундай ойлорун тизмектеген. Анын учкай макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
1941-жылы 22-июнда кол салууда германиялык вермахттын гана эмес, европалык интернационал контингенти да катышкан. Муну да бүгүн эске түйгөн оң көрүнөт. СССРдин жоокерлери улутчул дивизиялардын ички курамынын 75 пайызын талкалап, бул менен европалыктардын өмүрүн түз же кыйыр түрдө куткарып, өлүм лагерлеринин крематорий мештерин токтотуп, азыркыга дейре дүйнө суктанган эстеликтерин сактап берген. Бул үчүн СССРдин миллиондогон жарандарынын жаны окко учкан. Бирок көп өтпөй жакшылык унутулуп, кансыз согушту башташкан.
Европада да денацификация болгон. Эбегейсиз эмгек, узак жылдар сарпталса да андай аракет Германияда гана жүргүзүлгөн. Анткени бул өлкө чоң кыйроого тушуккан. Анткен менен нагыз денацификация тууралуу айтыш кыйын. Сотко берип, камакка алуу зарыл болсо, түрмөгө бүтүндөй мамлекеттик аппарат отуруп калмак. Ошондуктан эч кандай юридикалык же моралдык баа берилген эмес. Аскердик трибуналга кеткендер болбой койгон эмес. Өмүр бою эркинен ажыратылгандар да болгон. Кимдир бирөөлөрдү чындап эле дарга асышкан.
Европада экинчи дүйнөлүк согуш тез эле унутулуп калган. Согуш саясий жактан унутулуп, ал аяктаары менен континенттин башын кошуу, эң оболу экономикалык бирикме түптөөгө нук алышкан. Ал кезде геосаясат жана "согуштан кийин континентти өнүктүрүүнүн жаңы жолдору" жөнүндө кеп жүргөн. Эртеби-кечпи тарых акыры эски эсептерин да алат тура. Бүгүн бул даана байкалууда.
Киевдеги куралчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Чет өлкөлүк жалданма аскерлер Украинада. Дүйнө жана Европага залалы тийбейби?
Жаңылыктар түрмөгү
0