Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарынын билими. Партиялык тизме

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин биринчи чогулушу. Архив
Жогорку Кеңештин биринчи чогулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Көпчүлүккө Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарынын билими кызык болсо керек. Кантсе да парламент мыйзам чыгара турган палата эмеспи.
Sputnik Кыргызстан агенттиги парламентке партия тизмеси менен өткөн депутаттардын кайда окуп, кайсы кесиптин ээси экенине кызыгып көрдү. Бир мандаттуу округ менен эл өкүлү болгондордун билими боюнча материал кийинчерээк жарыяланат.

"Ата-Журт — Кыргызстан" партиясы менен келген эл өкүлдөрү

Бул партияда юридикалык билимди Фархат Исмаилов, Таалайбек Сарыбашев, Эльдар Сулаймановдор алган. Жеңишбек Токторбаев алгач "инженер-механик" адистигине окуса, кийин юриспруденция факультетинде сырттан билим алган. Ал эми Бакыт Төрөбаев, Жамиля Исаева, Гүлшаркан Култаевалар кесиби боюнча экономист, бухгалтерлер. Булардын катарында Равшан Сабиров да бар. Ал Кыргыз улуттук университетинин бухгалтердик эсеп жана коммерция факультетин аяктап, кийин "бажы иши" адистиги боюнча окуган. Аталган партиядагы депутаттардан Айбек Маткеримов, Жылдыз Садырбаеванын медициналык билими бар. Биринчиси Ош шаардык перинаталдык борборунда клиникалык-ординатураны өтүп акушер-гинеколог адистигине ээ болсо, экинчиси Санкт-Петербург медициналык институтун "жалпы медицина" адистигин бүтүргөн. Алишер Козуев "чет тили жана адабияты", "экономика жана ишканаларды башкаруу", "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиктерине окуган. Жаныбек Кыдыкбаев Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетин, кийин ушул эле окуу жайда "жол коопсуздугун башкаруу" адистиги боюнча билим алган. Надира Нарматова Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөн. Ал эми Камила Талиева кесиби боюнча филолог.

"Ишеним" партиясы

"Ишеним" партиясы менен келген эл өкүлдөрүнүн көбү юридика факультетинен билим алган. Алар — Медербек Алиев, Эмилбек Жусупов, Русланбек Жакышев, Бахридин Шабазов. Юрист депутаттардын катарында Жылдыз Таалайбек кызы, Чолпон Султанбекова, Улугбек Ормоновдор дагы бар. Бирок акыркы үчөө юридикалык билимден сырткары башка да факультеттерде окуган. Алсак, Жылдыз Таалайбек кызы Дипломатиялык академиянын "эл аралык мамилелер" адистигин бүтүрсө, Чолпон Султанбекова "орус тили жана адабият", "эл аралык мамилелер" адистигин алган. Улугбек Ормоновдун физика-техникалык, экономикалык билими бар.
"Ишенимдеги" депутаттардын арасында экономикалык билими барлар да аз эмес. Маселен, Нурбек Сыдыгалиев "бухгалтердик учёт, көзөмөл жана чарбалык анализ иштери" адистигин бүтүрсө, Марат Мураталиев Фрунзе кооператив техникумунун аң-терилер факультетинен тышкары "экономика жана ишкананы башкаруу" адистиги боюнча билим алган. Миргүл Темирбаеванын үч билими бар. Алгач ал котормочулукка окуп, кийин дүйнөлүк экономика факультетин жана Дипломатиялык академияны аяктаган. Айсара Абдибаева да кесиби боюнча экономист. Сүйүнбек Өмүрзаков аттуу депутат Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын жана Беларустагы ИИМ академиясын аяктаган.
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Бак чуркайт! Партия номери менен дал келип, көп добуш алган талапкерлер эмне дейт?

"Ынтымак" партиясы

Мында да юрист, экономисттер басымдуулук кылат. Экономикалык билими барлардын катарынан Эрулан Көкүлов, Бакыт Тентишев, Марлен Маматалиевди көрүүгө болот. Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин "автоматташтыруу жана башкаруу" адистигин бүтүргөн. "Ынтымакта" юрист кесибине ээ болгон талапкерлер — Талант Мамытов, Аида Исатбек кызы, Шарапат Мажитова. Акыркы талапкер тарых факультетин да бүтүргөн. Мурадил Сыдыков инженер-энергетик болсо, Балбак Түлөбаев ветеринардык, токой чарба факультеттеринде окуп, инженер, инженер-эколог адистиктеринин ээси болгон. Кийин Башкаруу академиясында менеджмент факультетинде окуган. Лейла Лурова болсо СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

"Альянс" партиясы

Партияда көбүнүн экиден билими бар. Маселен, Алтынбек Сулайманов юрист жана экономист болсо, Чыңгыз Айдарбеков "эл аралык байланыштар" жана "юриспруденция" адистиктерин аяктаган. Азамат Исираилов ИИМ академиясын бүтүрүп, техникалык жана юридикалык билими бар. Фарходбек Алимжанов менен Нилуфар Алимжанова экономикалык факультетте окушкан. Жанар Акаев кесиби боюнча журналист, ал эми Гүлкан Молдобекова инженер.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы

Бул партияда Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиевдин алган билими бирдей. Экөө тең тарых жана юридикалык факультеттерин бүтүрүшкөн. Эмил Токтошев Архитектура жана курулуш институтун бүтүрүп, инженер, кийин "менеджмент" адистигин алган. Алишер Эрбаев Россиянын Кургактагы аскер күчтөрүнүн абадан коргонуу академиясын "радиоаппаратураларды эксплуатациялоо инженери" адистигин жана Ош мамлекеттик университетинде "юриспруденция" факультетин аяктаган. Орозайым Нарматова кесиби боюнча экономист жана журналист болсо, Гуля Кожокулова "укук таануу" адистигин алган.

"Ыйман нуру" партиясы

Бул партиядан Жогорку Кеңешке өткөн беш талапкердин билими беш башка. Алсак, Нуржигит Кадырбеков АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана масскоммуникация факультетин, кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган. Султанбай Айжигитов Рига шаарындагы Кызыл Туу граждандык авиация инженерлер институтунда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алган. Замирбек Мамасадыков Жалал-Абад коммерциялык институтунун экономика факультетин бүтүрсө, Динара Ашимова Кыргыз улуттук университетин, КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган. Ал эми Винера Раимбачаева кесиби боюнча дарыгер.
Основатель учебного центра Миракл Лайф Бактыгуль Иманбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
Жаңылыктар түрмөгү
0