Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу: атам апамды "Тентибайым" деп катуу сүйүптүр
16:08 05.03.2022 (Жаңыртылды: 17:56 05.03.2022)
Жазылуу
Акын, драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин балалыгы оор, өмүрү кыска болду. Отуз үч жыл гана жашаган акындын ырлары, драмалары кыргыз адабиятында түбөлүк сакталып калды.
Бүгүн биз Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылалы деп турабыз. Ал үчүн бизде конокто геология, минерология илимдеринин доктору, профессор, залкар инсандын уулу Кулубек Бөкөнбаев болду.
— "Жоомарт Бөкөнбаевдин уулдары кайда, неберелери бар болду бекен?" деген өңдүү суроолорду бергендер бар экен. Үй-бүлөсү тууралуу кенен айтып берсеңиз?
— Эми чынында бул жөнүндө мурда деле көп угуп жүрчүмүн. Атамдын дүйнөдөн өткөнүнө 80 жылдын жүзү болот. Азыркы жаштардын көбү ал кишини билбей калды. Апам Тенти Адышева да эл акыны, коомдук ишмер болчу. Биз үч бир тууганбыз. Улуусу мен, андан кийин карындашым Сырга Жоомартовна жана үчүнчүсү Зайнидин Жоомартович. Тилекке каршы, иним 2002-жылы жол кырсыгынан каза болуп, азыр экөөбүз эле калдык. Карындашым Сырга медицина илимдеринин доктору, профессор, азыр КРСУда иштейт. Жакында ал кишинин атынан өзү иштеген окуу жайда кафедра ачылды. Атам кыргыз элин, жерин жанынан артык көргөн, өмүрүн элине арнаган адам болуптур. Эрнис Турсунов "Советтик Кыргызстан" гезитине тар жер, тайгак кечүүдөн өтүп бара жатканда бизге Жоомарттай патриот, жалындуу сүйлөгөн, эл сүйгөн инсан керектигин жазган. Атам көп кырдуу талант эле. Коомдук иштерде, саясатта да салымы бар. Чыгармаларына убагында "кыргыз поэзиясынын туу чокусу" деген баа берилген. Андан тышкары, кыргыз драматургиясына негиз салгандардын бири катары эмгеги зор. 1939-жылы Москвада кыргыз декадасы өтүп, Кыргызстандан үч пьеса коюлат. Жусуп Турусбековдун бир пьесасы, атамдын "Алтын кызы" жана "Айчүрөк". Залда энем да көрүп отуруптур. Анан "Алтын кыз" пьесасы башталарда зал жарык боло түшөт. Караса эле өкмөт мүчөлөрү отуруучу орундуктарга СССРдин саясий бюросу толук келип, Сталин да орун алат. Пьеса укмуш болуп, акырында Иосиф Сталин өзү туруп кол чаап, арттан басып келип куттуктаптыр.
Атам 33 жашында каза болду. Ошондо биринчи жолу кыргыз көркөм тасмасы "Манастын уулу Семетей" тартылмакчы болуп, Москвадан бери менмендеген режиссёрлор келген экен. Атам аларга кыргыз жерин, кино тартууга ылайык кооз жаратылышын көргөзмөк болуп Каркыра жайлоосуна алып барат. Ошол жактан келе жатып Чоң-Сары-Ойдон жүк ташуучу унаа аласалып, атамдын боору жабыркап, ооруканага жетип каза болот. Ошондо "ичиме эле бир нерсе толуп жатат" деп айтыптыр. Ал кезде жаш хирург Иса Ахунбаев ичин ачып, кийин "Жоомарттын бардык органдары мыкты экен" деп, алган жарааты болбосо ден соолугу жакшы экенин айткан.
© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваБөкөнбаев: атамдын дүйнөдөн өткөнүнө 80 жылдын жүзү болот. Азыркы жаштардын көбү ал кишини билбей калды. Апам Тенти Адышева да эл акыны, коомдук ишмер болчу
Бөкөнбаев: атамдын дүйнөдөн өткөнүнө 80 жылдын жүзү болот. Азыркы жаштардын көбү ал кишини билбей калды. Апам Тенти Адышева да эл акыны, коомдук ишмер болчу
© Фото / из семейного архива Кулубека Боконбаева
Ушул кезге чейин "Токтогулду Токтогул кылган Жоомарт" дешет. Себеби атам бүт Кыргызстанды түрө кыдырып, төкмө акындар менен жолугуп, изилдеп, Токтогулдун өмүрү жана күүлөрү боюнча эки китеп жазган. Шаардын борборундагы аянтты "Ала-Тоо" деп Жоомарт Бөкөнбаев атаган. Ага чейин ар кандай сунуштар айтылып, "Надежда Крупская" деп атоону каалагандар да болуптур.
Андан кийин "Ленинчил жаш" гезитинде редактор болуп турганда Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Алыкул Осмонов өңдүү кыргыз адабиятынын негизин түзгөн адамдардын баары атамдын тарбиясын көрүп, жардам берип, редколлегиясында чогуу иштешиптир. Алыкул Осмоновдун эки китеби чыгып, атама "Жоомарт агайыма, сыймыктанам!" деген кол жазмасы менен берген экен, бул китеби үйдө турат.
"Анын ыры таттуу тилдүү бал эле,
Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле.
Жорголугун салыштыра келгенде,
Шырдакбектин жоргосундай бар эле", - деп Жоомарт Бөкөнбаевге арнаган Алыкул Осмоновдун ыры бар экен...
Акындын күчүн акын эле билет. Алыкул Москвага дарыланууга кеткенде атам чалып, "Алыкул, орусча да жакшы билбейсиң, анын үстүнө башка жердесиң. Эчтеке жазбасаң чүнчүп кетишиң мүмкүн. Чүнчүбө" деп өзү жаңы которуп баштаган Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасын берет. Атам укмуш берешен, жоомарт киши болгон экен. Бир ирет Борбордук комитеттин катчысы репрессияга учурап, атууга кетет. Ал кишинин бир туугандарын жана үй-бүлөсүн КГБ кышында эшикке чыгарып салат. Ошондо атам келе жатып караса, байкуштар суукта үшүп турушкан экен. Ал кезде эл душманы болгон адамдын үй-бүлөсүнө жолуккандан коркушчу. Атам баарын өз үйүнө киргизип, бир-эки айча багат. Арасында эжеси, иниси Кайып Оторбаев да болгон. Кийин Кайып Оторбаев үйлөнүп, тун уулунун атын Жоомарт коет, ал кадимки Жоомарт Оторбаев болуп жатпайбы.
© Sputnik / Асель СыдыковаБөкөнбаев: "Токтогулду Токтогул кылган Жоомарт" дешет. Себеби атам бүт Кыргызстанды түрө кыдырып, Токтогулдун өмүрү жана күүлөрү боюнча эки китеп жазган
Бөкөнбаев: "Токтогулду Токтогул кылган Жоомарт" дешет. Себеби атам бүт Кыргызстанды түрө кыдырып, Токтогулдун өмүрү жана күүлөрү боюнча эки китеп жазган
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Жоомарт Бөкөнбаевдин бала чагы Токтогулда, атасынан эрте ажырап, аябай оор өткөнү айтылат...
— Атамдын бир тууганы Зыяда эжем мен барганда атамдын бала чагын көп айтып берчү. Жоомарт өтө шок бала эле дейт. Тоо кыядан тик ылдый ат чаап келчү экен. Чоң атам киши колдуу болгон экен. Анан чоң апам Алтынайга Борбу деген бай зордоп эле үйлөнүп алат. Атамдын кичинекей кези экен. Эшиктен кирсе эле төшөктө Борбу жатканын көрүп, өтүкчөн эле башка тээптир. Анан тиги жылаңайлак үйүнө качып, жөн кетпей атамды тилдеп, жаман сөздөрдү айтып кетиптир. Ошондой шоктугу кийин да калган эмес. Саясатта да эч кимден коркпой, бетке айтчу. Хандан, бектен кайра тартпаган, кандай бийлик болбосун элдин көйгөйүн көтөргөн адам болуптур. Темиркул Үмөталиев атамдын жакын досу эле. Ал "Токтогулду изилдеп жазган эмгеги үчүн эле Жоомарт баатырдыкты алмак" деп айтчу.
— Атаңыз окууга дилгир болуп, Фрунзеге, кийин Москвага чейин барып окуп келип жатпайбы. Апаңыз менен кандайча таанышып калып жүрөт?
— Менин энем өтө сулуу кыз болгон. Ал кезде Фрунзедеги медициналык техникумда окуп жүргөн болот. Бир ирет чогулушка чакыруу билетин таратып калып, Жоомарт Бөкөнбаевдин кабинетине барып билетин берип кетет. "Карасам эле чачы тармал жигит экен. Анан мени карап калды, мен болсо кетип калдым" деп айтчу. Атам кийин медициналык техникумга барып, апамды сураштырып жүрүп таап, артынан сөз айтып чуркайт. Апам аны такыр жолотпойт. Себеби апамдын да кыялы укмуш болчу. Ошондо Жаныбек деген досун ала качып келүүгө жиберсе, аны да апам кагып жолотпой коёт. Ошону менен атам апамдын артынан төрт жыл чуркап, апам 19 жашында турмушка чыккан. Кийин атам "мурда эле макул болгонуңда беш-алты балалуу болмок экенбиз, буга да сен күнөөлүүсүң" деп тамашалап койчу экен. Энемди чын жүрөгү менен абдан сүйүптүр. "Тентибайым" деп гана эркелетчү экен.
© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваБөкөнбаев: атам апамдын артынан төрт жыл чуркап, апам 19 жашында турмушка чыккан
Бөкөнбаев: атам апамдын артынан төрт жыл чуркап, апам 19 жашында турмушка чыккан
© Фото / из семейного архива Кулубека Боконбаева
— Эгемендик алган алгачкы жылдары Жоомарт Бөкөнбаевдин Токтогул Сатылгановду изилдеген эмгегине бир топ сындар айтылган. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
— Көрө албас жаман жерибиз бар. Сасык саясаттын арты менен ошондой чабуулдар болгон, бирок эч кандай жыйынтык чыгара алышкан эмес. Каза болор алдында бизди таятамдыкына таштап жатып апама: "Тентибай, силер мында эки ай туруп тургулачы, мен кино тартуучуларга Каркыраны көрсөтүп келип, "Манастын уулу Семетей" фильминин сценарийин бүтүрүп, анан башымда бышып жетилип калган "Курманжан датка" поэмасын жарым айда кагазга түшүрүп коюп, силерди алып кетем", — дептир. Анан ошону менен келбей калып жатпайбы. Апамдын айтымында, атам алгач чыгарманы башында бышырып, анан кыйналбай шар-шар эле кагазга түшүрүп койчу экен. Кийин Сооронбай Жусуев "Курманжан датка" поэмасын жазып, "Жоомарт жетишпей калган поэманы жаздым" деп ачык айткан.
— Кыргызда Манасты ыйык тутабыз. Анан бизде мистикалык түшүнүктөр бар. "Ошол фильмди тартарда каза болду, бул темага тийишпей эле коюу керек эле" деп айтылып жүргөн сөздөргө пикириңиз кандай?
— Ал туура эмес. Атам акыркы чыгармасы, "Ажал менен ар-намыс" поэмасын жазып жүргөндө кечкурун аркы үйдөн бозоруп эле чыга калат. Көрсө, түш көрүп, түшүндө Бакай ата келип, атама тулпар, жоо-жарак берип, "жүр, балам" деп ээрчитип кетиптир. Ошондо эле апама "мен өлөт экенмин" деп айтыптыр. Ушул поэманы жакшы изилдебей жүрүшөт. "Манас" эпосундагы баатырлардын портреттерин укмуш берген. Көркөмдүк жагынан да өтө жогору жазылган.
© Sputnik / Асель СыдыковаБөкөнбаев: атам түшүндө Бакай атаны көрөт, ал "жүр, балам" деп ээрчитип кетиптир. Ошондо эле апама "мен өлөт экенмин" деп айтыптыр
Бөкөнбаев: атам түшүндө Бакай атаны көрөт, ал "жүр, балам" деп ээрчитип кетиптир. Ошондо эле апама "мен өлөт экенмин" деп айтыптыр
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Кичинекейиңизде эле атаңыз каза болуп калды да. Андан кийинки турмушуңуздар кандай өттү?
— Энем 24 жашында жесир калды. Колунда үч кичинекей бала жана медициналык техникумдун дипломунан башка эч бир билими жок болчу. Андан кийин тырышып университетти бүтүп, мамлекеттик иштерге аралашып, 1947-жылы таланты ачылып чыгармачылыкка келет. Ошону менен арадан 10 жыл өтөт. Кийин окумуштуу, академик Муса Адышев келип, апамдын колун сурайт. Мен анда 14 жаштагы бала болчумун. Анан апам менин оюмду сураганда дароо турмушка чыгышы керектигин айттым. Муса атабыз Алымбек датка менен Курманжан датканын чөбөрөсү. Анан бизди өз баласындай эркелетип карады. Кийин Эркиндик бульварынан бир белгилүү эле адам Күлүйпа Кондучалова менен баратса, жанынан учурашып Муса Адышев өтүп кеткен экен. Анан тиги киши "ушул Мусага түшүнбөйм, өзү татынакай жигит, академиядагы бир чоң институттун директору. Анан жесир аялды үч баласы менен алып алганы эмнеси" деп айтса, Кондучалова "гений адам гана ушундай кадамга бара алат" дептир. Муса атамды "өгөй" деп айтууга оозум барбайт, экинчи атабыз. Бизди ардактап өстүрдү. Ал киши Кыргызстанда геология илимин негиздеген адам. Улуу Ата Мекендик согушта да болгон, 1947-жылы согуштан кийин Өзбекстан аны чоң экспедициянын башчысы кылып дайындаганда "жок, өз мекениме барам" деп Кыргызстанга кетип калган экен. Кийин академиянын директору болгондо жүрөгү кармап каза болуп калды. Себеби бул кишинин да турмушу оор болду. Алымбек датканын тукуму деп далай куугунтук жеген. Менин жашоомдогу ушул үч киши тең кыргыз элине опол тоодой кызмат кылган адамдар. Муса атам менен апам бир балалуу болушту.
© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваБөкөнбаев: энем 24 жашында жесир калды. Колунда үч кичинекей бала жана медициналык техникумдун дипломунан башка эч бир билими жок болчу
Бөкөнбаев: энем 24 жашында жесир калды. Колунда үч кичинекей бала жана медициналык техникумдун дипломунан башка эч бир билими жок болчу
© Фото / из семейного архива Кулубека Боконбаева
— Жоомарт Бөкөнбаев 16 бир тууган болуп, бирок анын экөө эле калган экен...
— Бөкөнбай атамдан Зыяда эжем менен атам эле калган. Ал киши 90дон ашып каза болду. Атам кырсыкка учурабаса 100гө чыкмак, анткени ден соолугу ушунчалык бекем болуптур.
Атам каза болгондо өкмөт балдарына 20 жашка чейин жөлөк пул чегерип, апама да акча чыгарып берген. Өзгөчө Төрөбай Кулатовго камкордугу үчүн ыраазымын.
Шаарда атама эстелик коюлганда Борбордук комитеттин 2-катчысы "бул улутчул Жоомартка ким эстелик койдурду?" деп кыйкырып чыгат, анан Кулатов "мен уруксат бергем" дептир.
— Адабиятта да тирешүү абдан жогору болгон да...
— Эми тирешүү адабиятта эле эмес, илимде, институтта да болот. "Менден башкаңар эч ким эмессиңер" дегендер көп. Атам көп кишиге жардам берип, өрнөк болуптур. Мен кичине кезде көчөдөн көбү "ай, Кулубек, сенин атаңдай болобуз деп биз да университетте окуп жатабыз. Ал киши баарыбызга үлгү болчу" деп айтышчу эле.
Мен да атамдын чыгармачылыгын 50 жаштан кийин гана изилдей баштадым. Анткени мурда илимий иштер менен алектенип, геолог катары тоо-ташты да кыдырып жүрдүк. Илимий даражаларды алгандан кийин гана ал кишинин чыгармачылыгын карай баштадым. Байкасам, укмуш акын болгон экен. Атам окуган китептеринин арасында робот техникасы тууралуу эмгек да бар. Ошого да кызыгыптыр. Анан эң жакшы көргөн акыны Лермонтов болуптур. Ырларынын баарына араб алфавитинде комментарий жазып, которуптур.