43 градус аязда сууга чөмүлүп, карга оонаган якутиялыктардын видеосу

Жазылуу
Быйыл Якутияда жашаган "морж-адамдар" диний майрам болгон Крещениенин урматына 43 градус суукта музду бургулап казган көлмөгө түштү. Аяздын күчү катуу болгондуктан, кишилер чөмүлүп чыккандан кийин суу үстүндө муз пайда болуп калууда.
Видеодон сууга түшкөндөн соң бир катар кишилер карга ары-бери оонап туруп кетип жаткандарын көрүүгө болот. Ал эми калың күрмө, кол кап, башына тумак кийген адамдар көлмөнү тазалап, айланасындагы карды күрөп, чатырды жылытып от жагып, "морждордун" камын көрүп жүрдү.
Чыкылдаган аязда сууга түшкөндөр "Саханын морждору" аттуу кышында сууда сүзүү боюнча түзүлгөн клубдун мүчөлөрү экендиги айтылды.
"Адатта мындай иштерге даярдык жайдан башталат. Баарын шашпай, акырындык менен жасаш керек. Албетте, суудан кийин карга да жаттым. Бул учурда ийне менен сайгылагандай сезим болот. Ал — ден соолуктун белгиси", — деген "Саха морждорунун" башчысы Николай Софронеев.
Якутияда аязда ичиркенбей сууга чөмүлгөн адамдар 20га чукул. Алардын дээрлик күн сайын мындай шыргалаң сууга түшүп турары айтылды.
Бардык эле жерлерде Орус православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү россиялыктарды Крещение маалында быйылкы эпидемиологиялык абалдан улам сууга түшүүдөн карманууга чакырган. Анткен менен 19-январда көп аймактарда күндүн суугуна карабай көлмөдөгү сууга чайынгандар болду.
Россиянын ӨКМи 13 000 куткаруучу жана 2500гө чукул атайын техникасы менен бул күнү жарандарынын коопсуздугуна көз салып турганын билдирди.
Тема боюнча:
Тили эле жок... Ит менен пилдин баласынын жылмайткан видеосу
Тагдыры белгисиз кичинекей антилопа. Жаш кабыландын эрмегине айланган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0