Аалымдар кеңешинин төрагасы ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетти

© Фото / пресс-служба ДУМКАалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев
Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйыны өтүп, анын алкагында төраганын иштен кетүү арызы каралып, жаңысы шайланды.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев кызматын тапшырып, ордуна Абдиманап кары Масалиев шайланды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн, 16-февралда, VII чакырылыштагы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин 3-протоколдук жыйынында Садиллаев ден соолугуна байланыштуу төрагалык кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, кеңештин мүчөлөрү тарабынан канааттандырылган. Ал бул кызматка 2021-жылы июнда келген.
Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн баарынын макулдугу менен Абдиманап Масалиев төрага болуп шайланган.
Масалиев 1965-жылы Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген. 12 жашынан баштап диний билим алып келет. Советтик армиянын катарында аскердик кызматты өтөп келгенден кийин Тажикстандын Исфара шаарындагы Абдисами ажынын астында Куран жаттоого киришип, Курани Каримди толугу менен жаттаган.
1996-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Биринчи курултайында Уламалар кеңешине мүчө болуп шайланып, ошол эле жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитине имамдын орун басары болуп дайындалат. 1997-жылдын июнь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитинин башкы имамы болуп бекитилет. 2000-жылдагы Кыргызстан мусулмандарынын курултайында кайрадан Уламалар кеңешине мүчө болот. 2006-жылга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалайт. 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы "Туңгуч" мечитинде имам хатиб болуп кызмат кылып келген.
Муфтият Масалиев учурда өлкөдө Куран жаттаган карылардын аксакалы, ошондой эле дин ишмерлеринин арасында кадыр-барктуу аалымдардын бири экендигин белгиледи. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаштарга Куран окууну жана ислам таалимин үйрөтүүдө салымы чоң экени да кошумчаланды.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.
Религиозное обучение девочек в школах Малайзии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Концепция: диний окуулардын маанисин элге чечмелеп жеткирген адистер тартыш
Жаңылыктар түрмөгү
0