Дүйнөдө бриллиант алам дегендердин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБриллиант. Архив
Бриллиант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Жазылуу
Адистердин айтымында, бриллиант буюмдарга көбүнесе экономикасы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жаштары кызыгууда.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бриллиант таштуу зер буюмдарга болгон суроо-талап пандемияга чейинки көрсөткүчтөрдү ашып өтүп, рекорд жаратты. Бул тууралуу дүйнөдө алмаз өндүрүү боюнча ири компаниялардын катарына кирген "Алроса" ишканасынын маалымат кызматына шилтеме берип "Прайм" агенттиги жазды.
"Бриллиант буюмдарга суроо-талап күчөп, өткөн жылы пандемияга чейинки көрсөткүчтү басып өттү", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда Bloomberg агенттиги бриллиант зер буюмдар кымбаттаганын жазып чыкты. Мисалы, 2021-жылы сейрек кездешчү жана чоңураак таштар тагылган сөйкө-шакектер кымбаттаса, эми кичинекей таштуулардын дагы баасы көтөрүлүп кеткени айтылат.
"Бриллиант алгысы келгендер көп болгону менен аны казып алуунун көлөмү кыскарууда. Мисалы, 2019-жылы 140-150 миллион карат баалуу таш казып алынса, азыр жылына 110-120 миллион караттан ашпай жатат. Кризис учурунда чогулуп калган запастын бардыгы 2021-жылдын ортосунда сатылып бүттү. Андыктан баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүн", — деп айтылат макалада.
Адистердин айтымында, бриллиант буюмдарга көбүнесе экономикасы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жаштары кызыгууда. Тагыраагы, бул өлкөлөрдө орто чарба жашагандардын саны өсүп, муну менен катар кымбат баалуу буюмдарга тартылуу күч алууда.
Эске салсак, Кыргызстан өткөн жылдын ноябрь айында бриллиант иштетүүгө тиешелүү Кимберли процессине толук кандуу мүчө болуп кошулган. Кимберли процесси — бул алмазды мыйзамсыз жол менен казууга жана андан түшкөн каражатты диний кагылыштарды, террордук топторду каржылоого каршы туруу боюнча бирикме. 2000-жылдан бери иштеп келе жаткан уюмга 80ден ашык өлкө мүчөлүк кылат. Бул бирикмеге кошулуу Кыргызстанга алмазды ээн-эркин, мыйзамдуу түрдө импорттоого, пайдаланып, кайра экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.
Продажа золотых украшений - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Кыргызстанга зер буюмдарды ташып кирүү алты эсеге көбөйгөн
Жаңылыктар түрмөгү
0