Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстандагы митинг: 95 полиция кызматкери жабыркап, 200 жаран кармалды

© REUTERS / Pavel MikheyevКазакстандын укук коргоо органдары Алматыдагы акцияда кишини кармоо учурунда
Казакстандын укук коргоо органдары Алматыдагы акцияда кишини кармоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
Митингчилер таш, таяк, көздү ачыштыруучу газ баллон жана бөтөлкөдөгү жарылуучу заттарды колдонгону айтылат.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандын Ички иштер министрлиги 5-январга караган түнү болгон митингдер учурунда полициянын 95 кызматкери ар кандай жаракат алганын маалымдады.
Бирдирүүгө караганда, булардан тышкары полициянын 37 автоунаасы өрттөлгөн.
"Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу", "Ээнбаштык" жана "Мамлекеттик органдардын имараттарына кол салуу" беренелери боюнча 13 факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
"Жарандар чагымчылдык чакырууларга ишенип, жергиликтүү органдардын тартипти сактоо боюнча сунуштарын кабыл алышкан жок. Жыйынтыгында 200дөн ашуун киши кармалды. Митингчилердин арасында таш, таяк, көздү ачыштыруучу баллон жана бөтөлкөдөгү жарылуучу заттарды колдонгондор болгон", — дешти ИИМден.
Ал эми жай жарандардын арасында жабыркагандар боюнча расмий маалымат бериле элек.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Ошол учурда президент Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизди.
Эртең менен Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды.
Алматыдагы түнкү окуялардан кийинки абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев абалды жөнгө салуу үчүн 5 тапшырма берди. Алматыда абал кандай
Жаңылыктар түрмөгү
0