Талиева Камила Абдыразаковна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековТалиева Камила Абдыразаковна
Талиева Камила Абдыразаковна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Камила Талиева 1967-жылы 28-декабрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун "филолог" адистиги боюнча бүтүргөн. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде аспирантураны аяктаган. Филология илимдеринин кандидаты, доцент.
Эмгек жолу:
1995-1997 — Жалал-Абад мамлекеттик университетинде лаборант, улук лаборант;
2000-2002 — Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу;
2002-2003 — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинде доценттин милдетин аткаруучу;
2003-2004 — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуу иштери боюнча декандын орун басары;
2004-2006 — Жалал-Абад мамлекеттик университетинде доцент;
2005-2008 ― Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары;
2008-2009 ― Өкмөттүк аппараттын уюштуруу жана региондук мониторинг бөлүмүнүн эксперти;
2010-2012 ― Жогорку Кеңештин депутаты;
2012-2014 — КР вице-премьер-министри;
2014 ― КР маданият, маалымат жана туризм министри.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты
Жаңылыктар түрмөгү
0