Манастын төрөлүшү: окурманды жипсиз байлаган жети факт

© Фото / Теодор ГерценТеодор Герцендин "Манастын төрөлүшү" аттуу иллюстрациясы
Теодор Герцендин Манастын төрөлүшү аттуу иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жазылуу
Мындан ары окурман журтуна, мектеп окуучуларына, дегеле Манас ааламына кызыккандарга океандай эпостун бөлүктөрүн чакан кылып жарыялап турмакчыбыз. "Манас" туурасында бул фактылар окурмандардын калың катмарына сунушталат. Алгач баяныбызды Манастын төрөлүшүнөн баштадык.
Манастын чыдамы кеткен атасы. Жакып бай бир жагы аялынын толгоосуна чыдабай, экинчи жагы менден кызганып жатпасын деп, үчүнчү жагы эркек экенин укканда эстен танбайын, чормойгон чочосун көргөндө жүрөгүм жарылып кетпесин, алыс барып турайын деп жалгыз атчан конушунан чыгып кетет.
"Кыз туулса унчукпай тим болгула, эркек болсо сүйүнчүлөп баргыла" деген сөзүн айтат көпчүлүккө угуза. Ким сүйүнчү сурап барса, ошол алсын деп кермеге кырк бышты, жети кур ат байлатып да коёт.
Ал айылдын четинен узай бергенде көп жылкынын ичинен Жоргобоз айгыр караган үйүр жолугат, ошол үйүрдөн кара жалдуу бир кула бээ толготуп жатыптыр. Бай Жакып ошол толгоосу күчөп аткан бээни адегенде алысыраактан карап туруп, өзүнчө ырымы кылат: ушул бээм аман-эсен тууса, кулуну эркек болсо, балам да эркек болсо, ошол балага энчилеп берейин, үйүр башын Жоргобоз дебей, Камбар-Атанын тукуму деп Камбарбоз дейин, үйүрүнүн ургаачыларын дайым ак түлөөмө соёюн, эркектеринин баарысын эр-азамат мингенге согуш үчүн коёюн деп ойлойт да, акырын басып көзүн жалдыратып толгоо тартып жаткан кула бээге жакын келет.
Жаны көзүнө көрүнгөн Чыйырды. Жакыптын зайыбынын толгоосу толуп, баланын түшөр күнү болсо да Чыйырды төрөй албай кыйналат. Карап аткан катындар көргөндүн баарын, уккандан баарын кылышат, Чыйырды байкуш жаткан төшөктүн үстүнө ун сээп коюшат, мартуусубу, албарстысыбы, азыткысыбы, шайтаныбы, айтор, бир нерсеси басып калбасын деп боз үйдү айланта туруп асманга ок атып, аларды "чочутат", эшиктеги коноргого шаңшытып бүркүт кондуруп коёт. Бала энчи сурап атат деп короодон мал алып келип, Чыйырдынын башынан үч айлантып, ага шыйрагын бир карматып коюп, анан сыртка алып чыгып, союп бышырып жешет. Кургатып койгон бөрүнүн карынын сууга жибитип Чыйырдынын башына кийгизет, чай катары демдеп жыландын терисин ичирет, үйдүн оң жагына мылтык илип, үлбүрөтүп шам күйгүзүшөт, анын төөнөгүчүн башка бир аялга төөнөп коёт. Боз үйдөгү түйүлгөн түйүнчөктөрдүн, түйүндөрдүн баарын чечип коюшат, үйдөн бир да буюм чыгарбай турат, байбиче катын Бакдөөлөт нан жапкан жеңчени алып "эл көчүп жатат, сен да көч" деп Чыйырдынын башына акырын үч жолу ургулап да ырымын кылат.
Боз үйдүн түндүгүн тиретип бакан орнотуп, Чыйырдыны ошол баканды карматып ыйындырат.
Памятник Манасу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2019
"Ит тууду" деп аман алып калышкан. Манастын апасы Чыйырды тууралуу 9 факты
Башкача төрөлгөн Манас же кан чеңгелдеп түшкөн ымыркай. Ошондо эле төрөлөр бала пендеден башкача экени билинет. Чыйырдынын кыйналып атканын билген Умай эне анын курсагында жаткан баланы "Ак амири, чык" деп, "айтканымды ук" деп уруп куба баштайт, анда түйүлдүк "Ыгы менен айда, ырыскым менин кайда" деп каяша кылат. Ошентип Умай-Эне "ырыскың ошол жакта" деп аны жарык дүйнөгө алып чыгат. Бала жөн чыкпай бир колуна толтура кан, экинчи колуна толтура алтын чеңгелдеп чыгат. Чекеси жерге тийгенде кара жер силкинип зилзала болуп кетет. Күркүрөгөн үнүнөн короодогу кой, матоодогу төө үркөт. Наристенин эркек экенин эшиткенде энесинин жүрөгү жарылып кете жаздап, эстен танып, эңгиреп өзүн жоготуп коёт. Ошондо төрөтүп жаткан катындар Чыйырдыны мартуу басты деп чочуп не кылар айласын таппай маң болот. Кызыл эт балага ороо-чулгоо алып келип, орой салайын деген Канымжандын баланын колу-бутуна алы жетсе кана? Чоң баладай тебинип, колун тартып, Канымжандын айласын алты кылат. Бул балаңар кандай неме деп Бакдөөлөт колуна ала койсо салмагы он бештеги баладай оор экен, таштап ийе жаздайт.
Энесинин эсин оодарып эмген Манас. Киндигин кесер менен баланы сары майга оозантар салтын эстеп катындар анын эриндерине сары май алып барса, бир карын майды бир сугунуп, экинчисинде экинчи карындын, үчүнчүсүндө үчүнчү карындын сары майын түгөтүп туруп калат жанагы жарык дүйнөгө жаңы эле чыккан кызыл эт бала. Бала тойбой калды го деп энеси эмчегин салса, бир соргондо сүт чыгат, экинчи бир соргондо суу чыгат, үчүнчү соргондо кара кочкул кан чыгат, ичтен чыккан "ийри жыланынын" эмчек соргонуна чыдабай Чыйырдынын жаны алкымына тыгылып, миң тамыры сыздап өлүп кете жаздайт. Катындар баланын куймулчагын караса карарган кара так турат, муну "Умай-Энеси уруп кеткен турбайбы, буйруса Ыйык Энеси өзү карап жүргүдөй" деп жакшылыкка жорушат.
© Фото / Теодор ГерценМанастын жарык дүйнөгө келиши бай Жакып менен Чыйырды үчүн эле эмес, атпай кыргыз журту үчүн чоң кубаныч болду.
Иллюстрация к эпосу ″Манас″: ″Встреча гостей″ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Манастын жарык дүйнөгө келиши бай Жакып менен Чыйырды үчүн эле эмес, атпай кыргыз журту үчүн чоң кубаныч болду.
Белгисиз думана, ок менен оозанган наристе. Ошол кезде айылма-айыл, тоомо-тоо, сайма-сай кыдырып жүргөн аса таяк кармаган, ак күлөлүү думана жүргөн болот. Аны эч ким дале элес алып карабайт. Караганда эмне – бир жер кезер кул пенде да. Ал мусапыр айтат, айтардын алдынан койнунан коргошун ок чыгарып, баланы ушул ок менен оозанткыла, аны жалап-жалап алган соң катып коюп, кийим кийгенге жараган кезде кийиминин жакасына түшкүс кылып тагып койгула дейт. Ушундай дейт да, жакшылап сурашканча, кандай-кандай кылуу керектигин абдан тактаганча сен көр-мен көр жок болот жанагы адам. Же жер жутканын билбей, же асманга учуп кеткенин билбей тургандар окту кармап нес болот. Думананын аманатын аткарып баланын илептерине окту алып барганда наристе тим эле аны шимирип-шимирип тамшанып туруп калат. Кайра оозуна жолотпой окту алып кетет күйпөлөктөп жүргөн аялдар кийин кийиминин жакасына тагабыз деп.
Жентекке союлган сегиз бээ, бай Жакыпты издеген айылдаштары. Жакып келгенге чийин эл баланын ыңаалап үнү угулары менен аялдарга жентек бериле баштайт. Жентекке деп сегиз бээ, көп мал союлат. Атасынан сүйүнчү алууга, баланын кабарын айтууга Жакыпты издеп эркек аттуунун баары ой-тоону кыдырып ат чаап кетет. "Эркек таналар бай Жакыптан сүйүнчү алууга кетти, сен эле калдың" деп Сулайка күйөөсү Акбалтанын мазасын ала бергенден ыңгыранып, Көкчолок атын токунуп ал да жөнөйт Жакып тууганынын жүргөн жерлерин болжолдоп...
© Фото / Теодор ГерценЖакып Манастын төрөлүшүнө арнап чоң той берүүгө камынат
Иллюстрация к эпосу ″Манас″: ″Той″ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жакып Манастын төрөлүшүнө арнап чоң той берүүгө камынат
Эсин жоготкон Жакып жана тойго камылга. Акбалта Жакыпты таап, уулдуу болгонун сүйүнчүлөсө толкунданган бай эсин жоготуп жыгылат. Аны эптеп эсине келтирген тууганы Акбалта бала туурасында баяндайт. Баркыраган добушу тай чабым жерге угулганын, аны угуп опкоолжуп келип жүрөгү оозуна тыгылгандыгын айтат. Жакып сүйүнчүгө деп бир баштык алтын карматып, малдан тогуздап берет. Алар үйгө кайтканда жолунан сүйүнчүлүп чыккан кырк атчанга минип турган көлүгүн башы менен карматат. Үйүнө келип, уулун колуна алып, кубанып, ыйлап, кучакта бала туйлап турат дейт. Жакып наристенин баатырдык борумуна суктанып, "кеткенден алар кегимди, кек алганын көрөрмүн, кетирбесе эбимди. Өткөндөн алар өчүмдү, өч алганын көрөрмүн, өлтүрбөсө өзүмдү" дейт да, уулуна той берүүгө камынат.
Каынбек Иманалиевдин Сагынбай чыгармасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2017
Манасчы Сагынбай Орозбаков жөнүндө кызыктуу 15 факты. Көөдөнгө баткан 180 миң сап
Атчан жигиттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2019
Манастын 40 чоросу жөнүндө фактылар. Алар кимдер, максаты, орду жана озуйпасы
Жаңылыктар түрмөгү
0