Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Чек арадагы атышуудан кыргызстандык төрт аскер жарадар болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканада жаткан бейтап. Иллюстративдик сүрөт
Ооруканада жаткан бейтап. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Жазылуу
Учурда жаракат алгандарды Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна алып бара жатышат.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан төрт кыргызстандык аскер жаракат алды. Бул туурасында өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ведомствонун Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбековдун ыкчам маалыматы боюнча, Көк-Таш айылында төрт аскер жарадар болгон. Аларды тез жардам унаалары менен Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна алып бара жатышат.
Кыргызстандык жоокерлерге атышуу маалында октун чачырандысы тийген. Жарадарлардын абалы тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилет.
Кыргызстандын УКМК төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башчылары сүйлөштү
Жаңылыктар түрмөгү
0