Элмирбек акындын кызы Айзуура: атам менен апама берчү суроолорум жоопсуз калды...

© Sputnik / Табылды КадырбековДочь известного акына-имправизатора Элмирбека Иманалиева, телеведущая Айзуура Иманалиева
Дочь известного акына-имправизатора Элмирбека Иманалиева, телеведущая Айзуура Иманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Жазылуу
Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо быйыл 44 жашка чыкмак. Ал Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү эле.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында КР эл артисти, манасчы, обончу, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу залкардын кызы Айзуура Иманалиева менен кеп кылдык. Айзуура маектешүү учурунда ата-энеси тууралуу бирде толкуп-ташып кубана, бирде жашка мууна ыйлап сүйлөп жатты.
Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылыкка эрте аралашып, төкмө акын, актер, манасчы, обончу, аткаруучу катары да жылдызы жанган. Акын 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында арабыздан бөлүнүп кетти.
— Бүгүн биз эл уулу, төкмөлөрдүн залкары атанган атаңыз Элмирбек Иманалиевди эскерели деп турабыз...
— Атам аябай жөнөкөй инсан болчу. Негизи адам баласында бир кичинекей ийгиликке жетсе эле көтөрүлүп калмай пендечилик адатыбыз бар. Бирок атам анткен жок. Дайыма эл менен кошо тыгылышып коомдук транспортто жүрчү. Бул атамдын машина алууга кудурети жетпегендигинен эмес, элге жакын болгондугунан эле. Эл менен аралашып жүрүүнү жактырып, илхам эл арасында жүргөндө келет дечү. Ал чыгармачылык эргүүнү элден алчу. Мага да кээде "машина айдаганда ар кимге ачууланып жатып илхам да качат. Кызым, сен да машинаны аз айда. Көп ойлонууга мүмкүнчүлүк жаралат" деп коёр эле. Андан тышкары, балага тарбия берүүдө мыкты болчу. Кичине кезибизде Константин Юдахиндин сөздүгүн ачып алып "мына, бул мындай которулат, мааниси момундай. Силер кыргызча да, орусча да мыкты билишиңер керек" деп жаздырып мугалим болчу. Анан "тарыхта калган инсандарды да билгиле, бирөө сураса жер карабай" деп тээ Галилейден бери жаттатчу.
Бүгүнкү күнгө чейин атамдын жасаган тамагынын даамы оозумдан кете элек. Ашканага кээде гана баш бакканы менен чет өлкөдө командировкада жүрүп үйрөнүп келген тамактарын жасап берчү. Башка улуттун тамактарын алгач атамдын колунан ооз тийгем. Ал киши ушундай мыкты ата болчу.
— Сиз билген бала чагына кайрылсакчы?
— Атам Токтогулдун Өзгөрүш деген жериндеги чоңколордун айылынан болот. Чоңколор сөздү таап сүйлөгөн, куйкум кептүү болушат эмеспи. Бүгүн айылдаштары, аксакалдар атамдын ысымын сыймыктануу менен аташат. Чоңко айылы алаканга салып койгондой тоо койнундагы айыл. Ал жер илгери чоң колот деп аталып эл мал-салын жайып жүрчү экен. Кийин калк отурукташып, кыштак түптөлүп, чоң колот — чоңко болуп кыскарып кетет. Тууганбай Абдиев атамды ошол айылдан таап, шаарга жетелеп келген.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйзуура Иманалиева: Атам аябай жөнөкөй инсан болчу. Негизи адам баласында бир кичинекей ийгиликке жетсе эле көтөрүлүп калмай пендечилик адатыбыз бар. Бирок атам анткен жок.
Дочь известного акына-имправизатора Элмирбека Иманалиева, телеведущая Айзуура Иманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Айзуура Иманалиева: Атам аябай жөнөкөй инсан болчу. Негизи адам баласында бир кичинекей ийгиликке жетсе эле көтөрүлүп калмай пендечилик адатыбыз бар. Бирок атам анткен жок.
— Тууганбай Абдиевге жолукканга чейин эле жакындарынын, айылдаштарынын арасында таланты оозго алынып калыптыр да...
— Ооба, мен кичинемде чоң энемдин колунда өстүм. Ал киши абдан сөзмөр эле. Мага оюнан чыгарып укмуш жомокторду айтып берчү. Атамды 47 жашында жарык дүйнөгө алып келген экен. Талантына, чыгармачылыгына ошол чоң энемдин таасири чоң болгон деп ойлойм. Атам да "Манас" эпосу менен сугарылып өскөндүгүн айтып калчу. Чоң атам эрте эле каза болуп калып, апасы беш баланы жалгыз тарбиялап өстүргөн. Балдарына укмуш сонун жомокторду, эпосторду айтып берчү экен. Атам мектепке бара электе эле тамга таанып, китеп окуптур. Өзүнүн айтымында, 4-класста окуп жүргөндө эле балдар кезекке туруп, сүйгөн кыздарына ыр менен сүйүү каттарын жаздырышчу экен. Сүйүү ырларына таланты ошондо ачылган окшойт. Эң алгач 16 жашында сахнага чыгып, байгесине аргымак тартууланыптыр.
— Элмирбек аганын жашоосунда баары эрте болгондой. Үй-бүлөнү да эрте курган экен?
— Ооба, атам экөөбүздүн ортобуз 17 эле жаш айырма. Апам экөөнүн абдан кызыктуу сүйүү баяны болгон экен. Кызыгып сураганыбызда айтып беришчү. Атама "кантип коркпой үйлөнүп алдыңыз?" дечүмүн. Элестетсеңиз, азыр 16 жаштагы бала үй-бүлө курмак турсун, окуусун эптей албай жүргөн кези да. Атам алгач апаман жашын жашырып койгон экен. Апам болсо таенесинин колунда катуу тарбияда өсүп, жигит менен сүйлөшүүнү деле билбептир. Анан атамдын жактырып калганы апама жетип, ортомчу чабармандар да көп болот. Бирок апабыз башында "жаш бала экен" деп карабай жүрөт. Анан ошол 1994-жылы атамдын жан дүйнөнүн жалгыздыгын чагылдырган "Жалгыздыкта коштошуу" деген ыры жарык көрүп, жатаканадагы студенттердин баары "карап, карап, кайрадан сени самап" деп ырдап калышат. Бир күнү эле атам апамдын бөлмөсүнө тыкылдатып кирип келип эле "мен сенсиз жашай албайм" деп жыгылып калган экен. Анан кыздардын баары апамды "баланы ушунчага жеткирдиң, жооп берип койсоң болбойбу" деп жемелешет. Ошондон кийин гана экөөнүн мамилеси башталыптыр. Экөө жарым жылдай сүйлөшүп, анан үйлөнүшкөн. Ал кезде чоң той бермек кайда, өздөрүнчө белгилеп, айылга кабар берип, ыраазычылыгын алып жашап калышат. Туугандардын баары "экөө эми жаш болсо, кандай үй-бүлө курат" деп аябай сарсанаа болушуп, чоң энемдин сиңдиси Урумкан чоң апамды кабар алып келмекке жиберишкен экен. Ошентип 1995-жылы октябрда апам 19 жашында мени төрөп, атам 17 жашында ата болгон. Кезинде экөөнө суктангандар көп болуптур. Үй-бүлө менен кошо чыгармачылыкты жана окууну да татыктуу алып кетишти.
© Фото / Айзуура ИманалиеваАйзуура Иманалиева: Апам экөөнүн абдан кызыктуу сүйүү баяны болгон экен. Кызыгып сураганыбызда айтып беришчү. Атама "кантип коркпой үйлөнүп алдыңыз?" дечүмүн.
Известная певица и ведущая программы Сармерден Гулбу Ороскул кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Айзуура Иманалиева: Апам экөөнүн абдан кызыктуу сүйүү баяны болгон экен. Кызыгып сураганыбызда айтып беришчү. Атама "кантип коркпой үйлөнүп алдыңыз?" дечүмүн.
— Сиздин оюңузча экөөнүн эки башка жолго түшүп кетүүсүнө эмне себеп болгон?
— Сиңдим экөөбүз ал кезде турмуш эмне экенин түшүнө элек кичине кезибиз эле. Бирок 6-классты жаңыдан аяктап, акыл-эсибиз кирип калгандыктан үйдө пикир келишпестиктер болуп калганын түшүнүп жаттык. Ошентсе да үй-бүлө куруп турмушту баштан өткөрбөгөндүктөн анын себебин аңдай албайт экенсиң. Апам бизден "силер чоңоюп калдыңар, атаң экөөбүз эки башка жолго түшөт окшойбуз. Кыздарыбыз болгондон кийин силердин оюңарды да билишибиз керек" деп сураганда биз "сиз кандай туура десеңиз, ошого макулбуз" дедик.
Билбейм, көптөр "экөөнө көз да, сөз да тийди" дешет. Бойдок кезинде атамды да, апамды да жактырып кат жазып, чуркагандар болуптур. "Экөөнү көрүп, ичибиз тызылдап эле карап калчубуз" дешкендерди уктум. Мүмкүн чындап эле көз тийгендир. Анын үстүнө экөө тең чыгармачылыктан ордун таап, ийгиликке эрте жетишти. Ортодо бузукулар болду. "Андай болсо ажырашып эле кет да" деп апама айткандарды да угуп калдык. Атамды да бузушту. Азыр деле менин жолдошума да жазган кыздар болот, бирок мен турмуштан чоң сабак алгандыктан үй-бүлөмдүн бузулушуна жол бербейм. Азыркы акылым мурда болгондо экөөнү ажыраштырбайт элек. Кичине болуп калдык. Ушуга арман кылам. Турмушта бузукуларга жол бербеш керек экен. Ал адамдарды азыр ачыкка чыгарбайм, бирок кимдердин айынан ата-энемдин турмушу бузулгандыгын кийин жазаттырмын. Мен анын баарын жүрөгүмө көмүп койдум. Алар азыр да мени карап күлүп сүйлөп, артты карап бирди сүйлөп жүрөт. Ошолордун айынан атам бизден бөлүнүп жашап, экөөнүн мээримине толук канбай калдык. Анысы аз келгенсип, экөө тең дүйнөдөн эрте кетти...
— Элмирбек аганын баскан-турганы абдан салабаттуу, токтоо, бир топ улуудай көрүнчү. Жакындарынын арасында, үйдө деле мүнөзү ошондой беле?
— Атам шаан-шөкөттү, конок тосконду көп жактыра берчү эмес. Өз бөлмөсүнө кирип китеп окуп, чиймелеп, кээде өзүн "жок" дедиртип койчу (күлүп). Мен таң калчумун. Көрсө, ал киши ошол убакта чоң иштерди бүтүрүп, мыкты чыгармалардын үстүндө иштеп жаткан кези экен. Атам жакындарынын арасында жумшарып, жайдарыланып турчу. Ал эми олуттуу тартып, сүрдүү көрүнүп калган учурунда даап сөз айтып, бөлмөсүнө кирип бара алчу эмеспиз. Сиңдим экөөбүз кат жазып эшиктин алдынан сойлотуп жиберчү элек. Бир ирет "ата, сиз бошобой жатат окшойсуз. Сураныч, бүгүн бизди паркка алып барып ойнотуп келиңизчи" деп жазганыбыз эсимде. Бирок ар бир күнүбүз ыр менен башталчу. Атабыз "ээ, Гүкүш, чайың даярбы?" деген өңдүү ырларын төгүп суроо салса, апам да куюлуштуруп таап сүйлөп, ырдап жооп кайтарчу. Анан ушундай шаан-шөкөт менен чайга отурчубуз.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйзуура Иманалиева: Атам шаан-шөкөттү, конок тосконду көп жактыра берчү эмес. Өз бөлмөсүнө кирип китеп окуп, чиймелеп, кээде өзүн "жок" дедиртип койчу. Мен таң калчумун.
Дочь известного акына-имправизатора Элмирбека Иманалиева, телеведущая Айзуура Иманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Айзуура Иманалиева: Атам шаан-шөкөттү, конок тосконду көп жактыра берчү эмес. Өз бөлмөсүнө кирип китеп окуп, чиймелеп, кээде өзүн "жок" дедиртип койчу. Мен таң калчумун.
— Чыгармачылыкта кандай кыйынчылыктар болгондугун же бут тосууларды байкай алдыңызбы?
— Атам эч качан бирөө менен атаандашып же душмандашкан жок. Ар бир нерсе акындын жүрөгүнөн өтөт эмеспи. Апам каза болгондон кийин биз көп сырдашып, сүйлөшүп калдык. Атам апам тууралуу "аска-зоом деп жүрчү элем, ал каза болуп калды, эми мен бармын" деп көбүрөөк сүйлөшүп, катташып турду. Ошондой жолугушууларда кыргыз элибиздин келечегине көп кейип, "кыргыз жок болуп кетпесе экен" деп санаа тартчу. Акыркы учурда айтыштарда, телеберүүлөргө барганда да бийликке катуу сындарды айтып жүрдү. Ушунун баары атамды жүрөк оорулуу кылып койду окшойт. Атам пандемия маалында, оору күчөп баштаганда каза болбодубу. Ошол мезгилде да ичинен өзүн көп жеп жиберди көрүнөт. Кант диабети менен жабыркагандыктан жанына ийнесин алып жүрчү эле. Акыркы жолу кызыбызга жентек берип үйгө чакырганбыз. Ошондо жүзүнөн нур чачырап, бир башкача сулуу болуп келди. Анан "ата, сиз татынакай болуп жашарып кеткенсиз го" деп күлүп тийишип койсом, уялгансып күлүмсүрөп койду.
Эң акыркы жолугушуубуз экенин билген жокпуз, бирок аябай суктанып карап койгом. Анан кетип баратканда чоңойгону бизди көп өппөй калганын айтып таарынсам күлүп, "өбөм, кантип өппөйүн" деп кайра келип, кучактап жүзүмдөн сүйүп кетти эле. Ошол элеси көз алдымда калды...
— Таята болгондо да сүйүнсө керек?
— Таята болгондо сүйүнгөнүн башкалардан уктук. Бизге ашыкча кубанып же кайгырганын билдирчү эмес. Дайыма бир калыпта жүрчү. Күйөө баласы сүйүнчөлөгөндө "ии, болсун-болсун" деп эле каалоо-тилегин айтып калды дейт. Небересинин ар бир кылыгын сүрөткө, видеого тартып жибере берчүбүз. Анан "ата, сизге эле жиберип жатабыз, кичинекей бала эми, эч кимге жибербеңиз" десек, "жок, эч кимге жибербейм" деп кудуңдап жаткан, көрсө баарына жиберип "мына, менин неберем, мага окшош бекен" деп көрсөтүп чыгыптыр (күлүп). Анан аябай сүйүнгөн окшойт деп калдык. Атабыз (кайната — ред.) койгон уулубуздун Мырза деген ысымына да абдан ыраазы болуп, жактырган.
Азыр сүйлөп жатып, атамдын элеси көз алдыма келип, ойлорум да чачкын болуп жатат...
— Күйөө баласы менен кандай мамиледе болду?
— Турмушка чыгарда атама "ушул менин жигитим" деп ачык айта албайм да, анан четин чыгарып, Мирзаттын (Мирзат Муканов — ред.) сүрөтүн көрсөтүп, "ата, бул жигитти тааныбайт белеңиз?" дедим. Ал убакта Мирзат ток-шоулорду алып барып жүрчү. Атам дароо эле "эмнеге тааныбайм, берүүлөрүн көрүп, ушул бала менен бир кол алышып койсом дечүмүн" деп калды. Андан кийин ата эмеспи, баары бир билип коюптур. Тааныштырганда экөөнүн эле оозун карап отурдум. Атама жакканын көрүп, туура эле адамды тандаганымды билдим. Сүйүндүм. Кийин кыз узатууга да келип, өзүнүн каалоосун айтып, тикесинен тик туруп кызматын кылды. Ата-энеме абдан ыраазымын. Андан кийин да көп жакшылыктарыбызга күбө болуп, туулган күндөрүбүздө да чакырышып жаттык. Бирок ушундай болорун билгенде жанымдан чыгарбай койбойт белем. Ушул күнгө чейин жообун ала албай калган көп суроолорум бар. Ошолор да мени кайгыртып, санаага салат. Бала кезден берки ойлонткон суроолордун жообун ата-энемден эми сурайлы десек, экөө тең жок (ыйлап)...
— Акыркы кезде Элмирбек ага жакындарына, досторуна таң эрте баталарды жазып жүргөнү маалым. Анын себебин айтты беле?
— Батаны Whatsapp аркылуу көңүлүнө жакын адамдардын баарына жазчу экен. Аягында сөзсүз бизге да "бар болгула кыздарым, аман болгула" деп бир топ тилектерин жиберчү. "Муну качан жазып үлгүрөсүз, деги уктап жатасызбы? Ден соолугуңузга залакасын тийгизет да" деп көп айттым. Акыркы кезде уйкусу качып калганын, анан таңга маал ушундай илхам келерин билдирген. Анан ичимден ушуларды чогултуп коюш керек экен деп калдым эле. Атам чыгармаларын чогултуп, китеп чыгарууга шашкан жок. Адам жанына алып жүрүүгө ылайык чөнтөк китеп же көрктүү, көлөмдүү, барып шашпай барактап окуй турган энциклопедия чыгаруу максаты бар эле. Акыркы китептерин шашылыш эле чыгарып калдык. Эми буюрса, бардык чыгармаларын камтыган эмгегин чыгарарбыз.
Атамдын убактысы тар эле, бирок өмүрүнүн акыркы жылдарын шакирттерине жумшады. Айрымдар "ой, ушуларды эле ээрчитип жүрө бересиң, эмне кыласың?" десе, "жок, булардан кийин чоң адамдар чыгат, ишенимим зор" деп койчу экен. Эми шакирттери жолун жолдоп, өзүндөй кылып ырдап, аткарылбай калган чыгармаларын аткарып, чоң салым кошуп келе жатышат. Ошол балдарга ыраазычылыгым чексиз.
© Фото / предоставлено Айзуурой ИманалиевойАйзуура Иманалиева: Ата-энеме абдан ыраазымын. Андан кийин да көп жакшылыктарыбызга күбө болуп, туулган күндөрүбүздө да чакырышып жаттык. Бирок ушундай болорун билгенде жанымдан чыгарбай койбойт белем...
Народный артист КР Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Айзуура Иманалиева: Ата-энеме абдан ыраазымын. Андан кийин да көп жакшылыктарыбызга күбө болуп, туулган күндөрүбүздө да чакырышып жаттык. Бирок ушундай болорун билгенде жанымдан чыгарбай койбойт белем...
— Кыз киши сезимтал болот эмеспи. Кээде айтышта атаңыздын дарегине айтылган сөздөрдүн ичинен жүрөгүңүздө калганы болдубу?
— Кичине кезибизде айтыш болордо көбүнчө бирөөлөргө табыштап, үйгө калтырып кетишчү. Анан биз улам терезени карап, күтүп отуруп уктап калчубуз. Алар түнкү саат 12:00дөн өтүп ушундай шаң менен келишчү эле. "Тургула, атаңар баш байге алып, машина минип келди" дегенде ыргып туруп, эшикке чуркап чыгар элек. Эмнегедир дайыма машина күтчүбүз. Кээде байге албай келсе, "ата, сиз кыйын айтышасыз да, неге байге берген жок" деп ызаланып алчубуз. Андайда атам "эми, кызым, дайыма эле мен ала бергенде болбойт. Менден башка кыйындар да бар" деп акырын түшүндүрчү. Айтыш өнөрү кол алышуу менен аяктайт. Кыргыз-казак айтышында да ар кандай нерселер айтылат. Бирок эки адамдын ортосундагы баарлашуу ортодогу мамилени бузбашы керек. Ага эч качан нааразы болгон эмес.
Бир ирет атам спектаклде Токтогул Сатылгановдун ролун аткарып жаткан, биз чоң энем, апам болуп алдыңкы катарда отурганбыз. Анан эле атамды чоң, узун аркан менен сабап киришти. Ошондо Сезим экөөбүз "атама тийбегиле, сабабагыла" деп чырылдап сахнаны көздөй чуркадык. "Ай, бул спектакль, атаңарды чындап сабаган жок" деп алып калышканы эсимде.
— Акыркы кезде саясатка баруу тууралуу да ою бар болчу дешет...
— Ооба, бул тууралуу да каза болордун алдында бир аз сүйлөшүп калдык эле. Ошол күнү үйгө элдин, өлкөнүн тагдырына, келечегине күйүп-бышып келди. Кайнатам да айылдан келген. Ал киши да ушундай нерселерди мыкты билип, талдай алат. Экөө аябай сүйлөштү. Арасында азыр айтууга болбой турган сөздөр да бар. Ошондо күйүп "ушу мен да саясатка барат окшойм, карап тура албай жатам" деп айткан. Артта калганыбызды, акыйкатсыздыкты чебелектеп айтып жатканын көрүп, баарыбыз эле оозубузду ачып атамды карап отуруп калганбыз. Биз да ал кишини ишенип колдоор элек. Анткени ал эли үчүн гана иштемек. Бирок ошол нерсеге жетпей калды.
— Артында жолун жолдоочу туяктары барбы?
— Атамдын алты баласы бар. Биз үч кыз, үч эркекпиз. Экинчи никесинен эң кичүү уулу үчкө чыгат. Алар азыр кичинекей, бирок балдардан көп нерсени үмүт кылам. Сезим экөөбүздөн эч нерсе деле чыкпай калды го (күлүп). Анткени ата-энебиз бизди болушунча чыгармачылыктан алыс тарбиялады. Мен болбой эле журналистиканы тандап алдым. Инилерибиз комуз чертет, гитарада да ойной алышат. Өнөрү бар, манас да айтышат. Биз, шакирттери жана кыргыз эли турганда атам эч качан унутулбайт деп ойлойм. Экинчи өмүрү болгон чыгармачылыгы узак жашаса экен деген ойдо "Элмирбек Иманалиев" атындагы фонд түздүк эле. Белди бекем бууп, баарыбыз фонддо атам үчүн иштесек деп жатабыз. Жакында эле кароо-сынак өткөрдүк. Бул эми башталышы эле. Атам мага "сен мени жакшы түшүнөсүң" деп койчу. Жүзүнөн карап эле оюн түшүнчүмүн, ушул сөзүн керээз катары кабыл алып калдым. Өзүмдү колго алып ишин улантайын деп жатам.
Ушул күнгө чейин атам менен апамдын сүрөтүн көрүү, ырларын угуу мага оор. Бирок жоопкерчиликти алууга аракеттенип жатам.
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2020
Назарбаевдин сый-урматын көргөн. Эл акыны Элмирбек Иманалиев тууралуу 8 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0