Бишкек мэриясы өз ишинин кемчиликтерин атап, чечүү жолдорун да сунуштады

© Фото / Нургазы ЧыныбековБишкек мэриясы. Архивдик сүрөт
Бишкек мэриясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Жазылуу
Муниципалитеттин жетекчилиги шаар бийлигинин ишин жакшырта турган сунуштарын берди.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы өз ишинин кемчиликтерин атап, аны чечүү жолдорун да сунуштады.
Бишкектин 2021-2026-жылдарга карата экономикалык өнүктүрүү программасында шаарда 1 051 муниципалдык кызматкер иштей турганы жазылган.
Мэрия билдиргендей, шаардык кеңештин депутаттары менен шаардын жашоо-турмушуна эң керектүү документтерди жакшыртууга мүмкүн болду. Иш процесстерин санариптештирүү 62 пайызга жетти. Мындан тышкары, шаардыктар менен иштешүү үчүн тиркеме түзүлгөнү, Call-борбор жана башка профилдик тармактар автоматташтырылганы айтылды.
Мэрия топтолгон көйгөйлөрдү дагы санады:
Башкаруу системасынын анча эффективдүү эместиги, бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарынын так аныкталбаганы;
Мэриянын аппаратындагы көптөгөн маселелерди чечүүнү борборлоштуруу чечим кабыл алуу процессин кечеңдетүүдө;
Шаардын учурдагы функциясы боюнча маселелер өнүктүрүү боюнча перспективдүү маселелерди чечүүгө караганда басымдуу болуп жатат;
Кээ бир кызматкерлер менен жетекчилерге тажрыйба жетишпей жатат. Алар жаңы башкаруу инструменттери менен технологияларды колдоно албай жатышат. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандар да чыкты;
Муниципалдык башкармалыктын санариптик трансформация деңгээли, масштабы жана кызмат көрсөтүүлөрү заманбап талаптарга жооп бере элек. Шаардын көпчүлүк маалыматтык системасы ведомстволор аралык "Түндүк" системасына кошула элек. Бул өз учурунда маалымат менен алмашууда кыйынчылыктарды жаратууда;
Жергиликтүү бийликтин эл менен болгон байланышынын жетишсиздигинен улам алардын муниципалитетке болгон ишенимин төмөндөтүүдө;
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жакынкы муниципалитеттердин мамилеси толук кандуу көзөмөлгө алына элек, шаардын чеги бекитилген эмес;
Берилген сунуштар:
Бардык башкаруу системасына функционалдык анализ жүргүзүү, приоритеттүү багыттар боюнча маселелерди чечүү үчүн функциялар менен ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү;
Структуралык бөлүмдөрдүн ишин аныктаган жана бекиткен жаңы нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгып, кабыл алуу. Ачыктык жана жарандык көзөмөл жүргүзүү. Муниципалдык укуктук актыларды улуттук мыйзамдар жана ведомстволук актылар менен шайкеш келтирүү;
Узак жана кыска мөөнөттүү стратегиялык иш планынын механизмин киргизүү;
Адам ресурстары менен башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү;
"Акылдуу шаар" долбоору менен электрондук муниципалитетти өнүктүрүү үчүн тийиштүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Муниципалдык маалыматык системаны толугу менен "Түндүк" системасына кошуу;
Блокчейн, булут технологиясы, ачык маалыматтар жана санариптик кол тамга сыяктуу жаңы санариптик каражаттарды ишке киргизүү;
Бардык маалым каттар менен муниципалдык кызматтарды санариптештирүү;
Шаардыктардын жергиликтүү бийликке болгон ишенимин жана муниципалдык кызматтардын сапатына берген баасын билүү үчүн байма-бай сурамжылоо жүргүзүп туруу;
Жаңы идеяларга сынак жарыялоо.
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Мэрия Бишкекти өнүктүрүүгө канча акча керектигин эсептеп чыкты. Программа
Жаңылыктар түрмөгү
0