Казакстанга түркиялык Anka аппаратынын зарылдыгы барбы? Техникага мүнөздөмө

© Sputnik / Александр Мельников / Медиабанкка өтүүAnka уруучу аппараты. Архив
Anka уруучу аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Жазылуу
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн айрымдарынын НАТОнун куралдары жана стандарттарына кызыгуусу аскердик даярдыктын өркүндөшүнө өбөлгө боло албайт.
Болжолдуу душмандын аскердик-техникалык көз карандылыгы болжолдуу согуштук аракеттер театрында чабалдыкты жаратып, жамааттык коопсуздукка залал келтирет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар Орто Азия мамлекеттери, анын ичинде Казакстан Республикасынын аскерий багыттагы чечимдерин талдоо менен бир катар учкучсуз аппараттарды салыштырган.
Түркиялык аэрокосмостук Türk Havacılık ve Uzay Sanayii AŞ (TUSAŞ) компаниясы жакынкы айларда Казакстанга заманга бап Anka сокку уруучу аппараттарынын партиясын бере баштайт. Бул туурасында өткөн айдын аягында өндүрүшчү ишкананын башкы директорунун сөзүнө шилтеме менен "Анадолу" түркиялык маалымат агенттиги маалымдад.
Чалгындоо-сокку уруучу үч аппарат, башкаруу жана логистикалык камсыздоочу жер бетиндеги эки станция (адистерди окутуу, тетиктери, документация) алуу боюнча келишимге 2021-жылы ноябрда кол коюлган. Казакстан Республикасы үчүн учкучсуздар эбак конвейерде десек болот.
Декабрь айында Кыргызстан ЖККУ аймагында алгачкылардан болуп 3,5 млн долларга түркиялык сокку уруучу Bayraktar-TB2 учкучсуздарынан 40 бирдик сатып алды. Ошол эле учурда Бишкек россиялык өндүрүштөгү "Орлан 10Е" чалгындоочу учкучсуздар партиясын да сатып алуу менен жагдайды жайгарып кетти. Эске салсак, сентябрь айында түркиялык "Байрактар" Ашхабадда өткөн аскерий парадда көрүнгөн.
Эгер Түркия Борбор Азияда өз учкучсуз аппараттарын сатуу рыногун кеңейте алса, анда бул Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге достук ниетте дешке болбогон НАТО блогунун аскерий-саясий жана аскердик-техникалык таасири күчөй турганын туюндурат. Мындан сырткары, ЖККУ аскерлеринин "ар кыл вектордогу" курал жана тактикасынын тобокелдиктери бар жана салгылаш талаасында кыйла кыйын күнгө кабылтышы ыктымал.
Каатчыл кырдаалда учкучсуз аппараттар экспорттоочу тарабынан спутник аркылуу аралыктан тескелип жана согуштук режимин өчүрүп коюу ыктымалдыгын четке кага албайбыз. Бул Казакстан Республикасынын жакынкы коңшуларын жана союздаштарын кооптондурат. ЖККУ өлкөлөрүнүн стратегиялык өз ара көз карандылыгы тарых жана география менен аныкталганы айкын. Мисалга Россия менен Казакстандын чек арасы 7 598 чакырымды түзүп, АКШ менен Канаданын (Алясканы кошо эсептегенде) чектешкен аралыгын эске албаганда, дүйнөдө эң узун деп саналат.
Казакстан Республикасы менен чек арага жакын Россия Федерациясынын 12 маанилүү өнөр жай субъектиси, транссибирдик магистралдары, стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнүн позициялык райондору жайгашкан. Россия Казакстандан "Байкоңур" космодромун жана бир катар аскер полигондорун ижаралайт. Эки өлкөнүн товар айлантуусу да былтыр 24 млрд долларга жеткени белгилүү. Ал ортодо аталган мамлекеттеги окуялар славяндык ырашкерлик сымал эле борбор азиялык боордоштук да Батыштын бутасында экенин айгинелеп койду.
Ту-160 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Канат күүлөшү эле айрымдардын түн уйкусун качырат. Ту-160М2ге мүнөздөмө

"Троя атындай" Anka-S

Бюджеттик каражаттарды НАТО өлкөлөрүнөн ар кандай вектордогу куралдарды сатып алуу жана аскердик өз ара аракеттешүүгө жумшоо күч структураларынын баарынын даярдыгын төмөндөтүп салган. Муну жыл башындагы Алматыдагы талап-тоноолор тастыктап койду.
2021-жылдын сентябрынан тарта Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги "Куралдуу күчтөрдү заманбапташтыруу" улуттук долбоорун ишке ашырууга кызуу киришкен. Анын алкагында жаңы курал-жарак сатып алынып, командалык кадрлар "көп вектордуу" даярдалып, аскердик жана аскер-техникалык кызматташтык жаатында КМШ өлкөлөрү жана алыскы чет өлкөлөр менен жаңы келишимдер түзүлмөк. Ошону менен бирге эле Казакстандын Батыш өлкөлөрүнөн логистика, технология жана саясий кайрымдуулугунан көз карандылыгы күчөгөн. ЖККУга катар НАТО менен аскердик жана аскер-техникалык кызматташтык Казакстандын коргонуу жөндөмү үчүн кооптуу карама-каршылык.
Кооптуу геосаясий кырдаалдан улам түркиялык Аскер-өндүрүштүк комплексинин Anka-S чалгындоо-сокку уруучу учкучсузу куралдуу кармаш үчүн заманга бап каражат да эмес, түндүк атлантикалык альянстын "Троя аты" сыяктуу болушу ыктымал деген түкшүмөлгө түртпөй койбойт.
Мурун да АКШ Мамлекеттик департаменти Казакстанга 128 млн долларга чалгындоо, байкоо салуу жана аныктоочу King Air B300ER Scorpion учактарынан эки бирдикти жердеги жабдуулары менен кошо сатууга макул болгон.
Америкалык курал сатуу программалары эң оболу АКШ менен НАТОнун тышкы саясий кызыкчылыктары жана улуттук коопсуздугуна шайкеш келиши шарт. Ал эми өнөктөш өлкөлөрдүн коопсуздугу алар үчүн экинчи планда. Муну түркиялык аскердик "пегастын" анчалык деле күчтүү эмес мүмкүнчүлүктөрү тастыктайт.
2004-жылы Кошмо Штаттар Түркияга Reaper жана Predator дрондорун берүүдөн баш тартат, ошондон улам туура тогуз жылдан соң – 2013-жылы аталган мамлекетте Anka-S чалгындоо-сокку уруучу учкучсуздары чыгарыла баштаган. Башында Сирия жана Ирак райондору менен чектеш жашаган өлкө ичиндеги күрт согушкерлери менен күрөшкө ылайыкталган. Жерден 200 чакырым радиуска чейинки аралыктан тескелет. Келечекте спутник аркылуу башкарылышы ыктымал, бирок аларды сатып алган Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги орбитада космостук аппараттарына ээ эмес.
Anka-S аппаратынын максималдуу учуш салмагы – 1 700 кг. "Аба – жер бети" тибиндеги эки ракетаны жана тескелүүчү 2,75 дюймдук төрт CIRIT ракета салынган контейнерди, айтор, жалпы 250 килограммдык жүктү ташый алат.
Учкучсуз аппарат 155 аттын күчүндөй кубаттуулуктагы Thielert Centurion 2.0 поршендик кыймылдаткыч (Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автомобилдик дизелдин модификациясы) менен жабдылган. Anka-S 9000 метрге чейинки бийиктикте 24 саатка чейин уча алат. 8 метрлик аппараттын канатынын керилиши 17 метрди түзөт.
Сөз кезеги келгенде КМШ өлкөлөрүнүн айрымдарында кеңири тараган (анын ичинде Кыргызстанда да) Bayraktar TB2 сокку уруучу учкучсузунун негизги мүнөздөмөлөрүнө да токтоло кетели. 150 чакырымга чейинки радиустагы аралыктан башкарылат. Максималдуу учуш салмагы – 650, ал эми пайдалуу жүк салмагы 55 килограммды түзөт.
Дрондо курал-жабдыктарды иле турган төрт түйүн бар. Аппараттын учуш жана конуш тутуму автоматтык режимде иштейт. Крейсердик ылдамдыгы – саатына 130 чакырым. 7 300 метрге чейин көтөрүлүп, абада 24 саатка дейре уча алат. Түркиялык аппараттын узундугу – 6,5 метр, канаттары 12 метрге жайылат. Акыркы үлгүдөгү түркиялык учкучсуздар аскердик жүктү анчалык көтөрө албайт, алардын аскердик багытта пайдалануу радиусу 150дөн 200 чакырымга чейин чектелет. Радарларга даана байкалып, болжолдуу душмандын абадан коргонуу тутумдарынын каражаттарына "оңой олжо" болуп берет.
Мындай дрондор жаа жана жебе менен жабдылган душманга гана олуттуу коркунучту жаратат. Мисалы, Ливия жана Сирияда россиялык өндүрүштөгү "Панцирь-С" зениттик ракета-замбиректик комплекстери 40тан ашуун түркиялык Bayraktar жана Anka учкучсуздарын атып түшүргөн. Андан сырткары, россиялык "Бук" зениттик ракеталык комплекстери 2020-жылдын жазына чейин Сирияда дагы 20 түркиялык дронду жок кылган. Россиялык сокку уруучу "Орион" аппараты үчүн да "Байрактар" жана "Анка" аппараттары атаандаш боло албайт. Болбосо прицинбинде алар "аба – аба" классындагы жана электрондук "мээге" ээлик кылган ракеталык куралдар эмеспи. Буларды эске алганда түркиялык аскер каражаттарын сатып алуу ЖККУ өлкөлөрүн көйгөйгө гана салат.
Алматы шаарындагы ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Тынчтыктын кепилдиги. ЖККУнун тынчтык орнотуучу миссиясы жөнүндө кеп

Татыктуу альтернатива

Салыштыруу үчүн орточо бийиктиктеги россиялык чалгындоо-сокку уруучу "Орион" учкучсузун мүнөздөмөлөрүнө да көз жүгүртөлү. Аталган аппарат жасалма интеллект элементтерине жана аскердик багытта пайдалануу радиусун 2 400 чакырымга чейин узарткан спутниктик байланыш блогуна ээ. Максималдуу учуш салмагы – 1 150 килограммды, аскердик жүгү – 250 кг, крейсердик ылдамдыгы – саатына 200 чакырымды түзөт. 7 000 метрге чейин көтөрүлүп, абада 24 саатка дейре кармала алат.
"Ориондун" арсеналында КАБ-20, КАБ-50 авиабомбалары менен түзөтүлүүчү, УПАБ-50 пландоочу авиабомбалары менен тескелүүчү ракеталар, булардан тышкары адистештирилген – 50дөн 100 килограммга чейинки салмактагы кеңири спектрде пайдаланыла турган курал-жарагы бар.
Уникалдуу тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү жана согуштук мүмкүнчүлүктөрү Сирияда сыналган. Дал ушул артыкчылыктары анын экспорттук дараметин кыйла арттырат.
Россия "Вихрь-М" тескелүүчү ракеталары бар акылдуу "Орион" менен жабдууга беш мамлекеттен буюртма алган. Бул багыттагы саамалыктары менен сокку уруучу учкучсуздардын дүйнөлүк рыногунун 10 пайызына чейин ээлөөгө умтулат.
Соңку үлгүлөрдөн – сокку уруучу оор "Альтиус" учкучсуз аппараты да жасалма интеллект менен жабдылган. Анын аракет радиусу – 3 500 чакырымдан ашып, бул бөтөнчөлүгү аталган дронго орточо аралыктагы ракета менен теңтайлашууга жол ачат. Жасалма интеллекти аппаратка өз алдынча чечим кабыл алып, маршруттарды түзүп, буталарды аныктап жана аларга сокку урууга мүмкүндүк берет. Бул жагынан мындай аппараттын дүйнөдө теңдеши жок.
Аппараттын максималдуу учуш салмагы – 6 тонна, ал эми пайдалуу жүгү 1 000 килограммдан ашат. Эки турбовинттик кыймылдаткыч орнотулган. Канаттары 30 метрге жайылып, көккө 14 000 метрге чейин көтөрүлүп, 48 саатка чейин уча алат.
СП-2 инерциялык навигациялык тутуму абада аппараттын аныкталышына бөгөт болуп, каршылаш тараптын радиоэлектрондук каршылыгына туруштук берүүдө кошумча кубат берет. Сокку уруучу "Альтиус" 260 чакырым аралыкка багытталган, ар бири 500 кг салмактагы X-35 кемеге каршы ракеталарынан эки бирдикти ташууга жөндөмдүү.
Булардан тышкары, Россия быйыл абада 40 саатка кармалып, 10 миң чакырымга чейинки аралыкты саатына 295 чакырым менен багындыра алчу "Сириус" оор учкучсузун чыгарганы турат. Баса, ал 12 миң метрге чейин бийиктеп, бир тонналык пайдалуу жүктү ташый алат.
Абада узун аралыктагы жана узак убакытка уча ала турган дрондордун үстөмдүгү орноп, жасалма интеллектини колдонуу учурдун тенденциясына айланууда. Анткен менен Түркиянын учкучсуз аппараттары мыкты дүйнөлүк үлгүлөрдөн бир топ артта турат. "Троя аты сыяктуу" андай аппараттардын жамааттык коопсуздук зонасында, ЖККУ машыгуулар аймагында пайдаланылышы жөнсүз. Эске салсак, 2022-жылы мындай аскердик окуулар Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда өтмөкчү.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Эпоха модулу бар БМП. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Доордун дулдулдарынын бири. "Эпоха" модулундагы россиялык техникага мүнөздөмө
Жаңылыктар түрмөгү
0