Тынчтыктын кепилдиги. ЖККУнун тынчтык орнотуучу миссиясы жөнүндө кеп

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүАлматы шаарындагы ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлери
Алматы шаарындагы ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Казакстан Республикасынын күч блогунун эбегейсиз дарамети ай башындагы террордук чабуул шартында кудуретсиз экенин көрсөттү.
Бир убакта эле эки: ЖККУ жана НАТО форматындагы аскерий кызматташтык, "Улуу Туран" демилгесине карата саясий такыбалык, Афганистан, Ирак, Сирияда тажрыйба топтогон жихадчылардын тымызын иш алып барган жергиликтүү (республикалык жана аймактык) ячейкаларын тоготпогондук мындай кырдаалга негиз жана себеп болду көрүнөт.
Уюштуруу, логистика жана нааразычылыкка чыккандардын ыкчам координациясынын даражасы чет өлкөлүк каражат кыйла көп тартылып, батыш атайын кызматтарынын катышы барбы деген түкшүмөлдөрдү жаратпай койбойт деген пикирде аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анын Казакстандагы окуялар тегерегиндеги ой толгоосу ушул материалда.
Батыш маалымат каражаттарында чөлкөмдөгү соңку окуя жөнүндөгү байма-бай жарыяланган макалалар Женевадагы коопсуздук тууралуу сүйлөшүүлөрдү утурлай Москвага кошумча кысым кылуу үчүн америкалыктардын же алардын жакынкы союздаштарынын Россиянын чек араларына жакын "экинчи майданды" жаратуу аракетине тиешеси бар экенин жоромолдоого жол берет.
Казакстанда авто үчүн газ мурда да, азыр деле литри 50–70 теңге же 0,11 – 0,16 доллардын айланасында, убактылуу эки эсе жогорулаган күндө да анчалык деле чоң көйгөй эмес эле. Турмуш деңгээли боюнча салыштыра ала турган Россияда май куюучу жайларда литри 27 рубль же 0,36 доллардын тегерегинде экенин белгилей кетели. Жергиликтүү "жихадчылардан" бөлөк кимге мындай чагымчылдыктын пайдасы бар эле?
Америкалык Breaking Defense басылмасы 7-январда "Казакстандагы көтөрүлүш Россиянын Украинага карата пландарын өзгөрүүгө кабылтат... Жаңы башаламан элемент дагы бир каатчылыкты жеңүү үчүн Россиядан Украинаны басып кирүү боюнча бардык пландардан баш тартууну талап кылышы ыктымал", — деп жазган. Балким, "нааразылык акцияларынын ыкчамдыгы жана ырайымсыздыгы" Казакстанда дүйнөдөгү урандын 40 пайыздын ашуунун казылганы, ал эми Кошмо Штаттар Казакстандын экономикасына өтө чоң акча салганына байланыштуу болуп жүрбөсүн.
"Аль-Жазира" каналы да Казакстан "Россияга каршы Украинадан тышкаркы экинчи фронт болууга тийиш эле", бирок америкалык таасирден чыгууда деп белгиледи.
Алмата шаарындагы ЖККУнун аскердик техникасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Чоочундарга орун жок: АКШ СССР кайра жанданат деп сарсанаа
Соңку жети сутка ичиндеги кейиштүү окуялар жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири жарыяланууда. Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына таянсак, дүйшөмбү күнү Алматы калаасында эки экстремисттик ячейка жок кылынган. Алардын мүчөлөрү (Казакстан жарандары жана чет өлкөлүктөр) активдүү түрдө 4–8-январдагы массалык башаламандыкка активдүү катышкан. Аларды тинтүүдө курал, граната, патрондор, диний адабият табылган. Республика аймагында ыкчам-изилдөө иш-чаралары уланууда.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун 10-январдагы жыйынында башаламандык убагында согушкерлер эки аскер кызматкеринин башын алганын маалымдады. Албетте, бул оңой эмес, согуштук аракет зоналарындагы ири тажрыйбаны жана "жихадчылардын" катарындагы психологиялык чыңалууну талап кылчу "иш".
Алматынын эл аралык аэропорту алынып, бир нече учак басып алынганы, полиция бөлүмдөрү жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетине, чек ара академиясына жана шаардык администрацияга куралдуу чабуул жасалганы да кабарланган. Мындай жаалдануунун даражасы айран таң калтырат. Даярдыксыз тынч акцияга окшошпойт. "Дасыккан революциячыларга" дурус төлөнгөндөй. Казакстанда террорчуларды тымызын даярдоо баскычын республиканын Улуттук коопсуздук комитети жана полиция "байкабай калган". Президент Токаевдин аныктамасы ушундай.
135 миңдик аскердик бөлүктөр башаламан башталган 2 же 3-январда элди коргоого алган жок. Албетте, армия – полиция эмес, бирок элдин негизги коргоочусу эмеспи. Ыкчам чара көрүү отряддары иш жүзүндө шаарды талап-тоноочуларга алдырып жиберген. Террорчулар менен күрөштү кыйла даярдыктан өткөн бөлүктөр 4-январда гана башталды. 5-январдан тарта Казакстандын бардык аймагына өзгөчө кырдаал киргизилген. "Антитеррор" операциясы 7-январда старт алган. Улуттук гвардиянын (40 миң чакты жоокер) сайты 27-декабрдан бери иштей элек. Эске салсак, "КазИнформ" гвардияны жаш, бирок аба-десанттык күчтөр же деңиз пехотасына татыктуу атаандаш деп атаган эле. Январдын башында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин 30 миң кызматкери, Президенттин кайтаруу кызматы, Ички күчтөрдүн 140 миң жоокердин диспозициялар анчалык түшүнүктүү эмес.
Казакстан Республикасынын маалыматы боюнча үч жылдык коргонуу бюджети жалпы жонунан 961 миллиард теңгени (2,55 миллиард доллар) түзгөн. Бул аскердик бөлүктөр жана күчтөрдүн керектөөсүн кыйла камсыздай алат. Армия жана башка күч түзүмдөрү үчүн офицердик кадрлар бир топ жылдан бери Россияда жана НАТО өлкөлөрүндө даярдалып келген. Аскердик билим берүүдөгү мындай система согуш талаасында ар кыл вектордук тактикага кептеп жана макулдашылбаган кадамдарга түртө турганын былтыр октябрдагы бир макаламда да белгилеген элем. Төрт түрдүү аскердик мектептерде, атап айтканда, Россия, Италия, Түркия жана Америкада тапталган казакстандык офицерлердин ыкчам өз ара аракет этүүсүн элестетүү да кыйын. "Арстан" ыкчам аракет этүү отрядынын жоокерлери америкалык Борбордук чалгындоо башкармалыгы, Федералдык иликтөө бюросу, ЯМАМ (Израиль полициясынын атайын бөлүгү), англиялык САС (атайын аба-десанттык кызматы) жана ГСГ-9да (Германиянын федералдык полициясынын атайын багыттагы бөлүгү) такшалып келишкен. Жаңырган жылдын башында айкын болгондой, Казакстандын ЖККУга катар НАТО менен көп вектордук жана аскердик жана аскерий-техникалык кызматташтыгы технологиялык концептуалдык тирештин булагы гана эмес, улуттук коопсуздуктун нагыз көйгөйү экенине күбө болдук.
Коомдук жана саясий ишмер, мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Радио
Мамытов: Казакстан эки ката кетирди, эми Сириядан үлгү алса болот
Казакстан Республикасынын калкы үчүн кудай жалгап президент Токаев оор кырдаалда бирден-бир туура чечим кабыл алып, ЖККУга жардам сурап кайрылып, мамлекеттик түзүмдөгү ашыкчаларды, анын ичинде Улуттук коопсуздук жетекчилерин да четтетти.
10-январдагы ЖККУ кеңешинин кезексиз жыйынында РФ президенти Владимир Путин буларга токтолду:
Казакстанга кол салуу агрессия актысы болуп, республикада "түстүү революциялардын" майдандык технологиялары пайдаланылды;
Казакстан өз мамлекеттүүлүгүнө коркунуч туулган абалга кабылды. Бул сырттан кийлигишүүнүн алгачкы жана акыркы аракети эмес, жагдай ЖККУнун бардык өлкөлөрүнө тиешелүү;
ЖККУ боюнча союздаштар ыкчам аракет этип, республикадагы кырдаалдын курчушуна жол берген жок;
Жамааттык коопсуздук келишимине ылайык ЖККУнун беш өлкөсүнүн тынчтык орнотуучулары Казакстандын аймагына кирип, жагдайдын жөнгө салынышына чейин гана болуп, башкача айтканда, узак убакыт жүрүшпөйт;
президент Токаев согушкерлердин мизин кайтаруу үчүн коомчулуктун жана күч түзүмдөрүнүн башын бириктире алды, абал Казакстанда турукташууда.
Айрыкча өлкөнүн түштүгүндө террордук коркунуч жогору. Алматыга жакын дале террорчулар менен атышуу уланууда, бирок аягы кандай бүтөрү айкын болуп калды. Башаламандыкка байланыштуу дээрлик 8000 киши кармалган. Ондогон согушкерлер чет элдик жарандар экени айтылууда.
Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Алматы облусунда жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн бөлүктөрү жайгаштырылган. ЖККУнун тынчтык орнотуучулары куралдуу кагылыштарга катышпайт, алардын негизги милдети стратегиялык объектилерди кайтаруу. Мисалы, россиялык десантчылар РФ 2050-жылга дейре ижарага алган Байкоңур космодромунун коопсуздугун камсыз кылышат. Беларусь Республикасынын атайын операциялар күчтөрүнүн 103-Витебск бригадасынын жоокерлери Алматыдан 40 жана 60 чакырымдык аралыктагы Капчыгайдагы курал-жарак арсеналын жана Жетиген аэродромун күзөтүшөт.
ЖККУ үчүн Казакстандагы бул каатчылык аскердик жөндөмдүүлүк жана майнаптуулуктун алгачкы толук кандуу сыналышы болду. Ыкчам чара көрүүнүн алдын ала жыйынтыктары айдан ачык.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин баамында, республика өзүнүн 30 жылдык тарыхында эң оор каатчылыкты башынан кечирди, себеби Алматынын кулашы согушкерлерге түштүктөн, андан соң бүтүндөй өлкөгө жол ачып бермек. Бирок тарых ушуну менен аяктабайт, ЖККУнун бардык мүчөлөрү Казакстандагы ишке ашпай калган "революциядан" туура тыянак чыгарууга тийиш.
Батыштагы "өнөктөштөр" тынчтык орнотуучу контингенттин иш жүзүндөгү майнаптуулугуна көз салуу менен көп нерсени түшүнүштү. Россия жана ЖККУга мүчө мамлекеттер постсоветтик мейкиндиктеги тынчтыктын башкы кепилдиги бойдон калышат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
КЭРдин тышкы иштер министри Ван И жана Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кытайдын ТИМ башчысы: Борбор Азияда согуш болуп кетишине жол бербеш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0