Онколог Жекшенов: турмушка эрте же кеч чыккандарда ракка чалдыгуу кооптуулугу күч

© Фото / предоставлено Маратом ЖекшеновымУлуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов
Улуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Жазылуу
Онкологиялык оорулар учурдун көйгөйү болуп турганы анык. Бейтаптардын саны да барган сайын өсүп жатат. Өкүнүчтүүсү — жаш балдар да ооруп, наристесинин өмүрү үчүн жардам сурагандар арбыды.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Санжарбек Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун онкология жана радиациялык терапия кафедрасынын окутуучусу, Улуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов болду.
Биз өлкөдөгү онкологиялык оору менен алышып жаткандар боюнча, ракты алдын алуу жана күчөй электе аныктоо жолдору тууралуу сүйлөштүк.
— Алгач онкологиялык оорулардын келип чыгуу себебине токтолсок…
— Биздин заманга чейин эле окумуштуу Гиппократ тарабынан адамда шишик болору байкалган. Кесип көрүп формасы рак жаныбарына окшош болгондуктан ооруну да "рак" деп атап койгон. Мындан улам илимге да "рак" деген термин кирген. Андан кийин Байыркы Рим медиги Гален да залалдуу шишиктерди изилдеп көрүп, бул дартка онкос (шишиктер) деген ат ыйгарган. Азыркы учурда онкологиялык оорулар дүйнөдөгү эң кооптуу көйгөй. Канчалаган изилдөөлөр жүргүзүлсө да оорунун пайда болуусунун себеби табыла элек. Бирок рактын айрым түрлөрү, мисалы, жатын моюнчасынын рагы папиллома вирусунун он алтынчы жана сегизинчи тибине чалдыккан аялдарда пайда болору аныкталган. Өнүккөн өлкөлөр бул вируска каршы вакцинациялоону киргизип, ал 15 жашка чейинки кыздарга жасалып жатат. Мындан улам ооругандардын саны да азаят экен. Бизде азырынча мындай мүмкүнчүлүк жок.
— Демек, онкологиялык оорулар түрлөрү, багыты боюнча өз-өзүнчө изилденет экен да…
— Ооба, өз-өзүнчө изилденет. Анткени бул дарт өзүнчө багыт, чоң түшүнүк болгондуктан ар бир органдын өз чектөөсү болот. Изилдениши да, жетишкендиктери да ар башка. Азыр ашказан рагы да көп кездешет. Айрыкча Япония жана бүткүл Азия өлкөлөрүндө ооругандар көп, бирок анын себеби ушул кезге чейин аныктала элек. Японияда ооруну эрте аныктагандыктан дарылоого мүмкүнчүлүк болуп өлүм аз. Бизде, тилекке каршы, ракты көпчүлүк учурда акыркы стадияларында гана аныктап калгандыктан айыктырууга мүмкүн болбой калат.
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов: Азыр ашказан рагы да көп кездешет. Айрыкча Азия өлкөлөрүндө ооругандар көп, бирок анын себеби ушул кезге чейин аныктала элек.
Преподаватель кафедры онкологии и лучевой терапии КГМИПиПК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Улуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов: Азыр ашказан рагы да көп кездешет. Айрыкча Азия өлкөлөрүндө ооругандар көп, бирок анын себеби ушул кезге чейин аныктала элек.
— Бул дарттын негизги фактору катары эмнени атоого болот?
— Бир эле факторду атоо кыйын. Көбүнчө бир нече фактордун бир убакта пайда болушу таасир этип калат. Эң негизгиси химиялык канцерогендери көп тамак-аштарды пайдалануунун таасиринен болот. Канцерогендер шишикти пайда кылат. Булар жарым фабрикаттарда, консерваларда, фаст-фуддарда жана куурулган тамакта арбын. Ошондой эле белоктун (колбаса, кызыл эт) тамак-ашта көп болушу да зыян. Колбаса азыктары да жоон ичегиде рактын пайда болушуна өбөлгө түзүп берет. Андан тышкары, адамдын папиллома, Т-лимфотроптук вирусу, герпес вирусунун 8 түрү, гепатит В, С өңдүү вирустар дагы шишикти пайда кылат. Муну менен бирге аталган дартка айлана-чөйрө да таасир этет. Акыркы кезде борбор шаарыбызда ыш маселеси кооптуулук жаратууда. Ушул жол менен кете берсек өлкөдө өпкө рагы өсөт. Мындан тышкары, ашыкча салмак, бир орундан жылбай иштөө, башкача айтканда, кыймылдын аздыгы жана ар кайсы чектөө боюнча вирустар да рактын пайда болушуна фактор болуп берет. Гепатит вирусу өнөкөт ооруга айланып кетсе, 20 жылдан кийин ал ракка өтүп кетет. Андан тышкары, тамеки, насвай да өпкө рагына алып келет.
— Бөбөктөр арасында да ракка чалдыккандар көбөйүп баратат. Тукум куучулук фактору барбы?
— Түйүлдүк кезинде өрчүүсү бузулган учурда рак клеткалары пайда болот. Мындайча айтканда, өрчүбөй калган клетка түйүлдүктө шишик болуп калып калат. Ал эми аялдардын көкүрөк бездеринде гендик бузулуу болсо ал тукум кууйт. Ошол эле Анжелина Жоли генинде эмчек рагы бар болгондуктан эрте эле көкүрөк бездерин алдыртып, ордуна имплант койдуруп алган.
Жекшенов: жатын моюнчасынын рагына жыныстык жашоого эрте аралашуу да себеп
— Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен кимдер көп жабыркап жатат?
— Аялдардын көрсөткүчүн бөлөк, эркектердикин өзүнчө алалы. Эркектерде биринчи орунда ашказан, өпкө, боор, жоон ичеги жана простата бездеринин шишиктери көп кездешет. Аялдарда биринчи орунда көкүрөк бези турат. Бул дарт барган сайын абдан көбөйүп жана жашарып бараткандыктан өлкөдө чоң көйгөйгө айланып калды. Андан кийин жатын моюнчасынын рагы да өсүп жатат. Бул эки шишик тең сыртынан эле байкалып турат. Бирок ошого карабай көбөйүүдө. Ай сайын болбосо да, жыл сайын маммолог, гинекологдорго көрүнүп, өзүн өзү карап жүрсө мынчалык көйгөй болбойт эле. Андан кийин ашказан жана жатын рагы көп катталат. Ал эми балдар арасында лейкоз дарты көп. Бөбөктөрдө кан оорулары жана түрдүү шишиктер катталууда.
— Учурда аялдар арасындагы эмчек рагы 25 жаштагы кыз-келиндерде, жаңы төрөгөндөрдүн арасында да кездешип жатканы байкалат. Буга эмне себеп?
— Кеч турмушка чыгып же жыныстык жашоого кеч баруу да көкүрөк безинин рагын шарттайт. Ошол эле аялдардын жатын моюнчасынын шишигине кабылгандардын кооптуу тобуна эрте турмушка чыккандар жана башаламан төшөк мамилесинде болгондор кирет. Азыр апалар жумушуна байланыштуу бала эмизбей же наристени эмчектен эрте чыгарууда. Муну менен катар аборт жасаткандар да көп. Ушунун баары эмчек рагына кептеши мүмкүн. Анткени бойго бүткөндө көкүрөк бези да сүт чыгарууга даярдана баштайт. Бойдон алдырганда гормондор бузулуп, сүт бездери жабыркайт.
© Фото / предоставлено Маратом ЖекшеновымОнколог Жекшенов: Айрым учурда ракка шарт түзгөн атайын оорулар болот. Ошол ооруларды аныктап, мындай дарты барлар дайыма врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл.
Научный сотрудник НЦОГ Марат Жекшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Онколог Жекшенов: Айрым учурда ракка шарт түзгөн атайын оорулар болот. Ошол ооруларды аныктап, мындай дарты барлар дайыма врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл.
— Рактын алгачкы белгилери байкалбайт экен. Ошентсе да ооруну алдын алуу жагын айтсаңыз?
— Тамак-ашка маани берүү керек. Өсүмдүк кошулган тамак-аштарды, клетчаткаларды көбүрөөк жеп, спорт менен машыгып, таза абада дем алганга аракет кылуу керек. Залалдуу жана залалсыз шишиктер адамдын ар кайсы органында пайда боло берет. Булардын себеби аныкталса, дарылоо жагы да эффективдүү болмок.
Айрым учурда ракка шарт түзгөн атайын оорулар болот. Ошол ооруларды аныктап, мындай дарты барлар дайыма врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл. Мамлекет элдин медициналык жактан камсыздалышына көңүл буруп, аймактарды кадрлар менен толуктап турушу керек. Азыр алыскы райондордо маммолог, гинеколог өңдүү адистер жетишсиз. Ар бир онкологиялык оорунун дарылоо жолу өзүнчө болот. Ошол эле ичегинин шишигинде алгач дарылоо терапиясы, анан химия жасалат.
Кызыл өңгөчтүн шишиги клеткадан пайда болот, аны нур менен дарылоо жакшы жардам берет. Онкология оорулары терапия, нур жана химиотерапия ыкмасы менен үч багытта дарыланат. Ооруга жараша үчөөнүн бири негизги, калган экөө көмөкчү дарылоо ыкмасы болуп эсептелинет. Буга чейин нур менен кактап дарылоо көйгөй болуп келген, себеби биздеги аппараттардын эскилиги жеткен эле. 2021-жылы жаңы аппараттар коюлуп, ишке берилди. Химия менен дарылоодо чоңдор препараттарды өздөрү сатып алышат, ал эми балдарды мамлекет камсыздайт. Бизде жок айрым кымбат дарыларды гана сатып алууга туура келет.
Аял кызы менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Бала тарбиялоого эненин мойнундагы 28 жүктүн таасири тиет. Психологдун маеги
Офтальмологтун кабинетинде Сивцевдин таблицасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Офтальмолог Бекбоева: монитордон чыккан нур, радиация көздүн сырткы челин жукартат
Жаңылыктар түрмөгү
0