Кыдыкбаев Жаныбек Султанович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКыдыкбаев Жаныбек Султанович
Кыдыкбаев Жаныбек Султанович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Жаныбек Кыдыкбаев 1985-жылы 27-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Маман айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетин бүтүргөн. Кийин ушул эле окуу жайда "жол коопсуздугун башкаруу" адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
2010-2014 ― "Г. Омуралиева" ЖЧКсында менеджер, директордун орун басары;
2014 ― Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуучу, "Транс Азия Коал Компани" ЖЧКсында сменанын башчысы;
2015 ― "Граф Инвест" ЖЧКсына техникалык директор;
2018-2019 ― курулуш тармагында жеке ишкер.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты
Жаңылыктар түрмөгү
0