БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базалары 2022-жылы 70тен ашуун аскердик техника алат. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлиги билдирди.Техникалар боюнча кененирээк маалымат камтылган эмес.Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Карамагында чабуул жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасы Россиянын чет өлкөлөрдөгү ири аскердик объектиси. Ал эки шаарда — Душанбе жана Бохтарда жайгашкан. Анын курамына мотоаткычтар, танкалар, артиллериялык, чалгындоочу бөлүктөр, абадан коргонуу бөлүмдөрү, радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргоо жана байланыш бөлүктөрү кирет.
РФтин Коргоо министрлиги техникалардын санын гана айтып, андан башка кенен маалымат берген эмес.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базалары 2022-жылы 70тен ашуун аскердик техника алат. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлиги билдирди.
Техникалар боюнча кененирээк маалымат камтылган эмес.
Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат
Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Карамагында чабуул жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.
Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасы Россиянын чет өлкөлөрдөгү ири аскердик объектиси. Ал эки шаарда — Душанбе жана Бохтарда жайгашкан. Анын курамына мотоаткычтар, танкалар, артиллериялык, чалгындоочу бөлүктөр, абадан коргонуу бөлүмдөрү, радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргоо жана байланыш бөлүктөрү кирет.