Эгемендүүлүк декларациясы кабыл алынгандан кийинки турмуш. Сүрөттөр

Жазылуу
Мындан 31 жыл мурун көз карандысыздыкка талпынган республика "Мамлекеттин суверендүүлүгү жөнүндө" декларациясын кабыл алган. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ошол тарыхый учурдагы ирмемдерди сунуштайт.
Кыргызстандын жаңы тарыхый барактары 1990-жылы жазыла баштаган. Ал жылы СССРдин курамына кирген республикалар биринин артынан бири өз алдынча болуу ниетин билдирип чыгып, Москвада абал туруксуз эле.
Ошол жылы Аскар Акаев Кыргызстандын туңгуч президенти болуп шайланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаттары эгемен өлкөнү мыйзам талаасында кармап турган. Алар кийин элдин эсинде "легендарлуу парламент" катары калды. Кыргыз Республикасынын аталышы алгач "Кыргызстан Республикасы" делип, кийинки жылы Фрунзе шаары Бишкек деп өзгөртүлгөн. Ошолдой эле 1991-жылы жайында Жогорку Советтин президиуму жаңы гимн, герб, желекти иштеп чыгууга сынак жарыялаган.
Ошол учурдагы өлкөдө болгон саясий окуяларды кеңири Sputnik даярдаган материалдан окусаңыз болот.
© Sputnik / Александр Федоров

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев жана "легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкулов

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев жана "легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкулов - Sputnik Кыргызстан
1/10

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев жана "легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкулов

© Sputnik / Александр Федоров

350 депутаттан турган легендарлуу парламент. Алар Акаевди президент кылып шайлап, бир топ мыйзамдарды кабыл алган.

350 депутаттан турган легендарлуу парламент. Алар Акаевди президент кылып шайлап, бир топ мыйзамдарды кабыл алган. - Sputnik Кыргызстан
2/10

350 депутаттан турган легендарлуу парламент. Алар Акаевди президент кылып шайлап, бир топ мыйзамдарды кабыл алган.

© Фото / предоставлено Марией Исановой

Эгемен Кыргызстандын башында тургандар: Насирдин Исанов, Аскар Акаев жана Медеткан Шеримкулов

Эгемен Кыргызстандын башында тургандар: Насирдин Исанов, Аскар Акаев жана Медеткан Шеримкулов - Sputnik Кыргызстан
3/10

Эгемен Кыргызстандын башында тургандар: Насирдин Исанов, Аскар Акаев жана Медеткан Шеримкулов

© Sputnik / Мамадалиев

1990-жылы адам өмүрүн алган Ош окуясы болуп, Бишкекте анын курмандыктары эскерилген

1990-жылы адам өмүрүн алган Ош окуясы болуп, Бишкекте анын курмандыктары эскерилген - Sputnik Кыргызстан
4/10

1990-жылы адам өмүрүн алган Ош окуясы болуп, Бишкекте анын курмандыктары эскерилген

© предоставлено Марией Исановой

Респрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн сөөгүн Ата-Бейитке кайра көмүү учуру. 1991-жыл

Респрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн сөөгүн Ата-Бейитке кайра көмүү учуру. 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/10

Респрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн сөөгүн Ата-Бейитке кайра көмүү учуру. 1991-жыл

© Sputnik / Сергей Субботин

СССРдин президенти Михаил Горбачев, президент Аскар Акаев, СССРдин Жогорку Советинин төрагасы Борис Ельцин. Москва, 1990-жыл.

СССРдин президенти Михаил Горбачев, президент Аскар Акаев, СССРдин Жогорку Советинин төрагасы Борис Ельцин. Москва, 1990-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/10

СССРдин президенти Михаил Горбачев, президент Аскар Акаев, СССРдин Жогорку Советинин төрагасы Борис Ельцин. Москва, 1990-жыл.

© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу. Аскар Акаев, Сапармурат Ниязов жана Нурсултан Назарбаев. Ашхабад шаары, 1991-жыл.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу. Аскар Акаев, Сапармурат Ниязов жана Нурсултан Назарбаев. Ашхабад шаары, 1991-жыл. - Sputnik Кыргызстан
7/10

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу. Аскар Акаев, Сапармурат Ниязов жана Нурсултан Назарбаев. Ашхабад шаары, 1991-жыл.

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү

Кыргызстандын улуттук валютасы. Анда бир сом 200 рубль турган.

Кыргызстандын улуттук валютасы. Анда бир сом 200 рубль турган. - Sputnik Кыргызстан
8/10

Кыргызстандын улуттук валютасы. Анда бир сом 200 рубль турган.

© Sputnik / Александр Федоров

Коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, президент Аскар Акаев жана спикер Медеткан Шеримкулов. Алматы шаары, 1991-жыл.

Коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, президент Аскар Акаев жана спикер Медеткан Шеримкулов. Алматы шаары, 1991-жыл. - Sputnik Кыргызстан
9/10

Коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, президент Аскар Акаев жана спикер Медеткан Шеримкулов. Алматы шаары, 1991-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

Көз карандысыз мамлекеттин борбордук "Ала-Тоо" аянтында көтөрүлө турчу желеги

Көз карандысыз мамлекеттин борбордук "Ала-Тоо" аянтында көтөрүлө турчу желеги - Sputnik Кыргызстан
10/10

Көз карандысыз мамлекеттин борбордук "Ала-Тоо" аянтында көтөрүлө турчу желеги

Жаңылыктар түрмөгү
0