Депутат Орозайым Нарматова дипломго байланыштуу иш боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова
Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Нарматова депутаттыкка аттанарда БШК тарабынан диплом менен резюмеси тыкыр текшерилип, "баары таза" деген чечим менен шайлоодон өткөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова мыйзамсыз окууга өткөн болушу мүмкүн деп козголгон кылмыш иши боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катты.
Эске салсак, кечээ УКМК Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызмат адамдарына Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз негизде кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ага ылайык, парламенттик шайлоо жүрүп жаткан кезде УКМКга Нарматова 2013-жылы орто кесиптик билими боюнча диплому менен Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУ) мыйзамсыз түрдө дароо үчүнчү курска тапшырганы боюнча маалымат түшкөн.
Текшерүү учурунда Нарматова ЖАМУга өтүш үчүн жасалма диплом колдонушу мүмкүн деген да божомолдор болгон. Депутат УКМКга күбө катары сурак берүүгө чакыртылган.
Өз кезегинде Орозайым Нарматова тергөө адилеттүү жүрө турганына ишеним артарын билдирген.
"Кудайга шүгүр, мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин. Эки жолу шайлоого катышып, дипломумду, резюмени баарын тапшырып, БШКдан "лупа" менен текшерилип, "баары таза, баары жакшы" деген чечим менен шайлоодон өттүк. Ушундан улам былтыр да шайлоодо "Нарматова БШКга фальсификация кылып, документ тапшырды" деген доомат менен "Бүтүн Кыргызстанды" шайлоодон алып салуу аракеттери, менин жарандыгым боюнча каралоо, аялдык ар-намысыма шек келтирген каралоо эске түшөт. Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан", — деп жазган депутат.
Нарматова эми да каралоо жана өч алуу аракеттери болуп жатканын кошумчалаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Депутат Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын тергөө абагынан чыгарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0