ИИМ: Баткендин Көк-Ташындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКылмыш иш папкасы. Архив
Кылмыш иш папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Баткен милициясы Көк-Таш айылындагы окуялар боюнча Жазык кодексинин 402-беренесине ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") ылайык кылмыш ишин ачты.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Маалыматка караганда, 27-январь күнү саат 18:00дөр чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Сомониён айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде тажик жарандары курулуш иштерин жүргүзө баштаган. Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматкерлери тарабынан токтотуу талабы коюлган.
"Мындан улам тараптар ортосунда пикир келишпестик чыгып, натыйжада жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркаган. Аскер кызматкерлерине жана бир жаранга ок тийип, ооруканага жеткирилген", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факт боюнча Баткен РИИБи Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 402-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") менен кылмыш ишин каттап, тергөө башталды. Ал эми денесинен жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.
Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Коңшу өлкөнүн ЖМКлары ар кандай маалымат берип жатышат. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу дагы каралган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, чек арада чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Алардын бардыгы аскер адамдары.
Бүгүн саат 8.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлдү.
Эртең менен жерине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев барды.
Конфликт на границе Кыргызстана с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
УКМК жетекчиси Ташиев Баткендеги окуя боюнча маалымат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0