"Талап-тоноочунун жоругу". АКШ эмнеге афгандыктардын акчасын алып койду?

© AP Photo / Hussein MallaМитинг против президента США Джо Байдена в Кабуле
Митинг против президента США Джо Байдена в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жазылуу
Кабулдун тогуз миллиард доллардан ашуун алтын-валюталык резерви бар. АКШда жети, ал эми калганы Германия, Бириккен Араб Эмирлигинде жана Швейцарияда сакталат.
Жо Байден Афган Борбордук банкынын АКШда сакталган каражатын 11-сентябрдагы терактыда набыт болгондордун үй-бүлөсүнө берүүнү чечти.
Ал чабуулду жасаган согушкерлердин бири да афган эмес эле. Кабулдагылардын буга кыжыры кайнап, нааразы болуп көчөгө чыккандардын саны жүздөп саналат. Ак үй эмнеге мындай кадамга барганын Ксения Мельникова талдап көргөн. Анын макаласын РИА Новости жарыялады.

Жарымы сизге, калганы бизге

АКШ президенти Афганистандын америкалык банктарда сакталган жети миллиард долларлык валюталык резервине бөгөт коюу жарлыгына кол койгон. 3,5 миллиарды 2001-жылдын 11-сентябрында каза болгондордун үй-бүлө жана жакындарына жолдонуп, калганы афган гуманитардык уюмдарына берилмекчи. Азырынча бул активдер Нью-Йорктогу Федералдык резервдик банктагы атайын эсепке которулган. Аны жарлыкка жараша алууга аталган штаттын соту уруксат бериши шарт.
Кабулдун тогуз миллиард доллардан ашуун алтын-валюталык резерви бар. АКШда жети, ал эми калганы Германия, Бириккен Араб Эмирлигинде жана Швейцарияда сакталат.
Вашингтондогулар бул каражаттарды афган бийлиги соңку жыйырма жыл аралыгында көбүнесе америкалык жардам менен топтошконун кайталап келишет. Байдендин жарлыгын Бириккен Улуттар Уюму да сынга алды. БУУнун жетекчисинин басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик республикага активдерди пайдаланууга уруксат этүүгө чакырган. Мурдатан эле ушуну талап кылып келишет.
Пекиндегилер да кескин сынга алды. "Талап-тоноочулардын жоругу. Бул АКШ жактаган дүйнө тартиби чабалдардын укугун жана адилеттүүлүктү коргоо эмес, Вашингтондун өктөмдүгүн колдоорун тастыктайт", — деп билдиришти Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен.
Москва да буга үндөбөй калбады. "Бул терактылардын уюштурулушуна эч кандай тиешеси жок афган калкы эмнеликтен алар үчүн эми кун төлөшү керек? — деп ачууланды РФ Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Мария Захарова. — АКШ жана анын НАТОдогу союздаштарынын ийгиликсиз аскерий кампаниясынын да кесепетинен түзүлгөн өтө оор абалга кептелип турганда Вашингтон Афганистандагы гуманитардык каатчылыкты ого бетер тереңдетет".
Ал эми Кабул жана Желалабадда буга каршылык акциялары өттү. "Афган калкы менен касташууну токтоткула!", "АКШ жана анын союздаштары миңдеген афгандыктардын өлүмү жана Афганистандын талкаланышы үчүн кун төлөөгө тийиш!" — деген плакаттар менен чыгышты ал акциянын катышуучулары.
Афганистан... Талибдерге чейинки жана алар келгенден кийинки 7 сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Афганистан... Талибдерге чейинки жана алар келгенден кийинки 7 сүрөт

Жардам бергендин ордуна санкциялар

"Афган акчасын уурдоо — өлкөнүн жана коомдун адамгерчиликтен тайып, ынсаптан кеткенинин далили", — деп жазды талибдердин Катардагы саясий кеңсесинин башчысы Мухаммед Наим Twitter баракчасына.
АКШ макулдашууну аткарбай жатат. Тышкы иштер министри Амира Хан Мутакинин айтымында, Вашингтон жаңы афган өкмөтүнүн мүчөлөрүн кара тизмеден дале чыгарбады. Ал эми өлкөнүн калыптанышына көмөктөшүүнүн ордуна санкцияларды киргизди.
Талибдерди мурдагы афган бийлиги да алгач жолу колдоду. Мурунку президент Хамид Карзай Вашингтон "болочок муун үчүн өкмөткө эмес, афган калкына таандык" каражатты кайтарууга тийиш экенин билдирди.
Ал эми ТИМдин мурдагы жетекчиси Мохаммад Ханиф Атмар "Афганистандын жашоосу үчүн зарыл каражатты пайдалануу этикага жана мыйзамга сыйбастыгын" айтып, өздөрү террорчулуктун курмандыгы болгон афгандыктар 11-сентябрда набыт болгондорго боору ооруганын белгиледи. Афганистандын мамлекеттик резервдерин Жозеф Байдендин администрациясы былтыр 15-августта тоңдурган.
Америкалыктар президент Ашраф Ганинин режиминен куткара алышпаса да Кабулга таасир этүүнүн күчтүү рычагын сактап калышкан. Талибдер Конгресстен каржылык каражаттарын тоскоолсуз колдонууга мүмкүндүк берүүсүн өтүнөт. Бирок Ак үй акчадан үмүт үзгөн оң деген тейде ишарат кылат.
Россия менен Кытай маселени саясатташтырбастан "тезинен Батыш банктарынын эсептериндеги афган акчасына коюлган бөгөттү алып салууга чакырышат. Владимир Путиндин айтымында, ошондо балдарга жардамдашууга, медициналык жабдууларды жана дары-дармек сатып алууга жол ачылат.
"Бул каражат курал-жаракка жумшалбайт. Афганистанда "Талибан"* куралга деле муктаж эмес. Анткени миллиарддаган долларлык курал-жарак калган", — дейт россиялык лидер.
Талибан кыймылынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
ЖМК: талибдер Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен жерине 10 миң аскер жөнөттү
Вашингтон менен Брюссель Афганистандын азыркы бийлигине мурдагы өкмөт менен кызматташкан афгандыктарга мунапыс, инклюзивдик өкмөт, кыздардын мектепке барышы өңдүү саясий шарттарды коет.
РФ Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери, азыркы Афганистанды изилдөө борборунун директору Омар Нессардын пикиринде, тарыхый көз караштан алып караганда өзгөчө кырдаал түзүлдү.
"Бир жагынан талибдерди тааный элек. Кошмо Штаттарда бул жамааттык процесс болууга тийиш. Россия деле ушундай көз карашта. Экинчи жагынан ар кыл деңгээлде болсо да баары эле "Талибан"* менен байланышууда.
Афганистанда азыркы тапта да айрым мамлекеттердин элчилери, ошондой эле талибдердин да аларда дипломатиялык миссиялары иштөөдө. Расмий түрдө ачык айтылбаса да кандайдыр бир таануу жүрүүдө", — деп түшүндүрөт саясат таануучу.
Афган бийлиги алтын-валюталык резервдерди ачтырууга дагы бир аракет кылат. Европа биримдиги жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен кезигүү үчүн бир делегацияны Катарга, дагы бир топту Британияга жолдоду. Бирок аларды дал ушул маселеде тыңдап, оң чечип беришери күмөн экенин белгилейт эксперт.
"АКШ дал ички саясий абалынан улам ушундай чечимге барды. Байдендин бедели төмөндөп, Афганистандан качкандары боюнча сындоолор токтой элек. Бул жорук – коомдук пикирге таасир этүү аракети. Вашингтондун талибдерди таанууга даяр эместигин билдиргени. Бирок Кабул үчүн өзгөчө кесепеттерин күтүп деле болбойт", — дейт Омар Нессар.
Гуманитардык кырдаалга эч кандай таасир эте албайт, анткени ал мурдагыдай эле оор бойдон калат.
* Террордук ишмердиги үчүн БУУнун санкциясына кабылган уюм.
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
НАТОнун Афганистандагы курал-жарагы Борбор Азияга дале кооптуулук жаратууда
Жаңылыктар түрмөгү
0