НАТОнун Афганистандагы курал-жарагы Борбор Азияга дале кооптуулук жаратууда

© REUTERS / WANA NEWS AGENCYТалибан кыймылынын мүчөсү. Архив
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Афганистандагы бийлик талибдердин колуна өткөндөн берки жарым жыл ичинде согуштук аракеттер азая түштү. Бирок куралдуу зомбулук, баңгизат трафиги, америкалык курал, 20 чакты террордук уюмдун кыйратуучу потенциалы дале жогору.
Калктын талибдерге каршылык көрсөтүшү да күндөн-күнгө күч алууда. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн тынч жөнгө салынышы арсар. Булар аз келгенсип өткөн ишембиде Пакистандын ички иштер министри Рашид Ахмед пакистандык талибдер НАТОнун Афганистанда калган куралдарын сатып алып жатышканын маалымдады. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул билдирүүдөн улам бул темага кайрадан кайрылган.
Министрдин айтымында, Пакистанга Афганистан аймагынан куралдуу согушкерлер өтүп, Белужистан кыштагына чабуул коюп, кайра артка кетүүдө. Бирок афгандык талибдердин өкүлү Билал Карими бул маалыматты четке какты. Америкалыктар Афганистанга таштай качкан эбегейсиз арсеналдын тымызын сатылышына таң калып деле болбойт.
Террорчулуктун жайылышы менен курал "экспорту" чектеш мамлекеттердин баарына бирдей коркунуч туудурат. Ошол эле учурда Борбор Азияда ар кыл экстремисттик топтордун "тымызын ячейкаларынын" саны артууда.
Мурдараак талибдердин дагы бир өкүлү Забиулла Мужахид: "Жалпыга маалымдоочу каражаттардын айрымдары Казакстандагы башаламандыктарга афганистандыктар катышкандыгы тууралуу россиялык расмий өкүлдөрдүн сөздөрүн кайталоодо. Бул карандай калп", — деп билдирген. Ошондой эле талибдер "кандайдыр бир өлкөгө зыян келтирүүгө Афганистандын территориясын пайдаланууга эч кимге жол бербестигин" кошумчалаган.
Бирок россиялык расмий өкүлдөр эмес, Казакстанга каршы уюштурулган агрессия чет өлкөлүк, анын ичинде афган согушкерлеринин катышуусунда өрчүп отурганын Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев өз билдирүүсүндө белгилеген. Сырттан тескелген башаламандык зонасын түзүүнү көздөшкөн.
Албетте, мындай сценарийлер Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстанда да болушу ыктымал. Пакистандын өкмөт башчысынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуф коңшу өлкөнүн бийлигине талибдердин келиши менен жагдайдын жакшырып кетишине Исламабад анчейин үмүт артпастыгын жашырган эмес. Болбосо 1994-жылы Пакистандын аймагында баары жакшы башталбады беле. Ал эми "шакирттер" бүгүн "устаттардын" канатынан чыгып Исламабаддын өзүнө көйгөй жаратып, Афганистандагы атаандашкан террорчул топтордун ишмердигин көзөмөлдөй алышпайт.
Айтмакчы, жакында эле жыйынтыкталган Пентагондун иликтөөсүнүн тыянагына таянсак, 2021-жылдын августунда Кабул аэропортунун жанында 13 америкалык аскер жана 170 афгандык жаранды ИМдин* бир эле жан кечти согушкери НАТОнун металл шариктүү желим жардыргычы менен өлтүргөн. Дал талибдер 2005-жылы Афганистанда террорчу жан кечтилерди пайдалана баштаганын да көпчүлүк унуткарса керек. Мындай шейит болууга умтулуу афган маданиятына жат.
Россиянын аскер кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Россия Батыш жана Түштүк округдарынын аскердик даярдыгын текшерүүдө. Себеби

Каршылык көрсөтүү күч алды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши талибдер Афганистандагы террорчулукка каршы күрөшпөй жатканын белгилейт. Тескерисинче, чет өлкөлүк согушкерлер "ал жакта соңку тарыхта болуп көрбөгөндөй эркиндикке ээ болууда". Абактардагы мүчөлөрү бошотулгандан бери "Ислам мамлекети"* трансулуттук топтун катары 2 200дөн 4 000ге чейин көбөйдү.
Афганистандын Газни, Гильменд, Кандагар, Нимроз, Пактика, Забуль провинцияларында "Аль-Каиданын"** жүздөгөн согушкерлери кездешет. Борбор Азия өлкөлөрүнүн Афганистандагы элчиликтери аталган террордук уюмдардын лидерлеринин Кабулга кенен-кесир кирип-чыгышына катуу тынчсызданышат.
Афганистандагы социалдык-экономикалык абалды гуманитардык каатчылык деп мүнөздөө аша чапкандык болбойт. Өлкө калкынын басымдуу бөлүгү талибдердин саясатын жана идеологиясын колдобойт. Мурдагы өкмөттүк армиянын аскерлери жана полиция кызматкерлери репрессияга кабылып, коомдогу аялдардын ролун талибдер укуксуз үй жаныбарларынын деңгээлине теңеп койду. Мазари-Шарифте талибдерге каршы жергиликтүү акцияларды уюштурган кыз-келиндер уурдалып, өлтүрүлдү.
Sky News басылмасы Гераттагы абакта велосипед уурдашкан деген айып менен кармалып, бирок сот жана тергөөсүз камалган 12 жашар балдардын сүрөтүн жарыялады. Булардын баары калктын нааразычылыгын жаратып, курал кармап каршылык көрсөтүүгө түртүүдө. Андай жагдай дагы күчөй берери турулуу иш.
Талибдер 40 миллион калкы бар Афганистандын байыркы диний, маданий жана улуттук салт-санаасын таптакыр эске албастан чектен чыккан мыкаачылыктарга барууда. Аша чапкан исламчылык жана улутчулдуктан арыла албай жатышат. Ал эми өлкөдө пуштундар 13 миллион (калктын 30 пайызы) болсо, тажик, хазарей жана өзбектер алда канча арбын, жалпы 17 миллиондун тегерегинде. Өлкөдө жарандык согушка себеп болчу социалдык-экономикалык шарттар да тынчтык менен экономиканын өнүгүшүнө караганда кыйла көп.
Талибдерге каршылык көрсөтүүчү жаңы фронт ушул айдын башында түптөлүп, "Афган эркиндик фронту" деп аталды. Панжшер провинциясында Ахмат Масуддун жетекчилигиндеги Афганистандын элдик каршылык көрсөтүүчү "эски" фронту менен кармаштар дале уланууда. Аталган фронт жакынкы айларда өлкөнүн дээрлик бардык аймагындагы радикалдар түзүмдөрүнө сокку урууга камынууда.
Алматы шаарындагы ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Тынчтыктын кепилдиги. ЖККУнун тынчтык орнотуучу миссиясы жөнүндө кеп

Эмнеге артыкчылык берилет?

20 жыл бою Афганистанды бомбалап келген Батыш аталган республиканын элине жарытарлык гуманитардык жардам берүүнүн, ачка турган афган балдарын аман алып калууга чара көрүүнүн ордуна былтыр августта НАТОлук коалиция таштап кеткен 300 ит жана мышыкты Кабулдан Ванкуверге атайын рейс менен мурдагы күнү алып кетишти. Тилекке каршы, алар менен кызматташкан афгандыктардын баары тегиз куткарылбады. АКШ Афганистандын 7 миллиард долларлык валюталык резервин кайтаргысы жок. Батыштын артыкчылык берүү тартиби ушундай.
Сырттан туруп талибдердин радикалдуулугун басаңдатуу аракеттери майнап бербейт. "Аль-Каида"* менен тыгыз байланышкан "Хаккани" түйүнү бекемдеп барат. Ошону менен бирге эле талибдердин жеңиши Борбор Азия чөлкөмүнө революциялык жаңылануу деген шылтоо менен караңгылык жана террорчулуктун болуп көрбөгөндөй таралышы менен кооптуу.
Афганистандагы пайдалуу кен байлыктарын казуу, трансафгандык темир жолунун курулушу (россиялык жана өзбекстандык адистердин катышуусунда) өңдүү эл аралык долбоорлор дайым коопсуздук маселесине тушугат. Афганистан чөлкөм үчүн жарылчу бомба сымал кооптуу бойдон калууда.
Жарым жыл бою талибдердин бийлигин эч бир өлкө тааныган жок. РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин индиялык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Москва менен Нью-Дели талибдерди таанууга али эрте деп билдирди.
Афган бийлигине дүйнөлүк коомчулуктун принципиалдуу талабы – инклюзивдик өкмөт, жарандардын (эркек жана аялдардын) укуктарынын сакталышы, террорчулукка жана баңгизат трафигине каршы күрөшүү. Эске салсак, афган героини КМШда жыл сайын 20 миңдей кишинин өлүмүнө себеп болот.
Афганистандагы ыкчам кырдаал жана Борбор Азияга жаралган коркунуч Жамааттык коопсуздук келишим уюмун алдын алуу, өз ара аракет этүүнү чыңдоо, чалгын кызматынын маалыматтары менен алмашуу, афган чек арасына жакын биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө аргасыз кылат.
Өзгөчө көңүл тажик тилкесине бурулат. Уюм блокко мүчө эмес Өзбекстан менен аскердик кызматташтыгын активдештирүүгө киришти. Ошондой эле Россия чөлкөмдүн коопсуздугунун негизги гаранты катары Кыргызстан жана Тажикстандагы өз базаларынын аскердик дараметин пландуу түрдө улам жогорулатууда.
Казакстанда январь айындагы окуялар ЖККУнун гибриддик жана террордук коркунучтарга каршы ыкчам жана майнаптуу күрөшүүгө даярдыгын айгинелеп койду.
* — БУУнун санкциясындагы кыймыл
** – Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террорчул топтор.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram https://t.me/AKhrolenko каналына жазылыңыздар.
Борбордук Азия мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Борбор Азиянын коопсуз жашоосу үчүн эмне керек. Жыл ичиндеги урунттуу учурлар
Жаңылыктар түрмөгү
0