Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кыргызстандын ТИМи Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

© Sputnik / Жоомарт УраимовДеятельность Министерства иностранных дел
Деятельность Министерства иностранных дел - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Жазылуу
Министрлик бардык тараптарды жөнөкөй элдин, чет элдиктердин коопсуздугуна кам көрүп, аларга чыр-чатак болуп жаткан зонадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган.
БИШКЕК, 26-фев.— Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты.
"Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Россия жана Украина элдери менен эзелтен берки достук мамилени эске алып, тараптар чыр-чатакты тез арада сүйлөшүү жолу менен чечет деп үмүттөнөбүз", — деп жазылат билдирүүдө.
ТИМ тынчтык жана туруктуулукка жетүү үчүн тараптардын сүйлөшүүсүнө багытталган бардык демилге, сунуштар кабыл алынарын белгилеген. Министрлик тараптарды жөнөкөй элдин, чет элдиктердин коопсуздугуна кам көрүп, аларга чыр-чатак болуп жаткан зонадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган.
Эскерте кетсек, Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштай турганын 24-февралдын таңында жарыялаган. РФ президенти Владимир Путин элине кайрылуу жасап, түзүлгөн жагдай токтоосуз аракеттерди көрүүгө аргасыз кылганын белгилеген. Анын айтымында, кан төгүүнүн жоопкерчилиги Киев режиминин абийиринде болот. Президент украин аскерлерине да кайрылып, куралын таштап үйүнө кайтуу мүмкүнчүлүгүн берген.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Россиянын Куралдуу күчтөрү соккуларды Украинанын курал-жарак, ок-дары сакталган кампаларына, аэродромдоруна узатып жатат.
25-февраль күнү кечке маал Украина президенти Владимир Зеленский РФ президентине сүйлөшүүнү сунуштап кайрылган. Путин да Кытай лидери Си Цзиньпин менен телефон аркылуу байланышып жатып жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген.
Брюсселде НАТОнун эмблемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Россияны Украинадагы атайын операцияны токтотууга чакырды. Чукул жыйын
Жаңылыктар түрмөгү
0