Султанбекова Чолпон Аалыевна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСултанбекова Чолпон Аалыевна
Султанбекова Чолпон Аалыевна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чолпон Султанбекова 1969-жылдын 19-августунда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү.
1991-жылы Бишкек мамлекеттик институтун "орус тили жана адабият" адистиги боюнча бүтүргөн. 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги, 2007-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1991 — Жалал-Абаддагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) жетектөөчү адиси
1995-2010 — "Палван" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору
1998-2010 — "Алмаз" акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы
2000–2001 — Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк регион боюнча президенти
2003–2005 — "Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору
2004 — Азия боюнча "Алыш" белбоо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти
2005 — Эл аралык "Алыш" белбоо күрөш федерациясынын президенти, 2007-жылдан баштап бул федерациянын ардактуу президенти
октябрь, 2010 — "Республика" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
2011 — ЖКнын Жаштар саясаты, дене тарбияны өнүктүрүү жана спорт боюнча комитетинин төрайымы
2012–2013 — ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
2012 — "Республика" фракциясынын жетекчисинин орун басары
2013-2015 — Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары;
2015, октябрь, — "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты;
11.2016 — 19.04.2018 Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Наамдары, сыйлыктары жана класстык чини:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2011-жыл
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, 2013-жыл
"ФИЛА" ордени, 2012-жыл
Борбордук Азия элдеринин институтунун академиги
Бир уул, бир кыздын энеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0