00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:30
0 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Спорт залга төшөк салган тургундар. Баткенде эвакуациялангандардын видеосу

© Sputnik / Эламан КарымшаковОоруканада жайгаштырылган жарандар. Архив
Ооруканада жайгаштырылган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Баткен милициясы кооптуу аймактардан элди алып чыгууда жана өздүк курам күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасында атышуудан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундардын видеосу тарады.
Кадрдан мектептин спорттук залына төшөк салып жайгашкан аялдарды жана балдарды көрүүгө болот.
Баткен милициясы кооптуу аймактардан элди алып чыгууда жана өздүк курам күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, Баткен районунун Орто-Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын тургундары жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуацияланууда. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Максат, Кулунду, Сада айылдарында жашагандар коопсуз жайга чыгарылууда. Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалды. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А. Имаров орто мектебине жайгаштырылды.
Эске салсак, УКМКнын Чек ара кызматы 27-январь күнү саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салганын билдирген. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен саат 19:30да жол ачылган. Бирок 19:35те абал кайра курчуп, Тажикстандын аскерлери ок атып, миномёт жана гранатомёт колдонгон.
Кыргызстандын УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонов телефон аркылуу байланышты кармоодо. Рахмонов ок атууну токтотууну суранса, Шаршеев атышууну тажик аскерлери улантып жатканын айтууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан төрт кыргызстандык аскер жаракат алган. Тажикстандан ондон ашуун аскер кызматкери жабыркаганы айтылууда.
Танк. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Чек ара кызматы: Тажикстан оор техника менен аскерлерди тартууда
Жаңылыктар түрмөгү
0