00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
8 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:09
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
On air
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Олимпиадачы Максим Гордеев Пекинге кантип жеткенин айтып берди. Видео, сүрөт

© Фото / пресс-служба Национального олимпийского комитета КыргызстанаКышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргой турган жалгыз спортчу — тоо лыжачы Максим Гордеев. Архивдик сүрөт
Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргой турган жалгыз спортчу — тоо лыжачы Максим Гордеев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Гордеев россиялык спорт комментатору Дмитрий Губерниев жана Казакстандын спортчусу менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргой турган жалгыз спортчу — тоо лыжачы Максим Гордеев Кытайдын Пекин шаарына барды.
Олимпиада бүгүн, 4-февралда, башталат. Кыргызстандык спортчу 16-февраль күнү жарышка чыгат.
Гордеев Instagram баракчасына россиялык спорт комментатору Дмитрий Губерниев жана Казакстандын спортчусу менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
"Олимпиада чынында эле Эверест сыяктуу, эң башкысы ага жетиш керек. Мен ал жерге келдим окшойт. Тест, сканер, датчик, код, көзөмөл өткөрүү пунктунан өтүү беш саат убактыбызды алды. Биздин самолётто беш адам келди. Казак боордошубуздун ар дайым тосуп алганы жакшы", — деп жазган ал сторис бөлүмүнө.
Гордеевден сырткары Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамында анын машыктыруучусу Игорь Борисов, миссиянын башчысы, Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) кызматкери Чолпон Жумагазиева бар. УОКтун президенти менен анын башкы катчысы Садыр Мамытов жана Кылычбек Сарбагышев да барган.
Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында туулган. Лыжа тебүү спорту менен 2010-жылдан бери машыгып келет. Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, Кышкы эки универсиаданын, Эл аралык лыжа федерациясы (FIS) өткөргөн көптөгөн жарыштардын катышуучусу. Мыкты көрсөткүчтү FIS уюштурган 2018-жылдагы таймашта жаратып, 4-орунду алган. Жеке машыктыруучусу Игорь Борисов.
Гордеев акыркы төрт жылда Иран, Армения, Швеция, Россия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) уюштурган спорттук таймаштарга катышкан. Маанилүү учурлардын бири 2021-жылы БАЭдеги квалификациялык турнир болду. Гордеев төрт старттын жыйынтыгы менен Олимпиадада слалом боюнча таймашуу укугун алган.
Белгилей кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын баш калаасы Пекин шаарында өтөт.
Улуттук олимпиада комитети февраль айында Пекин шаарында өтчү Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын командасынын расмий формасын көрсөттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
УОК Олимпиадага барчу команданын расмий формасын көрсөттү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0