Бокс калысы Жамилия: үч жылдыздуу калыс болуу кол жеткистей сезилчү

© Фото / пресс-служба Международной ассоциации боксаЭл аралык деңгээлдеги бокс калысы Жамилия Боркоева
Эл аралык деңгээлдеги бокс калысы Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Жазылуу
Спорт жаатындагы анча-мынча чектөөлөргө карабастан кыргыз кыздары мыкты жетишкендиктерди жаратып келет. Эл аралык деңгээлдеги бокс калысы Жамилия Боркоева кыргыз кыздарынын ичинен калыс катары жогорку даражага жетишкен алгачкы айым.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы Эл аралык бокс ассоциациясынын үч жылдыз даражасындагы калысы Жамилия Боркоева менен спорттогу айымдардын орду жана кесиби тууралуу маектешти.
© Sputnik / Асель СыдыковаБоркоева: эки жылдыздуу калыс даражасына экзамен тапшырганда байкелерим жардам берген. Кийин үч жылдызга тапшырганда биздин Бокс федерация каржылады.
Кыргызстанкая рефери бокса Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Боркоева: эки жылдыздуу калыс даражасына экзамен тапшырганда байкелерим жардам берген. Кийин үч жылдызга тапшырганда биздин Бокс федерация каржылады.
— Жакында гана Ташкентте өткөн чемпионатта Кыргызстандын атынан барып калыстык кылып келдиңиз. Сөзүбүздү ушул акыркы жаңылыктан баштасак.
— Ооба, жакында эле Ташкент шаарына барып Өзбекстан биринчилигинде нейтралдуу калыс рефери болуп келдим. Сегиз өлкөдөн бирден нейтралдуу калыс рефери чакырышкан. Беттеш эки рингде өттү. Абдан көп мушкерлер келди. Эки рингде төрттөн калыс рефери иштедик. Ага чейин эркектер арасындагы дүйнө чемпионатына калыстык кылгам. Негизи өзүм алгач 2007-2008-жылдары Кыргыз улуттук университетинин залында Кубанычбек Боронбаев агайдын колунда бокс менен машыгып баштагам. 2009-жылга чейин бизде кыздарга көңүл бурулчу эмес. 2009-2010-жылдары гана Кыргызстанда Геннадий Глуховдун кол алдында кыздар командасы түзүлгөн. Ошентип курбум Назира Рахатова экөөбүз акырындан калыстыкты тандап кеткенбиз. Анткени кыздар улам тарап, кайра чогулуп туруктуу бир команда боло албай коюшту.
— Калыстык кылган биринчи мелдешиңиз эсиңиздеби?
— Алгачкы калыстык кылган мелдешибиз 2011-жылы Бишкектин четиндеги Байтик жана Беш-Күңгөй айылы тарапта өткөн. Жаш кезибиз. Рингге чыгар алдында бир аз коркуу сезимдери болду. Жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеш болуп жаткан эле. Ага чейин Кубанычбек Боронбаев агайыбыз баш болгон машыктыруучуларыбыз залдарда өткөн спарингдерде калыстык кылууга үйрөтүп келишкен. Андан бери 11 жыл өтүптүр. Акырындан жүрүп отуруп кийин дүйнө чемпионаттарында калыстык кылдым.
© Фото / пресс-служба Международной ассоциации боксаБоркоева: бокс калысы катары иштеп баштаганда көп тоскоолдуктар жаралды
Кыргызстанкая рефери бокса Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Боркоева: бокс калысы катары иштеп баштаганда көп тоскоолдуктар жаралды
— Өзүңүз да боксёр катары бир катар ийгиликтерди көргөзүп жүрдүңүз эле. Мушташ өнөрүн аркалаган кыздарга бир аз кыйынчылыктар жаралып калат эмеспи. Сизди да айныткандар болдубу?
— Чынында ата-энем каршы чыккан жок. Бирок апам боксту көп деле түшүнчү эмес. Ал эми атам күрөшкө катышчу. Ал киши өзү уруксат берген. Бирок атам апама “үч ай эле чыдайт болушу керек. Андан кийин келет” дептир. Кийин күлүп айтып жүрүштү. Көрсө көп маани деле беришпептир. Андан кийин деле бир туугандарым, жакындарым колдоп жүрүштү. Эл аралык деңгээлдеги калыстар үчүн экзамендер болот. Ага кеткен каражатты чөнтөгүбүздөн төлөйбүз, эки жылдыздуу калыс даражасына экзамен тапшырганда байкелерим жардам берген. Кийин үч жылдызга тапшырганда биздин Бокс федерация каржылады. Бокс менен машыкканда эч кандай каршылык болгон жок. Бирок бокс калысы катары иштеп баштаганда көп тоскоолдуктар жаралды. Айныткандар да чыкты. Ошентсе да колдогондор көп болгондуктан жеңип кеттим окшойт.
— Эл аралык бокс ассоциациясы (AIBA) калыстардын көрсөткөн ишине жараша сынактан өткөрүп, жылдыз ыйгарат. Сизде азыр үч жылдыз бар. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Акыркы кезде жаштар арасында деле калыстар көбөйүп калды. Бирок эч кимиси сиздин ийгиликке жете элек. Жылдызга жетүү жолу кыйын болдубу?
— Эл аралык деңгээлдеги калыс болуу мага кол жеткистей сезилчү. Үч жылдыз алууга экзаменди Индонезиядан тапшыргам. Жылдыз алган сайын экзамендер да татаалдашат. Ал жакка баргандардын жарымы өтпөй калышы мүмкүн. Мен жакындарымдын батасын алып кеткем. Алардын үмүтү менен ишенимин актагым келди. Үч жылдызды алуу менен дүйнө чемпионаттарына калыстык кылууга, эл аралык мелдештерге чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат.
© Фото / из личного архива Жамили БоркоевойБоркоева: эл аралык деңгээлдеги калыс болуу мага кол жеткистей сезилчү. Үч жылдыз алууга экзаменди Индонезиядан тапшыргам
Кыргызстанкая рефери бокса Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Боркоева: эл аралык деңгээлдеги калыс болуу мага кол жеткистей сезилчү. Үч жылдыз алууга экзаменди Индонезиядан тапшыргам
— Быйыл да Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында калыстык кылдыңыз. Кандай тажрыйба алып келдиңиз?
— Мында баш-аягы 48 калыс тейледи. Бирок финалдык беттештерге 13 эле калыс тандаларын айтышкан. Анткени финалда 13 гана беттеш болот. Ошол себептен күн сайын калыстардын арасында да аябай чоң тандоо жүрүп жатты. Эрежелерге да бир аз өзгөрүүлөр киргизилген. Ошол боюнча эки күн семинар өттүк. Финалга чейин жетүү калыстар үчүн да кыйын. Анткени кээде эки күчтүү мушкер бир чыгып калган учурлар болот. Тигил да, бул да утуп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Таймаш курч өтүп, тандоо оор болуп калат. Албетте, беттешке тыкыр көз салгандар менен кошо калыстардын үстүнөн карап тургандар да бар. Кээде төрт калыстын бир таймашка берген баасы 4:1 же 3:2 болуп калышы ыктымал. Мында да жаңылып калбоого тырышасың. Муну бетме-бет келген мушкерлердин ушунчалык күчтүү болгонунун кесепети деп билсек болот. Чемпионаттын жүрүшүндө үйүнө дароо жөнөтүп жиберилген калыстар болду. Мүмкүн алар чарчап же жакшы эс албай калпыстык кетирип алгандыр деп ойлодум. Дүйнөлүк мелдеште бир аз ката кетирип алсаң дароо калыстыктан алып салат. Ошондуктан коркосуң. Мелдеш жүрүп жатканда үйгө кетирип жиберсе, Кыргызстанга кайсы бетим менен барам деп кабатырлангам.
— Сиз ошондо финалдык беттештерге жеттиңиз да?
— Ооба, оор салмактагы мушкерлерге рефери болдум.
© Фото / пресс-служба Международной ассоциации бокса Боркоева: Үч жылдызды алуу менен дүйнө чемпионаттарына калыстык кылууга, эл аралык мелдештерге чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат
Кыргызстанкая рефери бокса Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Боркоева: Үч жылдызды алуу менен дүйнө чемпионаттарына калыстык кылууга, эл аралык мелдештерге чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат
— Кандай болду?
— Жакшы эле. Европалык стандарт боюнча калысты аял же эркек деп жынысына карап бөлбөйт. Бизде “аялзаты, кыз киши” деп төргө өткөрүп, аяп же ушундай сыяктуу сый көрсөтүлөт. Европада андай жок. Тең укуктуулук деген түшүнүк менен сени рефери катары гана карашат. Компьютер ар бир мелдешке, финалга чыккан калыстардын кимисинин фамилиясын тандаса ошол рефери болуп чыга берет. Кандай беттеш болбосун калыстарга да баа коюлат. Аны менен рейтинг өсөт же түшөт.
— Баа коюуда кандай критерийлер каралат?
— Капталдагы калыстыкы жана рефериники 50дөн упайлары болот. Эгер нокдаунду санабай койсо же кечирээк санап калса -4 же -8 деп кемип кете берет. Балл 30дан ылдый түшүп кетсе, дароо үйгө жөнөтүшөт. Бул калыс үчүн чоң минус. Ошондуктан 30дан түшпөш керек. Рингде калыска тийиштүү баскан-турган позициялар болот. Ви-позиция деп да коёт. Ар дайым эки мушкердин ортосунда болуу керек. Кичине эле артка басып же мушкерлердин артына туруп калсаң, 50дөн төрт упай алынып калат.
© Фото / пресс-служба Международной ассоциации боксаБоркоева: Рингде калыска тийиштүү баскан-турган позициялар болот. Ви-позиция деп да коёт. Ар дайым эки мушкердин ортосунда болуу керек
Кыргызстанкая рефери бокса Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Боркоева: Рингде калыска тийиштүү баскан-турган позициялар болот. Ви-позиция деп да коёт. Ар дайым эки мушкердин ортосунда болуу керек
— Биз эркек калыстарды рингден көп көрөбүз. Айымдарга рефери болуу канчалык деңгээлде оор, айырмачылыктарын байкай алдыңызбы?
— Бокс — эркектер үчүн деп айтылып келет. Чынында эле бокс спорттун оор түрү болуп эсептелет. Башында аялдар азыраак болуп, жогоруда айтып кеткендей түшүнбөстүктөр болгон. Азыр болсо спорт аянтындагы аялдардын баары анын табиятына көнгөн, билишет. Бирок баары бир эркек кишиге жеңилирээк. Аял кишиге оорураак. Жаш кезде буга анча моюн бербей “жок, жакшы үйрөнүп алсам эле баары сонун болот” деп айта берчүмүн. Азыр андай эмес экенин түшүнүп жатам. Агайлар да мушкерликке кыздарды шашпай, акырындык менен үйрөтөт. Ал эми эркектер бат эле көнүп кетет.
— Кайсы гана спорттун түрү болбосун мелдештерде айрым учурда калыстын туура эмес чечими менен спортчу жеңилүү ызасын тартып же тең чыгып калат. Сизде да кайталоодон кийин көрүп же элдин пикиринен улам “туура эмес кылган турбаймынбы” деп калган учурлар болду беле?
— Негизи башынан эле беттешти кандай көрсөм, ошондой эле упай берем. Ар бир кыймылды көз жаздымда калтырбоого аракет кылам. Анткени кийин тынч уктап, абийиримдин алдында таза болушум керек. Ар бир калыста 4:1 же 3:2 эсеп санына туура келип калган учур көп эле болот. Акыркы ирет Ташкентке барганда беттешти протест жазып алмаштырышкан. Анткени мен бир тарапка балл берсем, көпчүлүк калыстар экинчи тараптык болушту. Ошондо ичимден “уйкудан калып, жакшы байкабай калдымбы” деп жаман болдум. Анткени кээде жакшы эс албай калсаң, байкабай калышың мүмкүн. Баарын даана көрсөң, өзүңө ишенесиң. Калыстардын арасында тааныштарына тартып койгондор тууралуу деле уккам.
© Фото / из личного архива Жамили БоркоевойБоркоева: агайлар мушкерликке кыздарды шашпай, акырындык менен үйрөтөт. Ал эми эркектер бат эле көнүп кетет
Кыргызстанкая рефери бокса Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Боркоева: агайлар мушкерликке кыздарды шашпай, акырындык менен үйрөтөт. Ал эми эркектер бат эле көнүп кетет
— Калыстарды сатып алса болот деген айың-кептер далай тараган. Ушундай окуяларга күбө болдуңуз беле?
— Лондон Олимпиадасында бирөөгө тартып койгону үчүн бир калысты үйүнө узатып жиберишкен. Ал кишини тааныйм. Акча алыптыр деп да уккам. Акыркы дүйнө чемпионатында өткөн семинарда отурганда да ошол киши калыстык кылган беттешти бизге көрсөтүштү. Акча алган-албаганын айта албайм, бирок тасмада мушкерлердин бирине жан тартып жаткандыгы даана көрүнүп турду. Мындай болбосун деп 2018-жылдан баштап калыстарды жаңы система менен чыгара баштады. Азыр бирөөгө тартып жатканын көрүп калышса сүйлөшпөстөн үйүнө жөнөтүп жиберишет. Акыркы дүйнө чемпионатында AIBA — эл аралык бокс федерациясынын президенти Умар Кримлёв, калыс реферилер арасында калпты аныктоо (детектор лжи) системасын киргизди. Шек жаралса, маектешүүгө чакырып “тобокел зонада” тургандыгын эскертишет. Акыркы дүйнө чемпионатына барган калыстардын экөө ушундай жол менен текшерилгенден кийин үйүнө жөнөтүшкөн. Мунун баары мелдеште так, туура калыстык болсун деген максатта жасалууда. Бизге жаңы президент келгени адилеттүүлүк үчүн ушундай системалар кирип жатат. Муну туура деп эсептейм.
— Ушул кесипке бекер эле келипмин деген өкүнүүлөр болду беле?
— Болгон, биринде кыйынчылыкка кабылгандыктан айтсам, экинчисинде жакшы жумуш чыгып калгандыктан таштап эле кете берсемби деп ойлогом. Ата-энем менен кеңешсем баштаганыңды таштабай аягына чык дегенинен иштеп кеткем.
Токио Олимпиадасынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын!
Көчө спорттун федерациясынын президенти Эмир Мырзабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Street workоut спортунун чеберлери: машыгуубузду президент көрүп таң калган
Жаңылыктар түрмөгү
0