Тагдыр чечип... Дүйнөлүк беттештерди тейлеп таанылган кыргызстандык калыстар

© AP Photo / Stephen BrashearКалсы матч учурунда. Архив
Калсы матч учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Акыркы жылдары ата мекендик адистердин дүйнөлүк спорт аренасынын бийик чокусунда Кыргызстанды таанытып, ири мелдештерде калыстык кылганы өлкөгө сыймык алып келүүдө.
Жакында эле футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Кыргызстандын жараны Нурдин Букуев башкы калыстык кылса, Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун экстра-класстагы калысы, кыргызстандык Мейрамбек Ахметов жакында эл аралык карьерасын жыйынтыктады.
Sputnik Кыргызстан спорттук мелдештерди дүйнөлүк аренада тейлөөгө жетишкен ата мекендик адистер тууралуу маалыматтарды чогултту.

Кочкорбек Кулматов — үч Олимпиадада беттештерге калыстык кылган күрөш адиси

Кочкорбек Кулматов 63 жашта. Күрөш боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. FILA (Бириккен күрөш түрлөрүнүн эл аралык федерациясы, азыркы Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун спорттук күрөш боюнча олимпиадалык деңгээлдеги калысы. Карьерасында үч Олимпиадалык оюндарда спорт адиси катары катышкан. 2008-жылы Пекин, 2012-жылы Лондон жана 2016-жылы Рио-де Жанейро шаарларында өткөн Олимпиадалык оюндарда эркин, грек-рим жана кыздар күрөшү боюнча беттештерди тейлеген.
© Фото / предоставлено Кочкорбеком КулматовымКочкорбек Кулматов 2016-жылдагы Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмактагы балбандардын беттешин тейлеген учуру
Судья по спортивной борьбе олимпийского уровня Кочкорбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кочкорбек Кулматов 2016-жылдагы Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмактагы балбандардын беттешин тейлеген учуру
Эл аралык карьерасын 2003-жылы алгачкы жолу дүйнө чемпионатындагы беттештерде баштаган. Олимпиададан сырткары беш Азия оюндарына жана 11 дүйнө чемпионатына рефери болгон. 2017-жылы эл аралык карьерасын жыйынтыктаган.
Эл аралык олимпиада комитетинин мурдагы президенти Жак Рогге 2012-жылы Лондондогу Олимпиадалык оюндардан соң Кулматовго: "Мыкты, бейтарап калыстык кылат. Ушундай адилет реферилерден улам спорттук күрөштүн баркы ар дайым бийик болот", — деп баа берген.
Машыктыруучу катары дүйнө жана Азия мелдештеринде жеңүүчү болгон 180 балбанды тарбиялап чыккан.
Калыстык карьерасында 2016-жылдагы Рио Олимпиадасында эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмактын финалында азербайжандык Тогрул Аскеров менен россиялык Сослан Рамоновдун беттешин тейлегенин эң эсте калган учур деп эсептейт. Анда россиялык балбан мөөнөтүнөн мурда эсепти 10 упай айырмасына жеткирип чемпион болгон.

Нурдин Букуев — футзал боюнча 4 дүйнө чемпионатын тейлеген FIFA калысы

Нурдин Букуев 41 жашта. 2006-жылы "Эл аралык даражадагы калыс" наамын алган. Азыркы күнгө чейин ал Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) футзал калысы болуп келет.
2007-жылдагы Азия чемпионатындагы беттештерди тейлеп, тушоосу кесилген. 2013-жылы "Азиянын мыкты калысы", ал эми 2017-жылы дүйнөдө UMBRO Futsal Awards сыйлыгынын "Мыкты арбитр" наамына көрсөтүлгөн.
Букуев 2021-жылдын сентябрь айында Литва өлкөсүндө өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина менен Португалиянын курама командаларынын беттешинде башка калыстык кылды.
Кыргызстандык адис аталган мелдештин үч беттешин тейлеп, дүйнө биринчилигиндеги оюнга калыстык кылуу жагынан рекордсмен болду. Кыргызстандык адис дал ушул беттешти тейлөө эсте калган учур болгонун бегилеген.
"2007-жылдан бери жети жолу Азия чемпионатын, төрт дүйнө чемпионатын, бир нече жолу интерконтиненттик, Жабык имаратта өтүүчү Азия оюндары сыяктуу мелдештерге калыстык кылдым. Литвада өткөн дүйнө биринчилигинин финалдык беттеши өзгөчө болду", — деген Букуев.
Бул үчүн башкы калыс катары өзү жетектеген тобу менен FIFA президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алды.

Мукаш Ырсалиев — AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси

Мукаш Ырсалиев 51 жашта. Бокс боюнча Советтер Союзунун (СССР) спорт чебери, Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) экстра-класстагы калысы болуп саналат. Ырсалиев 2010-жылдан тарта аталган эл аралык уюмдун калыстар тобуна мүчө.
© Фото / предоставлено Мукашем ИрсалиевымAIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев (сүрөттө ортодо)
Судья высшего класса AIBA Мукаш Ирсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев (сүрөттө ортодо)
2011-жылы бокс боюнча Казакстандын Астана шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатындагы калыстыгы үчүн AIBA уюмунун президенти Чинг Куо ВУнун колунан алтын медаль жана сертификат алган. Мындан сырткары, ал 11 жылдан бери өспүрүмдөр, жаштар, кыз-келиндер, чоңдор арасындагы алты алты дүйнө чемпионатын, үч Европа чемпионатын, жети Азия чемпионатындагы беттештерди тейледи.
© Фото / предоставлено Мукашем ИрсалиевымAIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев кесиптештери чогуу атактуу Майк Тайсон менен (Ырсалиев солдон оңго карай биринчиде турат)
Судья высшего класса AIBA Мукаш Ирсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев кесиптештери чогуу атактуу Майк Тайсон менен (Ырсалиев солдон оңго карай биринчиде турат)
Ырсалиев 2020-21-жылы Лондон жана Париж шаарларында өткөн Токио Олимпиадасына лицензия берилүүчү Европалык тандоо мелдешиндеги беттештерде калыс болгон.
2021-жылы өткөн дүйнөлүк чемпионатта кыздар боксунун 81 килограмм салмакта түркиялык мушкер Бусра Исилдар менен россиялык Ксения Олифиренконун финалдык таймашына калыстык кылган.
Ырсалиев Кыргызстандын бокс боюнча быйылкы чемпионатында мыкты судья деп табылды.

Бахадыр Кочкаров — дүйнө чемпионатында Месси ойногон беттешти тейлеген

Бахадыр Кочкаров 51 жашта. Футбол боюнча FIFA калысы. Спорттук карьерасында Азия, дүйнө чемпионаттарындагы беттештерди тейлеген.
© Фото / предоставлено Бахадыром КочкаровымFIFA уюмунун экс-калысы Бахадыр Кочкаров футбол боюнча 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатында алтын кубоктун жанында турат
Судья ФИФА Бахадыр Кочкаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
FIFA уюмунун экс-калысы Бахадыр Кочкаров футбол боюнча 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатында алтын кубоктун жанында турат
2018-2019-жылдары FIFA уюмунун алкагында эл аралык матчтарды тейлөө боюнча рекордсмен болгон. 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында FIFA калысы, өзбекстандык адис Равшан Ирматовдун тобунда капталдагы калысы болуп бир нече оюнду тескеген.
Кезегинде атактуу Диего Марадона башкы машыктыруучу, дүйнөнүн мыкты оюнчусу Лионель Месси капитан болуп ойногон Аргентина курама командасы менен Грециянын оюнун тейлешкен. Беттештен соң Марадона калыстар тобуна ыраазычылык билдирген да, Кочкаровдун колун кысып, кайсы өлкөдөн экенин сураган.
© Фото / предоставлено Бахадыром КочкаровымБеттештен соң Марадона калыстар тобуна ыраазычылык билдирген да, Кочкаровдун колун кысып, кайсы өлкөдөн экенин сураган
Встреча рефери Бахадыра Кочкарова с Марадоной - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Беттештен соң Марадона калыстар тобуна ыраазычылык билдирген да, Кочкаровдун колун кысып, кайсы өлкөдөн экенин сураган
"Марадона атайын басып келип, калыстар тобу менен кол алышып беттеш мыкты тейленгендиги үчүн ыраазычылыгын айтты. Анан кайсы өлкөдөн экенибизди сурады. Мен Марадона менен дагы эки ирет жолуккам", — деп эскерет кыргызстандык калыс.
Бахадыр Кочкаров 2010-жылдагы дүйнө чемпионатында мыкты калыстык кылганы үчүн алтын медаль менен сыйланган. Мындай сыйлыкка Кочкаров бир канча жолу татыган. Учурда Кыргыз футболдук союзунда калыстар комитетинин төрагасы болуп эмгектенет.

Мейрамбек Ахметов — эмгек сиңирген машыктыруучу жана UWW уюмунун калысы

Мейрамбек Ахметов — грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы болуп саналат. Аталган уюмдун калыстар тобуна 1994-жылдан тарта мүчө.
© Sputnik / Табылды КадырбековUnited World Wrestling уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы Мейрамбек Ахметов
Заслуженный тренер КР по греко-римской борьбе Мейрамбек Ахметов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
United World Wrestling уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы Мейрамбек Ахметов
UWW рефериси катары көптөгөн Азия, Европа, дүйнөлүк, эл аралык ири мелдештерди тейлеген.
2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештин беттештерине калыстык кылды.
Ахметов 2-10-октябрда Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан кийин эл аралык карьерасын расмий жыйынтыктады. Залдагы күйөрмандар ордунан туруп, кол чаап узатышты.
Ахметов олимпиадалык категориядагы калыс, ошол эле учурда беш Олимпиадага балбан таптап чыгарган кыргызстандык жалгыз машыктыруучу катары белгилүү. Ал Олимпиададан күмүш медаль алган Канатбек Бегалиев менен Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу. Мындан сырткары, дүйнө, Азия чемпионаттарынан байге уткан көптөгөн балбандарды тарбиялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0