Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Максат Чаки: "Ош шаары — Жибек Жолунун провайдери" деген статус алды

© Sputnik / Асель СыдыковаБренддөө, туризм боюнча серепчи Максат Чаки
Бренддөө, туризм боюнча серепчи Максат Чаки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Жазылуу
Бренддөө, туризм боюнча серепчи Максат Чаки туризмдин өнүгүүсү үчүн бренддин мааниси кандай экенин түшүндүрүп берди.
Муниципалдык деңгээлде бренд түзүү колго алынууда. Алгачкылардан болуп Ош шаарынын бренди, стратегиясы менен түзүлдү. Бул тууралуу Максат Чаки Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Максат Чаки: "Ош шаары — Жибек Жолунун провайдери" деген статус алды
Анын айтымында, алдыда Чаткал районунун брендин түзүү пландалууда.
"Бренд деген кыскача айтканда "статус" дегенди түшүндүрөт. Мисалы, Афганистан сыяктуу имиджи начар өлкөгө чоң маяна убадалап ишке чакырса барбайт. Америка, Европа сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө баары умтулууда. Ошол эле iPhone көтөрүү беделдүү, ал эми кнопкалуу телефон көтөрүү уяттай сезилет. Ошону билип 20-кылымда Батыш Европа, Түркия, Америка, Япония сыяктуу өлкөлөр өздөрүн бренддешкен. Биз сыяктуу мамлекеттерде бренд жаратылбайт. Өзүн жетиштүү деңгээлде жарнамалай албайт. Өлкөнүн брендин жаратуу буга чейинки бийликтегилерге көп жолу сунушталды. Тилекке каршы, колдоого алынбай келген. Соңку убакта бул багытта иштер акырындап жолго салына баштады. Учурда алгачкы баскычта, муниципалдык деңгээлде түшүнүк пайда болууда. Район, шаар, атургай айылдарды бренддөө максатыбыз бар. Алгачкылардан болуп Ош шаарын бренддөө колго алынып, жасалып чыкты. Шаардын бренд стратегиясы иштелип чыгып, эл аралык баага татый алды. Тактап айта турган болсок, БУУнун UNWTO уюму "Ош шаары — Жибек Жолунун провайдери" деген статус берди. Мындай статус өлкөнүн бир дагы шаарында жок болчу. Учурда райондордун брендин түзүү боюнча тапшырыктар түшө баштады", — деди Максат Чаки.
Ошондой эле ал бренддөө туризмдин, экономиканын өсүшүнө жана өлкө имиджин көтөрүүгө салымы чоң экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0