Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

ИИМ: Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп, айылдарда күзөттө турат

© Фото / пресс-служба МВД КРБаткен облусунун ички иштер бөлүмү УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Баткен облусунун ички иштер бөлүмү УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Ушул тапта эки кызмат биргеликте Таш-Тумшук, Ак-Сай, Дахма, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарында күзөттө турушат. Абал туруктуу.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Баткен облусунун ички иштер бөлүмү УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка караганда, министр Улан Ниязбеков түндө тажикстандык кесиптеши Рахимзода Рамазон Хамро менен сүйлөшүп, чек арадагы абалды биргелешип жөнгө салууну талкуулашкан.
Мындан тышкары, түндө саат 1.00дө Баткен облустук милициясынын жетекчиси Мурат Боронов менен Согди облусунун укук коргоо органдарынын башчысы Абдулло Навджувонов менен жолукканы айтылды.
"Учурда чек арачылар менен милиция кызматкерлери Таш-Тумшук, Ак-Сай, Дахма, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарында күзөттө турушат. Абал туруктуу", — деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы тапта Төрт-Көчө айылындагы Ош — Исфана жолу ачык.
Жерде жаткан курал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 11ге жетти. Баары аскер адамдары

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.
Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Коңшу өлкөнүн ЖМКлары жабырлануучулар тууралуу ар кандай маалымат берип жатышат. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу дагы каралган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, чек арада чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Алардын бардыгы аскер адамдары.
Бүгүн саат 8.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлдү.
Эртең менен жерине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев барды.
Ооруканада жайгаштырылган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Спорт залга төшөк салган тургундар. Баткенде эвакуациялангандардын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0