Майын сордурткан адамга семирбейт деп кепилдик бербейбиз. Хирургдардын маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековПластикалык хирург Улукбек Маматов (оңдо) жана дарыгер, хирург Дастан Ибраев
Пластикалык хирург Улукбек Маматов (оңдо) жана дарыгер, хирург Дастан Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ашыкча салмакты XXI кылымдын жугуштуу эмес эпидемиясы деп атаган. Аталган уюмдун божомолунда 2030-жылдары бул жаатта кыйын кырдаал жаралышы мүмкүн.
Sputnik редакциясында пластикалык хирург Улукбек Маматов жана дарыгер, хирург Дастан Ибраев менен аталган көйгөйдөгү хирургиянын ролу тууралуу сүйлөштүк.
— Ашыкча салмактан арылуудагы хирургиялык заманбап ыкмаларга токтолуп кетсеңиздер?
Дастан Ибраев: — Бариатриялык хирургия латын тилинен которгондо baros — "салмак", "оордук" дегенди билдирсе, трия — "дарылоону" туюнтат. Муну жалпы хирургиянын бир тармагы, ашыкча салмактан арылтуу жана арыктатуу бөлүмү десек болот. Ал рестриктивдүү, мальабсорбция жана аралаш болуп үчкө бөлүнөт. Рестриктивдүү хирургияда ашказандын көлөмү кичирейтилсе, мальабсорбция жолу менен ашказанга баруучу ичегилер ичкертилип, кыскарат. Ал эми үчүнчүсүндө жогорудагы экөө тең жасалат. Мындан адам кадимкидей салмак таштап, арыктай баштайт. Анан липосакция жолу менен денедеги май кетпеген көйгөйлүү зоналардын майы алынат. Семиргенде тери чоюлуп калат, анан арыктаганда шалбырап калган терини алып салууга туура келет.
© Фото / Жылдыз ИсабаеваДастан Ибраев: бариатриялык хирургия латын тилинен которгондо baros — "салмак", "оордук" дегенди билдирсе, трия — "дарылоону" туюнтат.
Врач, хирург Дастан Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Дастан Ибраев: бариатриялык хирургия латын тилинен которгондо baros — "салмак", "оордук" дегенди билдирсе, трия — "дарылоону" туюнтат.
— Бариатриялык операциялар кимдерге сунушталат? Деги эле арыктоо үчүн эмне себептен операция жасатууга муктаждык жаралып калууда?
Д.И.: — Бул операциялар баарына эле жасала бербейт. Анын өзүнүн талаптары бар. Биринчиден, ашыкча салмактын себебин билүү керек. Негизинен 90 пайызы калориялуу, углеводу көп тамактарды жегенден болот. Калган 10 пайызы гормоналдык, нейрогендик бузулуудан болушу мүмкүн. Буларга операция жасалбайт. Ошондой эле бариатриялык хирургия жолу менен кандагы канттын деңгээлин ылдыйлатууга болот.
— 2016-жылы Американын диабет ассоциациясы жана Эл аралык диабет федерациясы II типтеги диабеттин санын кыскартуу үчүн бариатриялык хирургияны сунуштаганын билебиз. Бизде бул жаатта операция жасалабы?
Д.И.: — Кыргызстанда хирургиянын бул түрү эми өнүгүп келе жатат. Операция жасалып баштаганына үч-төрт жылдай болуп калды.
© Sputnik / Табылды КадырбековУлукбек Маматов: негизинен 90 пайызы калориялуу, углеводу көп тамактарды жегенден болот. Калган 10 пайызы гормоналдык, нейрогендик бузулуудан болушу мүмкүн.
Пластический хирург Улукбек Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Улукбек Маматов: негизинен 90 пайызы калориялуу, углеводу көп тамактарды жегенден болот. Калган 10 пайызы гормоналдык, нейрогендик бузулуудан болушу мүмкүн.
— Улукбек мырза, бизде пластикалык хирургия жолу менен дене мүчөсүн сулуулатуу үчүн кайрылган бейтаптар барбы?
Улукбек Маматов: — Ашыкча салмак менен жабыркаган бейтаптар "арыкташым керек" деп келет. Бул учурда пластикалык хирург туура консультация берип жөнөтүшү керек. Эгер адамдын жүрөгүнөн бери май басып кетсе, липосакция менен маселе чечилбейт. Анткени ал салмакты азайтпайт, жөн гана фигуранын контурларын чыгарууга жардам берет. Ошол себептен жалпы хирургдарга жиберебиз. Анткени алардан бариатриялык хирургия тууралуу маалымат алып, анан толук текшерилиши керек. Булар да баарын эле операция кыла бербейт. Алгач диета кармоого мотивация берет. Алардын колунан өткөн соң гана бизге келиши мүмкүн.
Азыр шаарда тез тамактануучу жайлар ачылып, жаш балдар менен барып да тамактанып жатабыз. Чынында абдан зыяндуу. Анан да активдүү жашоо образы төмөндөп кетти. Жумушта да кечке отурабыз, унаа айдагандыктан көбүбүз жөө баспайбыз, кыймыл аз. Ошондуктан азыр жашы өткөндөрдү эле эмес, жаштарды да май басып бара жатат. Бул жагынан элге коңгуроо кагуу учуру келди.
— Кичине балдардын ашыкча салмагы да жашоо образына байланыштуубу?
У.М.: — Балдардын тамактанганын да караш керек. Педиатрлар деле акыркы кезде ашыкча салмак менен бөбөктөр көп келип баштаганын айтып калышты. Май басып кеткени дароо эле байкалат. Аны врач эмес, жөнөкөй адам деле билип коёт. Мындай балдар көп ойнобойт. Телефон чукуп эле ылгабай тамак жеп, чыргоо болуп калат. Тамак бербесең кыйкырып тополоң да салып башташы ыктымал. Белгилери ушундай.
— Операция жолу менен ашказанды кичирейтүү процесси тууралуу айтып берсеңиз. Организмге залалын тийгизбейби?
Д.И.: — Бул жогорку технологиядагы операцияларга кирет. Мурда ич көңдөйүн ачса, азыр лапароскопиялык жол менен эле жасалат. Буга атайын стол, талапка ылайык шарт, технология болушу зарыл. Операциянын түрүнө жараша убактысы ар кандай. Хирургдун да тажрыйбасын кароо керек.
© Фото / Жылдыз ИсабаеваДастан Ибраев: ашказанды кичирейтүү жогорку технологиядагы операцияларга кирет.
Врач, хирург Дастан Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Дастан Ибраев: ашказанды кичирейтүү жогорку технологиядагы операцияларга кирет.
— Бариатриялык операция жасоодо алгач адамдын индекс массасын чыгарып туруп, анан чечим чыгарат экенсиздер. Канча килограмм салмактан жогору адамга бариатриялык операция жасоого болот?
Д.И.: — Эң негизгиси, дененин индекс салмагын кароо керек. Адамдын салмагы боюна жараша чарчы метрге карап эсептелип чыгарылат. Мында индекс көрсөтмөсү 35-40тан жогору болсо операция жасоого уруксат. Анткени бул 2-даражадагы май басуу. Дененин индекс салмагы төмөн, II типтеги кант диабети болсо хирург эле эмес, бүтүндөй команда — анестезиолог, кардиолог, эндокринологдор менен кеңешип чечим чыгарабыз.
— Биздин жарандар эстетикалык сулуулук үчүн же ден соолуктун айынан кайрылып жатышабы?
У.М.: — Ашыкча салмактан арылууну каалагандардын 80 пайызы (аялдар) сулуулук үчүн келишет. Спорт менен машыгып, тулку бойду жакшыртып, ашыкча салмактан кутула алчу бейтаптар да бар. Аларга кеңеш бергенибиз менен кардар өзү чечим чыгарат, биз операция жасап беребиз. Алсак, кээ бир бейтаптар операция жасатыш үчүн атайын жылдап салмак кошуп келишет. Анткени имплант койдурбай өзүнүн майын жамбашына куюп, келбетти жакшыртса болот. Бул — денени липомоделдөө операциясы. Булар канчалык спорт менен машыкса дагы өзү каалагандай жыйынтыкка жетпеген өтө арык кыздар. Ал эми ашыкча салмактан ден соолугум жапа чекпесин деп кайрылгандар абдан эле аз. Бул кишилер бариатриялык операция (ашказанды кичирейтүү) жасатышат. Бирок сулуулук үчүн операция жасатып кеткендер кадимкидей психологиялык жактан өзгөрүшөт. Жарым жылдан кийин текшерүүгө келгенде айрымдарынын жумушунда жылыш болуп, өзүн баалап калганы байкалат.
© Фото / Жылдыз ИсабаеваУлукбек Маматов: липосакция абдан кымбат жабдыктар менен жасалат. Анда кичинекей тешик аркылуу май, тамырлар бузулбай алынып, кайрадан денеге куюлат.
Пластический хирург Улукбек Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Улукбек Маматов: липосакция абдан кымбат жабдыктар менен жасалат. Анда кичинекей тешик аркылуу май, тамырлар бузулбай алынып, кайрадан денеге куюлат.
— Пластикалык хирургияда майды алып салуу технологиясы канчалык натыйжалуу жана коопсуз?
У.М.: — Липосакция абдан кымбат жабдыктар менен жасалат. Аталган жабдык менен кичинекей тешик аркылуу май, тамырлар бузулбай алынып, кайрадан денеге куюлат. Өлкөдө бул операциянын ультраүн жана вибрациялык деген түрлөрү (4-5 саат) жасалууда. Май сордуруп жатканда вибрация болуп, анын жардамы менен майлар бириндеп жакшы сорулат. Кайра куюлган май оңой сиңип кетет.
Бишкектеги көп эле клиникаларда липосакция жасай турган жабдыктар бар. Ага чейин майды электроотсос менен сордуруп салышчу эле. Бул — өтө кооптуу механикалык ыкма. Мындай операцияда кан тамырлар катуу жабыркайт.
— Бир адамдан канча литр май алып салууга болот?
У.М.: — Дененин кайсы бир бөлүгүнөн 100 пайыз май алсак, бир кат майын (15-20 %) денеде калтырабыз. Терини өтө жукартып сырткы майларды толук алып салууга болбойт, көрүнүшү да жаман болуп калат. Адамда ички жана сырткы май катмары бар. Ички бөлүктөгү кабат-кабат майларга такыр тийбейбиз. Анткени анда маанилүү кан тамырлар жайгашкан.
— Мындай операциялардын баасы канча турат?
У.М.: — Бир зонасы 500 доллардан өйдө. Майды сордуруп, аны кайра куюп берүүгө да акча кошулат. Ушул процессти толук колдонууга бейтап 2-3 миң доллар коротот. Бул баа Бишкекке эле тийиштүү. Азыр Россия, Казакстандан да кардарлар көп келип жатышат. Алар операциянын арзанына таң калышат. Келип-кеткен чыгымын кошкондо да биздики арзан экен. Россияда буга окшогон операция 10-20 миң долларга чейин барат. Негизи бул комплекстүү командалык иш. Мында психолог да иштейт. Сордурулган майды да фильтрлеп даярдап, анан кайра куябыз. Андан кийин бейтаптын алдына ысытуучу жылуу атайын матрас салып, бапестеп карашыбыз зарыл. Ашыкча майды алдыргандан кийин бейтап реабилитацияга да (массаж, витамин) каражат коротууга даяр болушу керек. Май алынгандан кийин шалбыраган тери (өзгөчө улгайган адамдардыкы) кесилет. Бирок адам ден соолугуна кам көрүп, туура жашоо образын карманбаса тери чоюлуп, майлар кайрадан топтолушу толук мүмкүн.
Кайрылгандардын арасында эркектер да бар. Айрымдар ашыкча салмактан дем ала албай калганын айтса, жаш жигиттер булчуң чыгартуу үчүн келишет.
© Фото / Жылдыз ИсабаеваУлукбек Маматов: кайрылгандардын арасында эркектер да бар. Айрымдар ашыкча салмактан дем ала албай калганын айтса, жаш жигиттер булчуң чыгартуу үчүн келишет.
Пластический хирург Улукбек Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Улукбек Маматов: кайрылгандардын арасында эркектер да бар. Айрымдар ашыкча салмактан дем ала албай калганын айтса, жаш жигиттер булчуң чыгартуу үчүн келишет.
— Операциядан кийин организм стресс албайбы?
У.М.: — Май деле плазма да. Ошондуктан организм бир аз стресске кабылат. Операциядан кийин кандын деңгээли да кичине түшкөндүктөн анемиясы барларга жасабайбыз. Бейтап бир күн реанимацияда байкоодо болот, баары жакшы болгондон кийин гана палатага которобуз. Калыбына келген соң "спорт залга баргыла, машыккыла" деп өзүбүз айтабыз. Болгону бир-эки ай массаж алып, врачтын байкоосунда болушу шарт. Андан кийин активдүү жашоо образын кармануу керек. Операциядан кийин жараат ырбап кетпейт деп эч ким кепилдик бербейт. Ошондуктан толук анализ тапшыртабыз.
— Бариатриялык операциядан кийин шалбыраган ашыкча тери да алып салынат. Бейтап кийин толуп кетсе бул кооптуу эмеспи?
У.М.: — Жаштардын денеси тез калыбына келет. Атайын компрессордук ич кийим кийүү керек. Семирсе кайра эле тери чоюла берет. Липосакциянын мааниси тулку бойду оңдоодон тышкары, кайрадан майдын топтолушуна жол бербөө. Алсак, май алынган жерлер механикалык жараат алгандыктан берч сыяктуу тоскоолдук пайда болот. Демек, тери менен майдын ортосу катуу жабышып, кысып калат. Ал териге кайра май чогултууга тоскоолдук жаратат. Бирок хирург эч качан бейтапка "болду, семирбейсиз" деп айтпашы керек. Себеби медицина так илим болбогондуктан кепилдик берүү мүмкүн эмес.
— Дастан мырза, бариатриялык хирургияны кимдерге жасоого болбойт?
Д.И.: — Мунун да кыйыр көрсөтмөлөрү бар. Өнөкөт оорулар козголуп турганда операцияга тыюу салынат. Экинчиден, аутоиммундук системалык ооруларга, кош бойлууларга, психикалык оорусу барларга, алкоголизм, наркомания менен жабыркагандарга жасалбайт. Операцияга бир-эки ай калганда бейтап майы жок, белок кошулган тамак-аштарга басым жасап, кофе, тамеки, спирт ичимдигин колдонбой диета кармайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековДастан Ибраев: аутоиммундук системалык ооруларга, кош бойлууларга, психикалык оорусу барларга, алкоголизм, наркомания менен жабыркагандарга операция жасалбайт.
Врач, хирург Дастан Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Дастан Ибраев: аутоиммундук системалык ооруларга, кош бойлууларга, психикалык оорусу барларга, алкоголизм, наркомания менен жабыркагандарга операция жасалбайт.
— Ашказанды кичирейтүүнүн оң таасирлери тууралуу айтсаңыз?
Д.И: — Организмди май басып кетсе кошумча оорулар да козголот. Мындай операция кант диабети менен жабыркагандарга да жакшы. Тамак аз жеп баштагандыктан кандагы канттын деңгээли көтөрүлбөйт. Негизи ашыкча салмак муундарга күч келтирет. Салмак азайганда муундар калыбына келип, жүрөктү май басуудан сактайт.
— Баасы канча?
— Мындай операциялар бизде 200 миң сомдун тегереги. Ашказанын кичирейткенден кийин кошумча витаминдерди дайыма ичип жүрүшү керек. Анан мурдагыдай эмес, аз-аздан тез-тез тамактанууга туура келет. Калыбына келгиче бир ай тап менен жүрөт.
КГМИПиПКнын стоматология кафедрасынын башчысы, доцент Нуржан Кыдыкбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Балдардын жаак сөөгү өспөй, тиши кыйшык чыгууда. Стоматолог Кыдыкбаеванын маеги
Улуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Онколог Жекшенов: турмушка эрте же кеч чыккандарда ракка чалдыгуу кооптуулугу күч
Жаңылыктар түрмөгү
0