Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстанда абал курчуса Кыргызстандын Чек ара кызматы тиешелүү чара көрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункту. Архив
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
Чек ара кызматынын тарамдары, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан тарамдар да 30-декабрдан тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп келет.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Казакстандагы кырдаалга көз салып жана чектеш аймактарды көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
"Кырдаал курчуган учурда ИИМ, ӨКМ жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт", — деп айтылган маалыматта.
Билдирүүдө Чек ара кызматынын тарамдары, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан тарамдар да Жаңы жыл майрамына байланыштуу 2021-жылдын 30-декабрынан тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатканы кабарланган.
Бул учурда Казакстандын бир канча шаарларында эл митингге чыгып, бийликке бир нече талап коюуда.
Эске салсак, Казакстанда нааразылык митингдери 2-январь күнү башталган. Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 тенгеге (23, 9 сом) чыгып кеткенде нааразычылык күч алган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Ал эми элдин нааразылыгы күчөп, полиция кыматкерлери менен кагылышкан видеолор интернет айдыңына тараган.
Митингчилер газдын баасын 50 тенгеге (9 сом) түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу деп үч талап коюп жаткан. Бүгүн, 4-январда, Маңгыстау облусунда бийлик газга эл талап кылган бааны койгон.
Ошондой эле кадам Актөбе облусунда болгон.
5-январда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча кеңешме өткөрөрү белгилүү болду.
Телефон колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда байланыш операторлору иштеп-иштебей жатат. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0