Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Баткендеги атышуу: чубалгылар оңдолуп, айылдарга жарык берилди

© AFP / LAKRUWAN WANNIARACHCHIЭлектр линияларын ремонт учурунда. Архив
Электр линияларын ремонт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Кечээ тажик тараптын ок атуусунан Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан Орто-Боз аба чубалгысы үзүлүп, бир нече айылда жарык өчкөн.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Баткенде электр чубалгыларынын бардыгы калыбына келтирилип, айыл тургундардын үйүнө жарык берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 27-январда, тажик тараптын ок атуусунан Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан Орто-Боз аба чубалгысы үзүлүп, бир нече айылда жарык өчкөн.
Мунун айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары жана Мазейит аймагы электр энергиясыз калган.
Электр жабдуулары "Ош электр" ишканасынын кызматкерлери тарабынан калыбына келтирилген.
Конфликт на границе Кыргызстана с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
УКМК жетекчиси Ташиев Баткендеги окуя боюнча маалымат берди
Кылмыш иш папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
ИИМ: Баткендин Көк-Ташындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0