Мураталиев Марат Молдонович — өмүр баяны
13:14 04.12.2017 (Жаңыртылды: 13:22 26.01.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековМураталиев Марат Молдонович
![Мураталиев Марат Молдонович Мураталиев Марат Молдонович - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1f/1060866735_0:0:3072:1728_600x0_80_0_0_c6c3a8f3ec9c2e7de95f977f49561260.jpg)
Жазылуу
Марат Мураталиев 1967-жылы 23-июнда Талас шаарында төрөлгөн.
Билими:
1989 — Фрунзе кооператив техникумун аң-терилер факультетин "даярдоочу" адистиги боюнча аяктаган;
2013 — Талас техникалык институтунда "экономика жана ишкананы башкаруу" адистиги боюнча билим алган;
Учурда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде инженер-курулушчу адистиги боюнча окуп жатат.
Эмгек жолу:
1989-1992 — Чүйдөгү даярдоочу конторада даярдоочу;
1992-2007 — Кара-Буура районунда жеке ишкер;
2007-2015 — Талас шаарындагы "Курулуш-Арсенал БМ" курулуш компаниясынын директору;
2009-2012 — Кара-Буура районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты;
2012-жылдан тарта Талас облусунун Бокс федерациясынын президенти;
2016-2017 — Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси;
2017-2020 — өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү жана Талас шаардык кеңештин депутаты болгон.