Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Кытайдын ТИМ башчысы: Борбор Азияда согуш болуп кетишине жол бербеш керек

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүКЭРдин тышкы иштер министри Ван И жана Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров
КЭРдин тышкы иштер министри Ван И жана Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Жазылуу
Дипломат Борбор Азия мамлекеттеринин стабилдүүлүгүнө доо кетпеши үчүн Москва менен Пекин пандемия менен күрөшүүгө жана экономиканы өнүктүрүүгө жардам бериши керектигин да белгилеген.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кытай менен Россия Борбор Азия мамлекеттеринин согуш менен башаламандыкка батып кетишине жол бербеши керек. Бул тууралуу КЭРдин тышкы иштер министри Ван И Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Кытай менен Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана Борбор Азия мамлекеттеринин достук мамиледеги коңшусу катары региондо согуш менен хаостун жаралышына жол бербеши керек", — деген Ван И.
Ал ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин ишине тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө Москва менен Пекин тоскоол болушу керектигин айтып, бул өлкөлөр менен кызматташууну тереңдетүү зарылдыгына токтолгон.
Ван И "түстүү революция" менен "жамандыктын үч күчү" (терроризм, экстремизм, сепаратизм — ред.) хаос жаратарын айтып, мындай көрүнүштөргө бөгөт коюуга чакырган.
ЖККУнун тынчтыкты орнотуучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев: эки күндөн кийин ЖККУнун аскерлери Казакстандан чыга баштайт
Министр Борбор Азия мамлекеттеринин стабилдүүлүгүнө доо кетпеши үчүн Москва менен Пекин аларга пандемия менен күрөшүүгө жана экономиканы өнүктүрүүгө жардам бериши керектигин да белгилеген.
Анын пикиринде, аймактык коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктарга тез реакция кылуу үчүн Россия менен Кытай Шанхай кызматташтык уюму менен ЖККУнун кызматташуусун бекемдеши шарт.
Лавров менен Ван И телефондон кечээ күнү сүйлөшкөн. Россия ТИМи билдиргендей, тараптар Казакстандагы абалды талкуулап, тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө тынчсызданып жатканын билдиришкен.
5-январь күнү эртең менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин өзү жетектей баштаган. Кеңештин биринчи жыйынында ал мамлекеттин бүтүндүгүн бүлдүрүү аракети болуп жатканын айтып, ЖККУдан жардам сурап кайрылган.
ЖККУ өлкөлөрүнүн желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин онлайн-саммитиндеги урунттуу учурлар
Жаңылыктар түрмөгү
0