Экстра-класстагы рефери Ырсалиев: бокс калыстары "жылаңач баатыр" болуп иштешет

© Фото / предоставлено Мукашем ЫрсалиевымРефери экстра-класса международной ассоциации бокса Мукаш Ырсалиев
Рефери экстра-класса международной ассоциации бокса Мукаш Ырсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Бокс боюнча Советтер Союзунун спорт чебери, Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) экстра-класстагы калысы Мукаш Ырсалиев 2010-жылдан тарта аталган эл аралык уюмдун калыстар тобуна мүчө болуп, Кыргызстандын атынан ири мелдештерде калыстык кылып жүрөт.
Sputnik Кыргызстан радиосунун кабарчысы Эл аралык бокс ассоциациясынын үч жылдыз даражасындагы калысы Мукаш Ырсалиев менен кыргыз боксундагы абал жана калыстардын орду тууралуу маектешти.
— Сизди бокс дүйнөсү мыкты калыс катары тааныйт. Калыстардын көбү мурда бокс менен машыгып, спортчу катары мелдештерге чыгып келишкени белгилүү. Сиздин спорттогу жолуңуз кандай башталды эле?
— 1983-1987-жылдары Фрунзедеги Надежда Крупская атындагы спорттук интернатта билим алып, спортко катуу кызыккам. Анда 12 жашта элем. Өспүрүмдөр, жаштар арасында күчүмдү сынап, төрт жолу Кыргызстандын биринчилигинде жеңүүчү болдум. Жакшы жыйынтыктардан улам союздук мелдештерде катышып, Россияда, Казакстанда өткөн турнирлерде чемпион болуп, байгелүү орундарды багындырдым. Кийинчерээк советтик армиянын катарында кызмат өтөп, ал жерде да бокс боюнча мелдештерде рингге чыгып турдум. Бирок менин боксчу катары спорттук карьерам 20 жашымда эле жыйынтыкталган.
© Sputnik / Табылды КадырбековЫрсалиев: 1983-1987-жылдары Фрунзедеги Надежда Крупская атындагы спорттук интернатта билим алып, спортко катуу кызыккам
Рефери экстра-класса международной ассоциации бокса Мукаш Ырсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Ырсалиев: 1983-1987-жылдары Фрунзедеги Надежда Крупская атындагы спорттук интернатта билим алып, спортко катуу кызыккам
— Спортто калыстын орду абдан оор деп айтылат. Тагдыр чечип, туура чечим чыгаруунун өзү эле чоң жоопкерчилик. Мындай жолду тандап калышыңызга эмне себеп болду?
— СССР тарагандан кийин Кыргызстанда көп спорттук ишмерлерге, машыктыруучуларга, спортчуларга мамлекет тарабынан көңүл бурулбай, кээ бири жан багуу максатында чет өлкөгө чыгып, айрымдары башка тармакта тиричилигин улантып кетти. Мен да спорттон оолактап, башка тармакта өзүмдү сынап жүрдүм. Дүйнө чемпионаттарында, Олимпиада оюндарында желекти көтөрө турчу таланттуу жаштардын көбүн таба албай калдык. Албетте, көр тирликтин айынан баары жакшы жашоону издешти.
18 жылдан кийин, 2008-жылы бокско кайтып келип, калыс катары мелдештерге чыга баштадым. Алгач кыйынчылыктар болгону менен тез эле жакшы жыйынтык көрсөтүп, улуттук даражадагы калыс деңгээлине жете алдым. Андан бери көптөгөн турнирлерде Кыргызстандын атынан катышуу укугун алдым.
2011-жылы бокс боюнча Астана шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында калыстыгым үчүн IBA уюмунун президенти Чинг Куо ВУ алтын медаль жана сертификат тапшырган. Мындан сырткары, 11 жылдан бери өспүрүмдөр, жаштар, кыз-келиндер, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатын, Европа чемпионатын, Азия чемпионатындагы беттештерди тейледим.
— Биздеги калыстар мектебинин абалы кандай?
— Бокс калыстары Кыргызстанда деңгээлине жараша үч категорияга бөлүнөт: биринчи категориядагы калыс, улуттук категориядагы калыс жана экстра-класстагы калыс. Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) реферилердин статусун бир жылдыз, эки жылдыз жана үч жылдыз деп аныктайт. IBA уюмунун үч жылдыз даражасындагы категорияны менден тышкары кыздар арасында Жамиля Боркоева алган. Анткени дүйнөдө кыздар арасындагы бокстун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Азия, Европа, Американын, дүйнө чемпионаттарында жана Олимпиада оюндарында кыздар жакшы беттештерди өткөрүүдө. Негизи биздеги калыстар мектебин күчтүү деп айтууга болот. Мамыт Акеров, Бедалы Алымкулов сыяктуу калыстар бул мектепти түптөп, көп шакирттерге жол көрсөтүштү. Алардын эмгеги кыргыз боксунун калыптанышында маанилүү орунда турат. Негизги көйгөй — биздин калыстар айлык албай, "жылаңач баатыр" болуп иштешет.
© Фото / предоставлено Мукашем ЫрсалиевымЫрсалиев: бокс калыстары Кыргызстанда деңгээлине жараша үч категорияга бөлүнөт
Рефери экстра-класса международной ассоциации бокса Мукаш Ырсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Ырсалиев: бокс калыстары Кыргызстанда деңгээлине жараша үч категорияга бөлүнөт
— Эл аралык аренада кыргызстандык бокс калыстарынын орду кандай?
— Жогору бааланат. Көбү Кыргызстан кайда жайгашкан, кандай мамлекет деп кызыгышат. Анткени бизде эл аралык мелдештерде калыстык кылган реферилер саналуу. Коюлган ишке жоопкерчилик менен мамиле кылып, калыс болууга аракет кылабыз. Мисалы, кээ бир мелдештерде Кыргызстан деп айтылганда Курдистан деп кабыл алып, туура эмес маалымат алышат. Биз кайрадан Кыргыз Республикасы деп оңдоп, кайрадан тааныштырууну суранабыз.
— Учурдагы кыргыз спортунун абалына кандай баа берсек болот?
— Бүгүнкү күндө кыргыз спорту жакшы жыйынтык менен дүйнөлүк аренада көрүнө баштады. Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова өңдүү мыкты атлеттер менен мактана алабыз. Катаал шартта машыгып, көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, бул бийиктикке жете алышты. Бирок жалпылап алганда спорт оор абалда. Мисалы, Дагестанда спортту өнүктүрүү боюнча атайын министрлик иш алып барат. Бизде буга чейин Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик иштеп келсе, аны департамент деп өзгөртүштү. Эл аралык сүйлөшүүлөрдө департамент катары биз менен эч ким эсептешпейт. Маанилүү суроолорду чечүүдө көп көйгөйдү жаратышы мүмкүн.
© Фото / предоставлено Мукашем ИрсалиевымЫрсалиев: көбү Кыргызстан кайда жайгашкан, кандай мамлекет деп кызыгышат. Анткени бизде эл аралык мелдештерде калыстык кылган реферилер саналуу
Судья высшего класса AIBA Мукаш Ирсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Ырсалиев: көбү Кыргызстан кайда жайгашкан, кандай мамлекет деп кызыгышат. Анткени бизде эл аралык мелдештерде калыстык кылган реферилер саналуу
Дагы бир жүрөктү өйүткөн маселе — кыргыз боксчуларынын жашоо шарты жакшы эмес. 1977-жылы СССРдин чемпиону болгон Валерий Гришковец бокстун өлкөдө өнүгүшүнө, калыптанышына чоң салым кошкон. Ден соолугун аябай мекен үчүн бар күчүн жумшап келген. Тилекке каршы, анын тажрыйбасын колдоно алган жокпуз. Мамлекет тиешелүү жардамын бербей, оор турмушту башынан кечирип келет. Тамак-аш, кийим-кече жагынан деле көмөк көрсөтүлсө аларга колдоо болмок эле. Бул бир гана мисал. Мындай тагдырлар спортто абдан көп.
— Кыргызстан бокс боюнча советтик мектептин улантуучусу катары коңшу Казакстан, Өзбекстандан бир топ артта калды. Сүйүүчүлөр арасында алар мүмкүн болгон ири турнирлерде чемпиондорду чыгарышты. Тилекке каршы, бизде жагдай таптакыр башкача. Эмне себептен кошуна өлкөлөрдүн спортчуларына атаандаштык кыла албай жатабыз?
— Бул суроо дайыма көңүл чордонунда болуп келген. Анткени өзбек боксчулары спорт, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн боксчуларынын жанында караандатпай турган мыкты муунду тарбиялай алышты. Дүйнө, Азия жана Олимпиада оюндарында жеңүүчүлөр чыкты. Анын негизги себеби мамлекеттик колдоого байланыштуу. Алсак, "Өзбекстан темир жолдору" боксчуларды толук камсыздап, өз көмөгүнө алган. Бизде абдан жакшы мектеп, тажрыйбасы мол машыктыруучулар, таланттуу спортчулар бар. Бирок каржылык көйгөйдүн айынан убагында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрө албай, туура витаминдерди иче албай, эл аралык турнирлерге бара албай калгандар кездешип жатат. Федерация болгон күчүн жумшап жатканы менен ийгиликке жетүү үчүн бул жетишпейт.
© Фото / предоставлено Мукашем ЫрсалиевымЫрсалиев: бизде буга чейин Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик иштеп келсе, аны департамент деп өзгөртүштү. Эл аралык сүйлөшүүлөрдө департамент катары биз менен эч ким эсептешпейт
Рефери экстра-класса международной ассоциации бокса Мукаш Ырсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Ырсалиев: бизде буга чейин Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик иштеп келсе, аны департамент деп өзгөртүштү. Эл аралык сүйлөшүүлөрдө департамент катары биз менен эч ким эсептешпейт
— Кыргызстандагы бокстун келечегин кандай көрөсүз?
— Кыргыз боксунун тарыхы бай. Быйыл кыргыз боксуна 95 жыл толот. 1927-жылы Кыргызстанда алгачкы ирет төрт салмак категориясы боюнча мелдеш өткөн. Бул маанилүү датаны салттуу түрдө өтүп келген Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин алкагында белгилейбиз. Баарыбыз жакшы нерсеге үмүт артып, өлкөдө бокстун өнүгүшүн тилеп келебиз. Мамлекетибиздин желегин бийик көтөрө турчу спортчуларыбыз абдан көп. Албетте, өз тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүп, күчтүү мектептин түптөлүшүнө салымымды кошкум келет.
Калсы матч учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Тагдыр чечип... Дүйнөлүк беттештерди тейлеп таанылган кыргызстандык калыстар
Эл аралык деңгээлдеги бокс калысы Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Бокс калысы Жамилия: үч жылдыздуу калыс болуу кол жеткистей сезилчү
Жаңылыктар түрмөгү
0