Кыргыз бийлиги изилдөө жүргүзүп, эл эмнеге нааразы экенин билүүгө белсенди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митинг. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митинг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Жазылуу
Изилдөө иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети эл эмнеге нааразы экенин билүү үчүн Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзүүгө белсенип жатат.
Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планга киргизилген.
Изилдөө региондордогу социалдык-экономикалык кырдаал, нааразычылыктын конкреттүү себептери, келечекти көрүү, ошондой эле региондордо социалдык ишкердикти ийгиликтүү өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон багыттары жөнүндө калктын пикирин аныктоо максатында жүргүзүлөрү жазылган.
Буга Экономика жана коммерция министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жооптуу болуп дайындалган.
Аталган иш-чараларды 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Министрликтер изилдөөнүн тыянактары жана сунуштары менен аналитикалык маалыматты даярдоого тийиш.
Чуркоо учурунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Бийлик "Өзүңдөн башта" кыймылын түзүүнү пландап жатат. Эмне үчүн керек?
Мектеп автобустардын айдоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Бийлик качан окуучуларга автобус бөлүп берет. Документтеги пландар
Жаңылыктар түрмөгү
0